Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Балбан кыз Айперинин кыялы


Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болгон учур. 5-август, 2017-ж. Тампере. Финляндия.
Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болгон учур. 5-август, 2017-ж. Тампере. Финляндия.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы бир ай мурда Финляндиянын Тампере шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда алтын медал тагынып кайтты. Ал буга чейин бир нече эл аралык мелдештерге катышып байге ээси болгон. Жаш чемпион кабарчыбыз менен курган маегинде ийгилигинин сырлары менен бөлүштү.

"Азаттык": Эркин күрөш менен канча жашыңдан тарта машыга баштадың эле? Спорттун бул түрүн тандап алууга кимдин таасири тийди?

Айпери Медет кызы: Эркин күрөш менен 13 жашымдан тартып машыга баштагам. Быйыл беш жылдын жүзү болду. Спорттун бул түрүн тандап алганыма чыгаан спортчу Айсулуу Тыныбекова себепкер болду. 2012-жылы Лондон Олимпиадасында Айсулуу эженин күрөшкөнүн көрүп суктанып, мен дагы Кыргызстандын желегин желбиретип, өз өлкөмдү дүйнө жүзүнө таанытсам деп максат кылып эркин күрөш менен машыга баштадым.

"Азаттык": Чоң спорттогу устаттарың тууралуу айтып берсең.

Айпери Медет кызы: Кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча Кыргызстандын башкы машыктыруучусу, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана күрөштүн ушул эле түрүнөн чоңдор арасында дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова менин устаттарым болушат. Алар мен эркин күрөшкө келгенден баштап тажрыйбасы менен бөлүшүп, мени ушул даражага жетишиме чоң салым кошушту. Ал адамдарга чоң ыраазычылыгымды билдирем.

"Азаттык": Күрөштөгү эң чоң жетишкендигиң кайсы? Жалпы кандай ири мелдештерди уттуң?​

Айпери Медет кызы: Азыркы учурда эң чоң жетишкен ийгиликтерим: 2015-жылы кыздар арасында (кадет) Азия биринчилигинде 65 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашып күмүш медалдын ээси болдум.

Ошол эле курактагылар арасында 2016-жылы 70 салмакта таймаштарга чыгып эки жолу байгеге жеттим. Тактап айтканда Азия чемпионатында алтын медалды тагындым.

Дүйнөнүн биринчилигинде күмүш медалды алдым. Ал беттеште жапониялык Ясуха Мацуюкиге жеңилип калгам. Бир жылдан кийин жаштар арасында дүйнө чемпионатында (72 кг.) дал ошол жапон балбан кыз менен таймашып жеңишке жетип, дүйнө чемпиону аталдым. Азырынча бул байге спорттук карьерамдагы эң чоң жетишкендиктердин бири. Андан сырткары үстүбүздөгү жылы июль айында Азербайжандын Баку шаарында өткөн алгачкы Ислам шериктештиги оюндарында чоңдор арасында күч сынашып, 3-орунду ээледим.

Кыз-келиндер күрөшү. 72 кг. Финал. Айпери Медет кызы (Кыргызстан) - Ясуха Мацуюки (Жапония) 8-6.

"Азаттык": Күрөш менен машыгууңа үй-бүлөң, жакындарың кандай мамиле кылат?

Айпери Медет кызы: Үй-бүлөм, жакындарым менин күрөштү тандап алганыма каршы болушкан жок. Алар мени ар тараптан колдоп, дагы да ийгиликтерге жетишим үчүн дем берип турушат.

"Азаттык": Үй-бүлөдө канча бир туугансың? Үй-бүлөдө сенден башка да спортчулар барбы?

Айпери Медет кызы: Мен төрт бир тууганмын. Үй-бүлөбүз менен спортту жакшы көрөбүз. Убагында атам, байкем жана эжем да спорт менен машыккан. Атам кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз ССРинин спорт чебери. Агам көк бөрү боюнча райондук, областтык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп жүрөт. Ал эми эжем мектепте окуп жүргөндө жеңил атлетикадан алыскы аралыкка чуркоо боюнча жарыштарга катышып, көптөгөн байгелүү орундарды алып келген.​

"Азаттык": Курбуларың, тааныштарың сенин күрөш менен машыгууңа кандай карашат?

Айпери Медет кызы: Менин курбуларымдын көбү спорт менен машыгышат. Жетишкен ийгиликтериме сыймыктанып, жылуу сөздөрүн, жакшы тилектерин айтып, мага кеңештерин берип турушат.

"Азаттык": Чоң спортто кандай максаттарың бар?

Айпери Медет кызы: Чоң спорттогу максатым - Олимпиада оюндарын багындыруу.

"Азаттык": Кыргызстанда кыз-келиндердин эркин күрөшүнүн абалына кандай баа берет элең?

Айпери Медет кызы: Учурда кыз-келиндердин эркин күрөшүнүн абалы жакшы. Мындан ары дагы өркүндөп өсө берет деп ойлойм.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова жана жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы. 25-август, 2017-ж.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова жана жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы. 25-август, 2017-ж.

"Азаттык": Балбан кыз деген сөздү кандай кабыл аласың? Сени көпчүлүк элдин балбан кыз деп атоосу сага жагабы?

Айпери Медет кызы: Мени балбан кыз деп аташса, мен ага татыктуу болсом, анда ал сөз мага жагат.

"Азаттык": Спорт сен үчүн...​

Айпери Медет кызы: Спорт менин жашоом!

"Азаттык": Чоң спортто жеңиш менен кошо жеңилүү ызасы да болот. Жеңилип калган учурда өзүңдү кандай сезесиң? Жеңишке жетүүгө, алдыга умтулууга өзүңдү кандай тарбиялайсың?

Айпери Медет кызы: Чоң спортто жеңилүү ызасы болот. Жеңилип калганда өзүмдү жаман сезем. Анткени биз ал жакка барарда толук машыгууларды өткөрүп барабыз. Утулуп калганда кылган эмгек текке кеткенине өкүнөм. Бирок көңүлүм чөгүп эле отуруп калбай, алдыда боло турган мелдештерге кайрадан кайрат топтоп, жеңишке жетүү үчүн колумдан келген күч-аракетимди жумшайм.

"Азаттык": Күрөш менен машыгуу оңой эмес. Ар дайым машыгуу чоң эмгекти талап кылат. Машыгууну үзгүлтүккө учуратпайсыңбы? Дайыма спорттук калыпта жүрүү үчүн эмне кыласың?

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы, Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова. 5-август, 2017-ж. Тампере. Финляндия
Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы, Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова. 5-август, 2017-ж. Тампере. Финляндия

Айпери Медет кызы: Машыгууну үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылам. Дайым спорттук калыбымда жүрүш үчүн режим кармап, машыгууну калтырбай туура тамактанып, убагында уктап жүрүшүм зарыл.

"Азаттык": Күрөшкө кызыккан өспүрүмдөргө, жаштарга кандай кеңеш берет элең?

Айпери Медет кызы: Жаш өспүрүмдөргө спорт менен машыккыла деп айтат элем. Спорт дени сак болууга салым кошуп, үлгүлүү жүрүм турумга, жашоого үйрөтөт.

"Азаттык": Учурда эмне менен алек болуп жүрөсүң?

Айпери Медет кызы: Азыркы учурда Ысык-Көлдө Түркмөнстанда боло турган жабык имаратта өтүүчү Азия оюндарына даярданып, машыгууларды өткөрүп жатабыз. Буюрса даярдык жакшы. Ал мелдешке катышып, кыргыз элиме жеңиш алып келгим келет.

"Азаттык": Маегиң үчүн чоң рахмат! Сага чоң спортто жана жеке жашооңдо дагы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Айпери Медет кызы: Чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG