Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

"Чыңгыз ата, сиз менен сүрөткө түшсөм болобу?"


Чыңгыз Айтматов "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты жана Эркингүл Тургунбекова менен. 2004-жыл.
Чыңгыз Айтматов "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты жана Эркингүл Тургунбекова менен. 2004-жыл.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган “Ак кеме” көркөм тасмасын көргөндө жөн гана кинодой кабыл алгам. Кийин китебин окуганда гана чыгарманын маанисине түшүнүп, абдан таасирленгем.

Айтматовдун чыгармаларынын ичинен “Гүлсарат” менен “Кылым карытар бир күн” мага өзгөчө таасир эткен, окуп алып ыйлаганым эсимде. Акыркы “Тоолор кулаганда” романын гана окуй элекмин. Аны сөзсүз окуйм.

Кичинемде Чыңгыз Айтматовдун ысымы дүйнөгө таанымал экенин билчүмүн. Бирок ушул улуу жазуучу менен жолугуп, ал турсун сүйлөшөм деген эч бир ой жок эле.

Эсимде... Мен Бишкектеги №1 орто мектепте 5-класста окуп жүргөндө (2004-жыл.) Чыңгыз Айтматовду жанынан көрүп, сүрөткө түшкөм.

Ошол күнү мен апама бир нерсе айтуу үчүн иштеген жерине кайрылгам.

Чыңгыз Айтматов жана Эркингүл Тургунбекова. "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт. 2004-жыл.
Чыңгыз Айтматов жана Эркингүл Тургунбекова. "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт. 2004-жыл.

Апам Бактыгүл Чотурова “Кыргыз Туусу” гезитинде иштечү.

Редакциянын босогосун аттаганда эле эл көптөй көрүндү мага. Апамдын кабинетине барсам жок экен. Бирөөдөн сурасам баш редактор Абдиламит Матисаковдун кабинетинде Чыңгыз Айтматов менен жамааттын жолугушуусу болуп жатканын, апам ошол жакта отурганын айтты.

Мен Айтматовдун атын укканда кызыгып калдым. Редактордун кабинетине барсам чын эле апамдын кесиптештери, дагы мен тааныбаган башка адамдар бар экен. Жолугушуудагы сүйлөшүүлөр жаңы эле бүтүп, эми эстеликке сүрөткө түшкөнү жатышыптыр. Мен апамдын жанына чуркап бардым.

- Сен мында каяктан жүрөсүң?, - деди.

- Сизге келсем, бул жакта дешти, анан кирсем Чыңгыз Айтматов келиптир, мен дагы көргүм келди, - дедим.

- Анда сыртта күтүп тур, бир аздан кийин чыгам, - деди апам.

- Жок чыкпайм, Айтматовго айтыңызчы, мен деле сүрөткө түшкүм келип жатат, - дедим.

- Мен кантип айтам, диктофон менен да иштеп жатам, өзүң “Чыңгыз ата сүрөткө түшсөм болобу” деп айтып көр, - деди.

Карасам жанында тегеректегендер көп, бир нерселерди сүйлөшүп жатышат. Аңгыча сүрөтчү келип сүрөткө тарта турганын эскертип, баарына жакын туруу керектигин айта баштады. Мен Чыңгыз Айтматовго чуркап бардым да:

- Чыңгыз ата, сиз менен сүрөткө түшсөм болобу?, - дедим. Ал дароо мени таң калгандай карап, күлүп жиберди:

- Сен да “Кыргыз Туусунда” иштейсиңби, анда келегой, сүрөткө түшөлү,- деп, мени өзүнүн алдына коюп, ийнимден кармап алып, баары менен кошо сүрөткө түштүк. Агайдын мээримдүү караган көздөрү, коңур үнү күнү бүгүнкүдөй жадымда калды. Мен анда ушунчалык сүйүнүп, башкаларга кошулуп, эки-үч ирет сүрөткө түшүп, Чыңгыз Айтматовду “Кыргыз Туусунун” редакциясынан узатышканча кетпей жүрдүм. Ошол күнү мен абдан бактылуу болдум, үйгө баратканымда көчөдөгү ары-бери өткөн эл мени суктана карап жаткандай сезилди. Алар менин Айтматовго жолугуп, өз үнүн, сөзүн угуп, эркелеп, сүрөткө түшүп келе жатканымды кайдан билишмек эле? Өзүмчө эле ошондой сезимге бөлөндүм да.

Чындыгында эле бул күн менин эч унутулгус бактылуу күнүм катары эсимде калды. Анда мен балалык сезим менен улуу жазуучуга жолугуп, бирге сүрөткө түшкөнүмө эле төбөм көккө жеткен.

Азыр ойлосом дүйнөгө аты чыккан залкар таланттын улуу адамгерчилиги да бар тура. Болбосо бир кичинекей кызды элес албай койсо, эч ким эч нерсе демек эмес.

Анткени андай учурда Айтматовдой залкар инсандардын бир мүнөттүк да убактысы болбой, жандап жүргөндөрдөн бошой албай калган кези көп болот эмеспи. Ошого карабай көңүл буруп, суранычына жооп кайтарып, жылуу алаканы менен жылуу сезимде баланын көөнүн калтырбай алдына алып сүрөткө түшкөнү улуу жөнөкөйлүк, адамдык бийиктик деген эмне экенин түшүндүм.

Көпчүлүк учурда турмушта улуу талант - улуу адам боло албай калышы мүмкүн же улуу адам - улуу талант болбошу мүмкүн да. Ал эми бул эки касиеттин тең ээси болуп жаралуу улуу тагдыр. Айтматов ошонусу менен өзгөчө жаралган тура. Азыркы жашымда мен андай улуу адамдын жанына барып сүрөткө түшүүгө батынбас элем.

Балалыктын баёо тазалыгы, түздүгү, өткүрдүгү менен ошого барганым үчүн азыр сүрдөп кетем. Бир чети бул да болсо мен үчүн бир жолуккан жагымдуу тагдыр окшойт деп коём. Эмнеси болсо да кандай жакшы!

Ал күн мени жакшылыктарга сүрөгөндөй али да эстегенде дем берет. Менде ошондогу сүрөттөр аялуу жүрөгүмдө катылгандай сакталып жүрөт. Ал сүрөттөрдү көргөндө ошондогу бактылуу күндү бактылуу сезим менен эстейм. Чыңгыз агайдын атын бир нече жолу сыймыктуу кайталайм! Мектепти аяктагандан кийин мен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университетин бүтүргөм.

Биздин үйдө Айтматовдун бардык китептери бар. Аны барактаган сайын баягы күн эсиме түшөт, элестетем...

Айрыкча Мухтар Шаханов экөө сырдашуу иретинде жазган “Аскада калган аңчынын ыйы” деген китеби мага жагат. Анда адамзат жашоосунун көп философиясын таанууга болот.

Баарынан мага кызыгы Чыңгыз ага менен сырдашып жатып Шахановдун минтип айткан жери бар: “ Дүйнөнүн тарыхында Римдин атактуу императору Весисиандын уулу Тит “адамзаттын асылы “ деген наамга арзыган. Бир ирет ошол Тит жан-жөкөрлөрүнүн курчоосунда Рим көчөсүндө келе жатса, көпчүлүктүн арасында кайырчы бала императорго саламдашмакчы болуп кол сунат. Мурда-кийин мындай шумдукту көрбөгөн журтчулуктун жүрөгү токтоп кала жаздаган. Титтин жан-жөкөрлөрүнүн бири ага дароо кылычын ала коюп умтулат.

Чыңгыз Айтматов "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты менен.
Чыңгыз Айтматов "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты менен.

- Токтот, - деген ошондо император дабышын өктөм чыгарып, - баланын эмне жазыгы бар?

- Сизге кол бергени, чектен чыккан уятсыздык эмеспи, таксыр?

- Элимдин жаш атуулунун дээринде бар экендигин көрсөтүп турат. Анын колун албасам, меники адепсиздик.

Кайырчы бала менен жылуу-жумшак амандашып, аркасынан эркелете таптаган Тит: - Мен император, бул кайырчы болсо, ал - Кудайдын кылганы. Ал эми жылтыраган кийим адамгерчиликтин, эски-уску болсо акылсыздыктын белгиси боло бербейт, - деп жез мундири жаркырап турган жан-жөкөрлөрүнө жемелей көз таштаптыр. Ошол учурда “Жашасын Тит!” - деген кыйкырык бүтүндөй Римдин асманын жаңырткан”.

Ушуну окуганда дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов агай менен Римдин императору Титтин жүрөгүндөгү бийиктикке таазим эттим! Мен дагы эле таасир алып жүрөм ошол күндөн. Ошондуктан кандай учурда болбосун мен дагы адамкерчиликтүү болуп, бардык адамдарга бирдей сый мамиле кылууга аракеттенем.

Быйылкы жылы Чыңгыз Айтматов агайдын 90 жылдыгынын белгиленип жатышын кыргыз элинин майрамы деп түшүнөм. Албетте дүйнөлүк адабияттын да майрамы, бирок баары бир ал кыргыздын Чыңгызы, ошон үчүн эң биринчи биздин элдин майрамы. Бир өкүнүчүм агай өзү тирүү болуп, 90 жылдык мааракеси өзүнүн катышуусу менен өтсө кандай сонун болмок. Мен анда эптеп бир ылаажы таап, агайга гүлдесте берип ичине чогуу түшкөн сүрөттү салып коймокмун деп ойлоп коём. Балким агай дагы бир жолу ошондогудай жылуу жылмаймак.

Чыңгыз Айтматов деген ысым Жер үстүндө адамзат жашап турганда өчпөйт деп ойлойм. Кыргызды дүйнөгө тааныткан мындай залкарлар дагы көп эле төрөлсө экен деп тилейм.

Эркингүл Тургунбекова

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG