Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:06

Украина Астраханда Ирандан жүк тарткан танкерге сокку урганын билдирди


 Оля порту
Оля порту

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 14-августта Орусиянын Астрахань облусундагы Оля портуна сокку урганын билдирди.

Киевдин маалыматына караганда, бул портту Орусия Ирандан аскердик жүк ташуу үчүн пайдаланат.

Украин тарап бутага Ирандан "Шахед" дрондору үчүн жабдыктарды жана ок-дары тартып келген "Порт Оля-4" кемеси алынганын маалымдады. Соккунун натыйжасы такталууда.

Украиналык Телеграм-каналдар талкаланды деген кеменин сүрөттөрүн жарыялашты. Анда кеме жарым-жартылай чөгүп тургандай көрүнөт.

Астрахандын губернатору Игорь Бабушкин Оля портуна дрон чабуулу болгонун ырастады. Бардык дрондор атып түшүрүлүп, же жок кылынганын, портто учкучсуз учактын калдыгынан кемеге зыян келтирилгенин айтты.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG