Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Абактагы саясатчылар ачкачылык жарыялашты


Камактагы саясатчыларды коргоо акциясы. 2017-жыл
Камактагы саясатчыларды коргоо акциясы. 2017-жыл

Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков ачкачылык жарыялагандан улам ден соолугу начарлап, УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулду.

Ушундан улам оппозициядагы саясатчылардын 31-январга белгиленген соту болбой, башка күнгө жылды. Буга чейин камактагы оппозициячылар өз укугу одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтып, ачкачылык жарыялашкан.

Камактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков ачкачылык жарыялаганына байланыштуу ал экөөнүн ден соолугу начарлап кеткени 31-январда маалым болду.

Ишти жабык караган судья камактагы Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков "ачкачылыктан кийин ден соолугу начарлап №47 колонияга которулду" деп айтканын “Азаттык” радиосуна адвокаттардын бири Нина Зотова кабарлады.

Ал эми Кадыров менен Асановдун адвокаты Данияр Мамановдун айтымында, соттолуучулар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, ачкачылык жарыялашууда:

- Алар "азыркы каралып жатканы иш - түздөн-түз саясий куугунтук, анын башында УКМКнын жетекчиси турат" деп айтып жатышат. Ошондуктан Бектур Асанов 30-январда "кургак ачкачылык" баштаган, 31-январда ага Эрнест Карыбеков кошулду. Эгерде алардын кайрылуусуна тийиштүү жооп болбосо, 1-февралда Кубаныч Кадыров да ачкачылыкка кошулат.

Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду жана Кубанычбек Кадыровду бошотууну талап кылган митинг. 2017-жыл.
Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду жана Кубанычбек Кадыровду бошотууну талап кылган митинг. 2017-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн №47 абакка Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков которулганын ырастап, ал экөө мындан ары дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирди.

- Ачкачылык токтогондон кийин алар кайра УКМКнын тергөө абагына которулат. Ага чейин дарыгерлер карап турушу керек. Азырынча Кубанычбек Кадыров тууралуу айта албайбыз, ал эми Асанов менен Карыбеков бүгүн № 47 колонияга которулду, - деди ЖАМКтын өкүлү Александр Никсдорф.

№47 абакта соттолгондордун ден соолугуна кам көрө турган​ борборлоштурулган оорукана бар.

Камактагылардын кайрылуусу

Камактагы үч саясатчы парламент депутаттарына жана коомчулукка жиберген кайрылуусунда алар эч далилсиз соттолуп жатканын, бийликтин саясий туткунуна айланганын жазышкан.

Бектур Асановдун жубайы Алтын Кадырова акыркы ирет жолдошу менен жаңы жылдын алдында жолукканын “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал УКМК кездешүүгө уруксат бербей жатканына нааразы. Жолдошунун ачкачылык кармап жатканына кейиген Кадырова быйыл ноябрь айында Бектур Асанов операциядан чыкканын эске салды:

- Ага негизи ачкачылык кармаганга болбойт, бирок жаны ачыганынан ушуга барып жатса керек. Мыйзам боюнча эки жумада бир жолу жакындары менен жолугушууга уруксат берилиши керек. Бирок бизге эмне үчүн кездештирбей жатканын түшүндүрбөй жатышат. Иштин бардыгын УКМК жалган жалаа менен баштап, азыркыга чейин улантып келе жатат.

Анткен менен бул кылмыш ишин козгогон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет сөз болуп жаткан саясатчылар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярданганы тергөөдө далилденген деп эсептейт. Бул аудио-видео далилдерден тышкары мамлекеттик сыр катары ачыкка чыкпай турган кошумча фактылар бар экени айтылган. "Мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыпталган эксперт Эрнест Карыбековду "чет элдик чалгын кызматы менен байланышкан" деген маанидеги тасма улуттук телеканалдан көрсөтүлгөн жайы бар.

Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Токон Мамытов УКМК далилдердин негизинде гана иш жүргүзүп келе жатканын айтты:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Негизинен бир сөз менен айтканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жалган жалаа менен ишти бурмалап сотко алып бара албайт. Себеби сот, прокурорлор тергөөнүн жүрүшүн талдап, карап турушат. Андыктан соттолуучу тараптын айткандарына көп ишене бербейм.

Камактагы оппозициялык саясатчылардын соту жабык өтүүдө. Камактагы Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров менен Эрнест Карыбековдон тышкары коомдук ишмер Дастан Сарыгулов да айыпталуучу катары көрсөтмө берип келе жатат. Сарыгулов өзү үй камагында болгондуктан сот ага иш боюнча кандайдыр расмий билдирүү таратууга тыюу салган.

Укук коргоочу Акин Токталиев күч кызматкерлеринин тергөөдө кетирген каталары коомчулукка жарыяланбашы үчүн оппозициячы саясатчылардын иши жабык өтүп келатканына токтолду.

- УКМК башынан эле бул иш ачыкка чыгып кетпесин деп көзөмөлдөп келет. Соттун баары көз каранды болуп калбадыбы. Иш өтө эле саясатташып кетти. Негизинен бул жерде далилдерди талдай келгенде саясатчыларды камакка ала турган бир да жагдай жок.

Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.

2016-жылдын март айында Коомдук биринчи канал "оппозициянын айрым өкүлдөрүнүн жашыруун сүйлөшүүсү" деген видео сюжетти көрсөткөн. Анда оппозициянын өкүлү Эрнест Карыбеков Өзбекстандын атайын кызматы менен байланышта болгону айтылган.

Ошондой эле саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун "бийликти басып алууга" байланыштуу деген телефондук сүйлөшүүлөрү телеканалдардан жарыяланган. Андан соң эксперт Эрнест Карыбеков менен коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун машинеде отуруп сүйлөшкөн видео тасмасы чыккан. УКМК аларды катары менен кармап, "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген негизде айып тагып, камакка алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. 2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет.

"Азаттыктын" архиви: 3-ноябрь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG