Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Чек арадагы окуя эки тараптуу иликтенет

Кыргыз-тажик чек арасы. Ак-Сай айылы, Баткен. 15-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. Ак-Сай айылы, Баткен. 15-март, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик расмийлеринин чек боюнча сүйлөшүүсү уланып жатат.

Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен бүгүн өткөн жолугушууда алгач элди тынчтандырып алып, андан кийин гана жол, чек ара маселелерин талкуулоо зарыл экенин айтты.

Разаков 14-марттан бери Баткендин Ак-Сай айылында Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу экенин белгиледи.

"Тажик тарап айткан маалымат боюнча, буларда каза болгондор да бар экен. Биз «Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги катышкан биргелешкен тергөө топторун түзөлү»​ деп сунуш кылдык. Тергеп, жыйынтыгын жетекчиликке билдиришине тапшырма бердик. Алар чогуу жумушту башташты", - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Разаков менен Иброхимдин сүйлөшүүлөрү Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде өтүп жатат.

Өкмөт кабарлагандай, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобус менен Баткен шаарына жеткирилди.

Тургундар №57 кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Аларга Баткен районунда жана Баткен шаарында жашагандар да үйлөрүнөн баш паанек беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Баткен шаардык жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Зайырбек Шакировдун айтымында, кеминде 450дөй адам алынып келген.

Ал ырастагандай, тургундардын бир топ бөлүгүн Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган алардын туугандары өз үйлөрүнө алып кетишти.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев 13-мартта жабылган жолдор ачыла электигин айтты:

"Учурда кырдаал бир аз жакшыраак деп айтсак болот, бирок Кыргызстан тараптан да, Тажикстан тараптан да жол жабык болуп турат. Эки тараптын жарандары азыркы учурда өз айылдарында турушат. Акыркы чыр-чатак кечээ саат 16:00дө болгон. Андан бери түн тынч өттү. Учурда ал жакта вице-премьер-министр Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Ички иштер министрлигинин тобу иштеп жатышат".

Кечээ, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулаган.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. 13-14-марттагы чатактардан улам ок тийип, жарадар болгон үч кыргызстандык Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, биринчи күнү түшкөн жабырлануучу дагы эле жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экинчисинин бутуна, үчүнчүсүнүн далысына ок тийген. Алар травматология бөлүмүндө дарыланууда.

14-мартта бутуна ок тийген адам милиция кызматкери экенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова ырастаган. Ал ок тажик тараптан атылганын кабарлаган.

15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттар тобу кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен таанышуу үчүн Баткен облусуна барышты.

Төрага Дастанбек Жумабеков сапарга чыккан депутаттар менен сүйлөшүп, эзелтен эриш-аркак, достук мамиледе жашаган эки коңшу мамлекеттин ынтымагы маанилүү экенин билдирип, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарыл экенин белгиледи.

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Жогорку Кеңештен чек араны тез убакытта тикен зым менен тосуп, демаркация иштерин жүргүзүүнү талап кылышты.

Баткенге барган депутаттар эл менен жолукту.
Баткенге барган депутаттар эл менен жолукту.

Мындай талабын алар бүгүн 15-мартта Ак-Сайдагы кырдаал менен таанышуу үчүн барган депутаттар Төрөбай Зулпукаровго, Таабалды Тиллаевге, Карамат Орозовага, Курманкул Зулушевге жана Айнуру Алтыбаевага айтышты.

Депутаттар айылдагы кырдаал менен жеринен таанышып, облустагы ооруканада 13-14-мартта алган жараатынан дарыланып жаткандардын абалын сурашты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ойлорун айтты.

Экс-депутаттын тарапташтары саясатчынын социалдык баракчасына койгон видеодо Камчыбек Ташиев жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

«Жакшылык менен ушул маселени чечишибиз керек. Бирок ошол эле мезгилде оор болсо дагы, кыйын болсо дагы сабырдуулук кылып турушубуз керек. Жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырам. Эгер мамлекеттин ичиндеги маселе болгондо, мен башкача айтат элем», - деди ал.

Камчыбек Ташиев 14-мартта «Фейсбуктагы» баракчасында «бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече албайт» деп билдирүү жасаган. Сөзүн «Азаттыкка» ырастаган саясатчы өзү Баткендеги жаңжал чыккан аймакка жөнөгөнүн кабарлаган.

Баткен: жабылган жол ачыла элек

Чек арага жакын жердеги үйдүн терезеси. Ушул үйдүн жанында милиция кызматкери жарадар болгон. Ак-Сай, Баткен. (Сүрөт Адилет Абдырасул уулу Kloop.kg сайтыныкы.)  
1/19 Чек арага жакын жердеги үйдүн терезеси. Ушул үйдүн жанында милиция кызматкери жарадар болгон. Ак-Сай, Баткен. (Сүрөт Адилет Абдырасул уулу Kloop.kg сайтыныкы.)  
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Кыргыз жана тажик чек арачылары бейтарап зонада саат сайын жолугуп, кырдаалды талкуулап жатышат. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
2/19 Кыргыз жана тажик чек арачылары бейтарап зонада саат сайын жолугуп, кырдаалды талкуулап жатышат. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Кыргыз-тажик чек арасы. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
3/19 Кыргыз-тажик чек арасы. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Аксайлык аялдар. 
4/19 Аксайлык аялдар. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Кыргызстандык чек арачылар. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
5/19 Кыргызстандык чек арачылар. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Кыргыз чек арачылары. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
6/19 Кыргыз чек арачылары. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Кыргыз чек арачылары. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
7/19 Кыргыз чек арачылары. (сүрөт Мамлекеттик чек ара кызматына таандык)
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Чыр чыккан аймакка Жогорку Кеңештин депутаттары барды. Сүрөттө: Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Карамат Орозова. 
8/19 Чыр чыккан аймакка Жогорку Кеңештин депутаттары барды. Сүрөттө: Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Карамат Орозова. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Учурда жаңжал чыккан аймакта абал тынч, топтолгон эл жок жана жабылган жолдор ачыла элек.
9/19 13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Учурда жаңжал чыккан аймакта абал тынч, топтолгон эл жок жана жабылган жолдор ачыла элек.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Учурда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү уланууда.&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/29822617.html" target="_blank">&nbsp;</a>
10/19 Учурда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү уланууда.  
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Кездешүү Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде өтүп жатат.
11/19 Кездешүү Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде өтүп жатат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
​Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды.
12/19 ​Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Чек арада болгон жаңжалда кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жараат алганы кабарланды.
13/19 Чек арада болгон жаңжалда кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жараат алганы кабарланды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Өткөн алты жылда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонууга чейин жеткен ондон ашуун чек ара чатагы чыккан. Анын баары Ворух тажик анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу.
14/19 Өткөн алты жылда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонууга чейин жеткен ондон ашуун чек ара чатагы чыккан. Анын баары Ворух тажик анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Жаңы чек ара чатагы да буга чейин токтоп калган Көк-Таш - Ак-Cай - Тамдык жолун курууну калыбына келтирүү боюнча кыргыз тараптын аракетинен улам чыкканы белгиленди.
15/19 Жаңы чек ара чатагы да буга чейин токтоп калган Көк-Таш - Ак-Cай - Тамдык жолун курууну калыбына келтирүү боюнча кыргыз тараптын аракетинен улам чыкканы белгиленди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
14-мартта Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө &quot;Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык&quot; жолунун курулушу өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимди бузуу менен башталган&quot; деп айтылат.
16/19 14-мартта Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө "Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык" жолунун курулушу өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимди бузуу менен башталган" деп айтылат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Баткендеги лицейде башпааналап жаткан аксайлык аял.
17/19 Баткендеги лицейде башпааналап жаткан аксайлык аял.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
Депутаттарга жолугууга келген эл.&nbsp;
18/19 Депутаттарга жолугууга келген эл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​
19/19

Артка
Алдыга

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.

Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан. 14-мартта эртең менен абал туруктуу кармалып, түштөн кийин кайрадан ок атуунун үнү угулган.

Ошондон улам дагы бир нече адам жабыр тарткан. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына таянуу менен жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлоодо.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG