“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна Жарандык авиация департаментинин мурдагы директору Эрмек Өмүралиев жана “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын директору, авиатор Жолдошбек Бектурганов катышты.
“Азаттык”: Эрмек мырза, иликтөө иштери башталды. Ал кандай жүрүп жатат жана кырсыктын себеби катары алдын-ала кандай версиялар каралууда?
Өмүралиев: Куткаруу кызматтары өздөрүнүн ишин жасап жатат. Ал эми Жарандык авиация департаментинде атайын комиссия түзүлдү. Эксперттер кырсыктын жерине барып, курчап, иликтөөнүн объективдүү жүрүшүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Жалпы иликтөөнү келишимдин негизинде КМШнын өлкөлөр аралык авиациялык комитет жүргүзөт. Бул комитетте да атайын комиссия түзүлүп, төрт адис Кыргызстанга 17-январда келери күтүлүүдө. Алар биздин адистер менен биргеликте иштеп алгачкы маалыматтарды бере башташат.
“Азаттык”: Жолдошбек мырза, кырсыктан кийин иликтөө башталды. 30дан ашык адам каза болду, андан сырткары бир топ адамдар үй-жайынан айрылды. Аларга компенсация маселеси кандай чечилиши керек? Ушундай жагдайда эл аралык тажрыйба кандай?
Бектурганов: Учак учарда жүктөлгөн жүк камсыздандыруудан өткөрүлөт. Негизи учкучтардын катачылыгы далилденсе, алар иштеген компанияга карата доо арыз менен кайрылыш керек. Компаниянын кемчиликтерин атайын комиссия аныктаса, алар компенсацияны төлөөгө милдеттүү болот.
“Азаттык”: Учак кулаган конуш аэропорттан анча алыс эмес жайгашкан экен. Эрмек мырза, сиз департаментти жетектегенсиз, аталган дачанын жайгашышы коркунуч туудурчу эмес беле?
Өмүралиев: Айтканыңыз абдан туура. Биз бир нече жолу бул аймакта үйлөр туура эмес курулганын, алар коопсуздукка коркунуч келтиргенин айтып, тиешелүү органдарга кайрылып келгенбиз.
Эрежеге ылайык, учуу тилкесинен кеминде үч чакырым аралыкта эч кандай курулуш, имарат болбошу керек. Муну биздин жарандар түшүнбөйт. Бүгүнкү окуя кесепети кандай болорун көрсөтүп отурат.
Кандай гана кырсык болбосун, учактын авариялык түрдө конушуна ылайык бош жер болушу керек. Бирок бизде жооптуу адамдар жер тилкелерин бөлүп салган. Биз бир нече жолу бул маселени көтөрүп, бирок өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды ортого салышып аталган көйгөйгө көңүл бурулбай калып жаткан. Бул маселе бир гана Бишкекте эле эмес, Ош, Жалал-Абаддын аэропортторунда да бар. Эми кесепетин көрүп жатабыз. Эми мындай окуялар катталган соң сабак алышыбыз керек.