Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Укук коргоочулар Айдаркендеги окуяны айыпташты


Айдаркенде банктын кассирин өлтүрдү деп шектелген жарандын жакындары шаарчадан күч менен чыгарылган. Укук коргоочулар кабатырланган билдирүү таратты.

Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши бул окуяга кабартырланган билдирүү таратышты. Алар мындай мыйзамсыз аракетке жол берген бийлик өкүлдөрүн сынга алышты. Айдаркендин тургундары менен бийлик өкүлдөрү укук коргоочулардын дооматын негизсиз деп аташууда.

26-январда РСК банктын Айдаркендеги бөлүмүндө кассир болуп иштеген Камила Абдыкаарова аттуу келин банкты тоногону кирген адамдын колунан мерт болгон. Анын эртеси күнү эле бул кылмышка шектүү делген адам кармалып, ал жергиликтүү тажик тектүү жаран – Жонибек Махмадов болуп чыккан. 28-январда Камила Абдыкаарова жерге берилген соң анын жакындары маркумдун өлүмүнө шектүү деп кармалган адамдын туугандарын - төрт үй-бүлөнүн шаарчадан чыгып кетишин талап кылган. Мындан соң төрт үй-бүлө Айдаркенден чыгып, белгисиз тарапка бет алышкан.

Маркум РСК банкта иштечү
Маркум РСК банкта иштечү
Мына ушул окуяны айыптап, Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши билдирүү менен чыкты. Алар шаарчадан төрт үй-бүлөнүн күч менен чыгарылышын мыйзамсыз деп атап, бул аракеттерди токтотпогон жергиликтүү бийликти сынга алышууда.

Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү “Ачык позиция” коомдук фондунун төрагасы Дмитрий Кабактын айтымында, мындай окуянын орун алышы Кыргызстандагы мыйзамдардын иштебей жатканынан кабар берет:

- Кандай гана мыйзам бузуу болбосун, бийлик чукулунан өз мамилесин билдирип, чара көрүшү керек. Эгер тиешелүү чаралар көрүлбөй жатса, демек мыйзамдар аткарылбай жатат. Окуя болгон соң тергөө иштери башталбай, карапайым калк өз укуктарын күч аркылуу коргоого аракет кыла баштаганы эле бизде мыйзам иштебей, бийлик өз милдетин аткара албай, мыйзам аткарылбай жатканын далилдейт.

Укук коргоочулардын пикиринде, Айдаркендеги окуя этникалык азчылыктарга карата басымдын жаңы ыкмасына айланып, мындан ары да кайталанышы толук мүмкүн.

Жергиликтүүлөр макул эмес

Анткен менен Айдаркендин тургундары укук коргоочулардын этникалык азчылыктарга басым жасалып, мыйзамсыз басмырлоого кабылышты деген жүйөсүнө макул эмес. Бул шаарчадагы тажик улутундагы диаспорасынын башчысы Кожохан Мурзаевдин айтымында, кассирди өлтүрдү делген адамдын жакындары кыргыздардын кысымына кабылбастан, жакынын жоготкон тараптын ачуусу басылганча шаарчадан чыга турууну оң көрүшкөн:

- Маркум жерге берилген соң жаштар келип, талап кылышты. Анда аким, губернатордун орун басары бар эле. Ошондо деле алардын аракети мыйзамсыз экенин, кылмыш кылган бала жазасын өзү тартышы керектигин айтышкан. Биз ошондо кеңешип, 4 үй-бүлө шаардан чыга турсун, каза болгон адамдын жакындарына убакыт өтсүн деп чыгарып койдук. Бизди кыргыздар эч кууган жок, биз кыргыздар менен кылымдардан бери ынтымакта эле жашап келебиз.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган окуядан соң Айдаркенде кооптуу жагдай түзүлгөн, бирок азыр абал калыбына келип калды. Ошентсе да маселе жаңыдан жайгарыла баштаганда укук коргоочулардын аны кайрадан козгошу, маселени ырбашына жол ачышы мүмкүн деп чочулагандар да жок эмес. Алардын бири - Айдаркендин тургуну Толубай Салиев:

- Эми укук коргоочулар окуяны алдын-алууга аракет кылып жатышса керек. Ошентсе да алар кыргыз менен тажик урушу болушу мүмкүн деген жыйынтыкка эртерээк келип жатышат. Себеби андай деле чоң уруш болгон жок.

Укук коргоочулар өз билдирүүсүндө шаарчадагы мыйзамдын сакталышын камсыздай албаган бийлик өкүлдөрүн да сынга алышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү укук коргоочулардын сыны негизсиз деп эсептешет.

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саиджан Эратовдун айтымында, шаарчадан чыгып кеткен жарандардын кайтып келүүсүнө жана коопсуздугун сакталышына бардык шарттар түзүлдү:

- Айдаркенде төрт үй-бүлө өз ыктыяры менен көчүп кетти. Аны бийликтен, же башка жактан бирөө барып, "көчүп, чыгып кет" деген эч ким болгон жок. Бул убактылуу чара, алар коопсуздугунан коркуп жатышкандай. Алар кайра кайтып келишет, алардын кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргыз болобу, тажик болобу, өзбек болобу алар биздин жаран, аларды чыгып кет дегенге эч кимдин укугу жок. Ал эми укук коргоочулар Айдаркенде жашаса, абал кандай экенин түшүнмөк.

Айдаркендеги окуя Баткендеги улуттар аралык араздашууга байланышкан алгачкы окуя эмес. Өткөн жылдын соңунда облустун аймагындагы Андарак айылында кыргыздар менен тажиктер ортосунда араздашуу болуп, бир нече үй өрттөлгөн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG