Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

Оппозиция "Акунов тизмесин" сунуштады


(Солдон оңго биринчи) Бектемир Акунов.
(Солдон оңго биринчи) Бектемир Акунов.

Бишкекте Саясий туткундарды коргоо комитети соттолгон оппозициячылардын кылмыш иштерин тергөөгө тиешеси бар делген күч органдарынын кызматкерлерин мыйзам жоопкерчилигине тартуу үчүн “Акунов тизмесине” киргизилгенин жарыялашты.

17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган оппозициячыл саясатчыларды 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. Бүгүн маалымат жыйын курган жарандык коомдун өкүлдөрү алар саясий куугунтуктун курмандыгы болуп, мыйзамсыз жана адилетсиз соттолгонун айтып чыгышты.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү Марс Кыдыкбаев соттордун жана бул ишке тиешеси бар делген күч органдарынын кызматкерлеринин аты-жөнүн “Акуновдун тизмесине” киргизүүнү сунуштады.

- “Акуновдун тизмесине” ушул кылмыш ишин козгогон катардагы тергөөчүдөн баштап, ошол токтомду кайсы прокурор бекиткен, кайсы сот караган, кандай чечим чыгарган деп, ушул тизмени түзүп, эртеби-кечпи булардын баарын мыйзам жоопкерчилигине тартыш керек. Биз Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул эмеспиз. Мыйзам бузуулар менен болгондуктан биз Жогорку Сотко чейин апелляциялык тартипте арыз жазабыз.

Оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү чыкты

Оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү чыкты

Мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган деп айыпталып кармалган оппозиция өкүлдөрүнүн бир тобу 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Тизме 2007-жылы Нарында милициянын убактылуу кармоочу жайында каза тапкан жарандык активист Бектемир Акуновдун урматына түзүлгөн. 2007-жылкы жазгы нааразылык акцияларында ошол кездеги “Бириккен фронт үчүн” кыймылынын таламын талашып чыккан активист Бектемир Акуновдун жансыз денеси Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында табылган жана ал муунуп өлдү деген тыянак чыккан.

Он жылдан кийин Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети Акунов оор кыйноолорго кабылганын аныктап, ал өзүнө өзү кол салууга негиз жок болчу деген бүтүмгө келген. БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими боюнча маалыматта кыргызстандык активисттин өлүмүнө байланыштуу Кыргызстан саясий укуктар боюнча эл аралык келишимдердин бир топ жобосун бузгандыгы айтылат. Комитеттин тыянагына караганда активисттин өз өмүрүнө кол салуусуна негиз болбогондугу жана кыргыз бийликтери камактагы жаранды кыйноодон коргой албагандыгы белгиленген.

Жарандык активист Акуновдун уулу Урмат Акунов атасынын өлүмүнө жооптуулардын аты-жөнүн тизмектеп, кеч болсо да аларды мыйзам жоопкерчилигине тартуу маселесин көтөрдү.

Башкы прокуратуранын маалымат жана байланыш бөлүмүнүн прокурору Алманбет Абдыраманов укук коргоочулар түзгөн “Акуновдун тизмеси” эч кандай юридикалык күчкө ээ эместигин айтып, соттун чечими чыккан соң ага ар бир жаран баш ийүүгө милдеттүү экендигин белгилейт.

- Соттун чечими чыгып, күчүнө киргенден кийин мыйзамдуу да. Мыйзамга ылайык ал күчүнө киргенден кийин аткарылууга тийиш. Ага эч ким комментарий бере албайт.

2016-жылдын март айында саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун бийликти басып алууга байланыштуу делген телефондук сүйлөшүүлөрү телеканалдардан жарыяланган. Андан соң эксперт Эрнест Карыбеков менен коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун машинеде отуруп сүйлөшкөн видео тасмасы чыгып кеткен эле. УКМК аларды катары менен кармап, "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген негизде айып тагып, бир жыл мурун камакка алган болчу.

Ошол жылы "мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданган" деп айыпталган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Кулубаев, Александр Гусев, Марат Султанов жана Тойгонбай Калматов да камакка алынган.

Буга чейин сот жыйындары жабык өтүп, ага соттолуучулардын жакындары жана коомдук байкоочулар киргизилген эмес. Бул жолу сот жыйынтыкталып жатканына байланыштуу соттолуучулардын жакындарына өкүмдү угууга уруксат берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG