Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Чыңгыз Айтматов түшүмө кирди


"Ак кеме" тасмасынан кадр.
"Ак кеме" тасмасынан кадр.

Чыңгыз Айтматов менен кездешүүнү тагдыр мага да буйруган экен.

1976-жылы мен Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетинде 4-курста окуп жаткам.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган "Ак кеме" тасмасы жаңы чыгып, аны эл кызуу кабыл алган.

Биз, студенттер ал кинодо ойногон каармандарды жана Чыңгыз Айтматовду жолугушууга чакырдык.

Кураторубуз Зинаида Кашкеновна экөөбүз Чыңгыз Төрөкуловичке бардык. Ал киши бизди иш бөлмөсүнөн тосуп алды. Ордунан туруп кол берип учурашты.

Айтматовдун кичи пейил, жөнөкөй, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылганын көрүп духубуз көтөрүлдү. Университетке жеткенге чейин кубанып бардык.

Көп узабай биз уюштурган жолугушуу да өтө жогорку деңгээлде өттү.

Эсимде, "Ак кеме" киносуна тартылган Нургазыга чоң, жашыл түстөгү оюнчук танканы белекке бергенбиз.

Көп жыл мурда болгон бул окуя тууралуу айтпай эле коёюн дегем, бирок ыраматылык Чыңгыз Айтматов жакында эле түшүмө кирди.

Түшүмдө ал киши бизден өзүнүн чыгарма жазган кабинетин кайтарууну суранып жаткан экен. Биз, баягы студенттер ал кабинетти көрүп жатабыз. Ал киши бизге өзүнүн колу менен жазган күндөлүгүн белекке берди. Андан кийин капкара каретага түшүп, тоо боорундагы жол менен кетип баратса, арабанын үстү аппак гүлдөр менен жабылып калды. Анан алдынан бир жар пайда болуп бир топко токтоп калды да, кайра тоодон ашып кетти.

Мен бул түшүмдү минтип жорудум: күндөлүгүн бергени - Ысык-Көл форумунун кайрадан өткөнү, кара каретанын ак гүлгө оролгону - ал кишинин арбагы ыраазы болуп бейишке чыкканы. Алдынан жар тосуп бир топко токтоп калганы - ал киши баштап кеткен Ысык-Көл форумунун кечигип өткөрүлүшү. Тоону ашып кеткени - буюрса кыргыз элим бардык кыйынчылыктарды жеңип, экономикасы дүркүрөп өсүп-өнүгүүгө бет алганы.

Ооба, түштү мен ушинтип жакшылыкка жорудум. Түшүмө аян бергенден кийин аны айтуу парзым деп ойлодум.

Айтилла Ражапова, Бишкек шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG