Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Текебаев-Чотонов соту: жаңы жагдайлар


“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жана партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун сотунун кезектеги отурумунда күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланды.

Бул ирет сот айыпталып жаткан депутаттын жардамчысын сурады. Отурумда Текебаевдин адвокаттары прокуратура атайылап айрым күбөлөрдү сотко чакырбай жатканын айтып тынчсыздануусун билдирди.

Сапарбаев: Текебаевдин жанында болчумун

Сот залына күбө катары чакырылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жоомарт Сапарбаев 2010-жылы апрель революциясынан кийин Өмүрбек Текебаевдин жардамчысы болгон.

Сапарбаев ушул милдетине байланыштуу саясатчыны дайыма коштоп жүргөнүн белгилеп, 2010-жылдын 13-майында, андан кийин жана мурун Текебаев орус ишкерлери менен жолукпаганын билдирди:

Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев

- 2010-жылдын 13-майында Роза Исаковна (Отунбаева - ред.) шашылыш жыйын өткөргөн. Бул күнү Жалал-Абадда абал курчуп тургандыктан жыйын ушул маселеге арналган. Андан кийин биз эл аралык уюмдардын катышуусунда “Хаят” мейманканасындагы тегерек столго барганбыз. Кечке жуук Конституциялык кеңештин жыйыны болгон. Ал жакта Өмүрбек Чиркешович (Текебаев - ред.) төрага болгондуктан милдеттүү түрдө катышкан. Биздин иш күн эртең менен башталып, кечки саат тогуз, көпчүлүк учурда түнкү 12ге чейин уланчу. Ошол сааттарда мен дайыма жанында болдум.

Жактоочулар менен прокурорлор орус ишкери Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнө байланыштуу суроолорду көп беришти. Маевский жети жыл мурун 13-май күнү Бишкекте Өмүрбек Текебаев менен таанышып, “Мегакомдун” акцияларын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөм деп 29-июнда сотко көрсөтмө берип кеткен:

- Текебаев менен жумуш бөлмөсүндө алгачкы жолу жолуккам. Ал ошол күнү “Хаят” мейманканасынан келгенин, ал жакта Конституция боюнча бир жыйындан келгенин айтып, иш бөлмөдө бир сааттан ашык сүйлөшүп отурдук. Андан соң ошол эле күнү кечке жуук Бишкектин четиндеги “Супара” ресторанында сүйлөшүүнү уланттык. Ал жакта мени менен Модин бар болчу, Текебаевдин жанында Чотонов болгон. Баш-аягы жети адам “Супарада” "Мегакомду" сатып алуу боюнча сүйлөшкөнбүз.

Текебаев жардамчысына кандай буйрук берген?

Анткен менен дайыма Өмүрбек Текебаевдин жанында болгом деп билдирген Жоомарт Сапарбаев Маевскийдин мындай көрсөтмөсүн төгүндөп, Маевскийди биринчи жолу быйыл февралда интернет аркылуу көрсөтмө берип жатканда гана көргөнүн айтты:

- Протокол үчүн так айта кетсем, 2010-жылы мен жардамчы болуп турганда Өмүрбек Чиркешовичтен мага так кесе буйрук берилген. Ал иш бөлмөгө Конституция маселеси боюнча келген кишилерди гана киргизүүнү талап кылган. Биз автоматтык түрдө бизнес план жана башка маселе менен келген адамдарды кабыл алчу эмеспиз. Текебаевге жолугушууга келген ар бир адам мен аркылуу жолукчу. Менин эс-тутумум жакшы. Модин да, Маевский да иш бөлмөгө келсе таанып калмакмын. Бирок мен аларды Текебаевдин жардамчысы болуп иштеп жүргөндө бир да жолу көргөн эмесмин.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

​Бул күнкү сот отурумунда прокурорлор айыпталуучу тараптан Сапарбаевден башка чакырчу күбөлөр жок экенин билдиришти. Ошол эле учурда Текебаевдин жактоочулары мамлекеттик айыптоо өзүнө ылайыксыз күбөлөрдү сот жараянына атайылап чакырбай жатат деп нааразы.

Адвокат Чынара Жакупбекова төмөнкүдөй күмөн саноосун билдирди.

- Тергөө учурунда бир катар адамдар суралган. Бирок кээ бирлери Текебаевге каршы көрсөтмө берген эмес. Ошондой алты адамды прокуратура күбөлөр тизмесинен алып салып, сотко чакырбай койду. Биз сотко арыз менен кайрылып, ал адамдардын келишин талап кылдык. Эми келишин күтүп жатабыз.

Күбөлөрдүн үчтөн бири сурала элек

6-июлдагы сотко Жоомарт Сапарбаевден башка күбөлөр келген жок. Судья Айбек Эрнис уулу тергөөдө суралган күбөлөрдү чакырууга макул болгону менен түштөн кийин күткөн адамдар келген жок. Мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Бейшекеев талап кылынган күбөлөргө чакыруу жөнөтүлгөнүн айтып, алар белгисиз себептер менен сотко келбегенин айтты.

Отунбаева Текебаевдин сотуна күбө катары келди

Отунбаева Текебаевдин сотуна күбө катары келди

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары тарабынан күбө катары чакырылган.

Ушундан улам сот жараяны кийинки жумага калды. Алдыда болчу процесске “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов жана Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаковдун да күбө катары келери күтүлүп жатат.

Текебаевдин дагы бир адвокаты Канат Хасанов "Азаттыкка" билдиргендей, иш боюнча сотко күбө катары келчү дагы элүүгө чукул адам бар. Алардын ичинде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева баштаган көпчүлүк мүчөлөрү, парламент депутаттары жана башка адамдар сотто көрсөтмө берүүгө макулдугун беришкен. Бул өтүнүчтү сот жараянына төрагалык кылуучу колдоого алып, күбөлөргө чек койгон эмес.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу көзү тирүүсүндө 1 миллион доллар берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атаса, Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин белгилеп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG