Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Текебаевдин сотуна Маевскийдин келиши арсар


Орусиялык ишкер Леонид Маевский.
Орусиялык ишкер Леонид Маевский.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланат. Жараянга мамлекеттик айыптоо тараптын башкы күбөлөрүнүн бири, орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин келиши күмөн экенин Текебаевдин адвокаттары билдиришти.

Өткөн аптадагы териштирүүлөрдө күбө катары орус жарандары Леонид Маевский, Алексей Модин жана парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов, “Нур Телеком” ишканасынын мурдагы юристи Руслан Оңолбеков көрсөтмө беришкен. Депутаттын үстүнөн арыз жазды деген башкы күбө Леонид Маевский 29-июнда үч саатка жакын убакыт суралган.

Адвокаттар жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу ага берилчү көп суроо берилбей калганын айтышып, Маевскийдин 4-июлдагы отурумга келишин камсыздап берүүнү соттон өтүнүшкөн. Бирок ал сотто келерки жараянга келе албай турганын айткан. Сот аны бүгүнкү отурумга чакырганбы, же жокпу, азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Алексей Модин менен Леонид Маевскийдин маркум Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу Өмүрбек Текебаевге 1 млн доллар берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш ишин козгоп, депутатты камакка алган. Бул иш боюнча мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалып, азыр эки кыргыз саясатчы тең УКМКнын тергөө абагында отурат. Айыпталуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн актыгын билдиришүүдө. Ал эми Башкы прокуратура аларга каршы козголгон иш “тиешелүү далилдерге” негизделген деп белгилеп келет. (NT)

XS
SM
MD
LG