Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Алайкууда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндө өзгөчө абал жарыяланды. Алайкуудагы Орто-Казык жайлоосунда 900 койду караган үч чабан куткарыла элек. Аймактагы он мектеп жана беш бала бакча ишин токтотту.

Кара-Кулжада дайыны табылган үч чабан азырынча куткарыла элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" алардын атасы Эсенбай Кулуев билдирди. Анын айтымында, азырынча жайлоодо кардын камагында 600 кой баккан Айдарали Алышев жана 300 кою менен бир тууган Майрамбек жана Айдарбек Кулуевдер калышкан. Анын айтымында, 600 койлуу Айдарбектин тоюту түгөнгөн. Айыл тургундары эртең чабандарга барууга камынып жатышыптыр.

- Жайлоодо 300 койду карап , эки уулум Айдарбек менен Майрамбек калган. Анан 600 койлуу кошунам Айдарали бар. Менде тоют камдалган эле койлор азырынча ошону жеп жатышат. Кошунамда тоюту жок эле короодо камалган бойдон койлору ачка жатат. Балдардын өздөрүнүн да тамактары түгөнүптүр. Орто-Казыкка чейин атчан төрт сааттык жол. Жөө 5-6 саатта жүрүш керек болот. Кечээ бир аракет кылып, бирок бара алган жокпуз. 1 жарым метр карда ат да басалбайт экен. Эми эртең баралы деп жатабыз. Бирок жолдо көчкү түшөбү деп чочуп турабыз.

Бул арада Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алязов Алайкуу өрөөнүнө өзгөчө абалды киргизгени малым болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипованын айтымында, өрөөндөгү байланышты калыбына келтирүү максатында бир нече ишкана иштеп жатат.

- Райондо ыкчам штаб 18-ноябрда эле түзүлгөн. 20-ноябрдан тартып акимдин буйругу менен өзгөчө абал киргизилди. Учурда Алайкууда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гана эмес, Транспорт министрлигинин жумушчулары, райондук электр станциянын бригадасы жана жергиликтүү бийлик да иштеп жатат.

Бул арада Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө он мектеп жана беш бала бакча ишин токтоткону белгилүү болду. Бирок район акими бүгүн кечке чейин бардык байланыштар калыбына келтирилет дейт.

- Кар оор жаагандыктан окуучулар мектепке баралбай калды. Айылдардын бири-бирине болгон каттамы да токтогон. Азыр жалпысынан 10 мектепте жана беш бала бакчада сабак өтүү мүмкүнчүлүгү жок. Учурда бара-бара айылдардагы байланышты четинен калыбына келтирип жатабыз. Бүгүн кечке чейин жолдорду толук ачабыз деп турабыз.

Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнү район борборунан 100 чакырым алыста жайгашкан. Өрөөндө 18 миңдей калк жашайт. Район борбору менен Алайкуудагы үч айыл өкмөттү байланыштырган жалгыз жолдун тамчы деп аталган участогу жыл сайын кар көчкүдөн улам жабылып калат. Быйыл да 17-ноябрда Алайкуу өрөөнүндө кар калың жаап, айрым жерлеринде кардын калыңдыгы 1,5 метрге жеткен.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG