Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Алтын Эркебаева: Бектур акталат


Бектур Асанов
Бектур Асанов

Абакта жаткан оппозиционер Бектур Асановго операция жасалганына карабай, үй-бүлөсүнө бир жарым айдан бери жолугушууга уруксат берилбей жатат. Ал эми балдары оппозиционер камалган күндөн бери атасын көрө элек. Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева булар тууралуу "Азаттык" менен болгон маегинде айтып берди.

"Азаттык": Алтын айым, сиздин жолдошуңуз, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бектур Асановдун иши Бишкек шаар сотунда карала баштагандан бери "жолугуштурбай жатышат" деп айтып жаттыңыз эле. Жакында жолдошуңузга операция жасалды деген маалымат алдык. Ооругандан кийин жолугуша алдыңыздарбы?

Эркебаева: Жок, тилекке каршы, жолугуштурган жок. Эки жарым ай болуп калды. Операциясы да оор болду. Өтүндө таш пайда болуп, өтү ириңдеп кеткенден кийин операция жасалыптыр. Андан бир ай мурун эле ооруп жүргөн. Бир нече жолу "Тез жардам" чакырышыптыр. Акыры ириңдеп, татаалдашып кеткенде 47-колонияга алып барып, операция жасашыптыр. Жакшы, кудайга шүгүр, эми оңолуп калды.

Бизге адвокаттын айтканы боюнча, 11-декабрда кечке жуук Бектурду УКМКнын тергөө абагына алып кетиптир. Өзүм көзүм менен көрө албадым. Эки күндө бир тамак киргизип турдум. Башка маалыматыбыз жок. Жок дегенде ооруп жатканда бизге көрүштүрүп койсо болмок. Ооруп жаткандан баштап да жолугушуу сурап шаардык сотко арыз жаздым, акыйкатчыга кайрылдым. Бирок майнап чыккан жок.

"Балдар бул жакты көрбөсүнчү"

"Азаттык": Бектур Асанов былтыр мартта камалды. Соту жабык болуп жатат. Балдар ошондон бери атасын көрө элекпи?

Эркебаева: Бектурдун иши Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатканда эки жумада бир жолугушууга уруксат берилчү. Бишкек шаар сотуна өткөндөн тартып үч ай такыр уруксат берген жок. Мен эки жакка арызданып жатып бир айда бир жолугушууга уруксат бере башташкан. Бирок октябрдан тартып кайра жолугуштурбай коюшту. Бектур камалгандан бери бир жолу апасы кирип чыкты. Бир туугандары жолугушуп турушчу. Көбүнчө мен өзүм кирчүмүн. Балдардын жолугушууга кирүүсүн Бектур өзү каалаган жок. "Алар ушул жакты көрбөй эле коюшсунчу" деп көнбөдү. Ошондуктан балдар атасын камалгандан бери көрө элек. Сот да жабык болуп жатканына байланыштуу, алыстан көрүп калууга мүмкүн болбосо, көбүнчө көрүшпөйт.

"Кечирим суроодон баш тартты"

"Азаттык": Бектур Асанов камалганда сиздерге бир ортого түшүп, "кечирим сурасын" деген адамдар болдубу?

Эркебаева: Бектур камаларда Жалал-Абадда бир жыйын өткөрүп, элге кайрылуу жасаган. Камалгандан кийин ошол сөзүн "эмоцияга алдырып айтып коюппуз" деп кечирим сурасын, сүйлөшүүгө барсак чыгарабыз" дегендер болгон. Бирок ага өздөрү көнбөдү. "Башка салганын көрөбүз" деп коюшту.

"Азаттык": Мына, бийлик алмашты. Балким сизге деле жаңы президенттен "Бектур Асановду ден соолугуна байланыштуу бошотуп бериңиз" деп кайрылуу жөнүндө ой келген жокпу?

Эркебаева: "Кечирим бериңиз" деп сурабайт элем. Мен булардын ишин мыйзам боюнча эле каралса, сөзсүз акталат деп ишенем. Жаңы келген президенттен үмүтүбүз чоң. Кыргызда "жер карагандан көрө жол кара" деген сөз бар. Бектур бизди жер караткан жок. Анын ак экенине ишенебиз. Ошондуктан, чоң үмүт менен атабыздын акталып чыгышын күтүп, жол карап жаткан учурубуз.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Редакциядан: Буга чейин Бектур Асанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында отурган. Ал "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылдын мартында кармалган. Биринчи Май райондук соту 17-апрелде аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Ушул күндөрү апелляциялык арыздын негизинде ишти Бишкек шаардык соту карап жатат. Бектур Асанов мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана Жалал-Абад облусун жетектеген.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Бектур Асанов №47 абактын ооруканасында убактылуу гана кармалып турганын, андыктан ишти карап жаткан соттун уруксаты менен гана жакындарына жолугуша алаарын "Азаттыкка" билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG