Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Баткен: шахтадагы кырсык алты адамдын өмүрүн алды


Кыргызстандагы шахталардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шахталардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан эки күндө алты адам өлдү.

Бул маалыматты “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармалыгынын кызматкерлери билдиришти.

Кызыл-Кыядагы окуя 6-октябрда түштөн кийин болду. Кырсык үч адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Бирок кырсыктын башка жагдайлары азырынча белгисиз. Газга ууланып мерт болгондордун тек-жайы такталды. 42, 32 жана 21 жаштагы жарандардын бири кызылкыялык, экөө ноокаттык болуп чыкты.

Ал эми Сүлүктү шаарындагы шахтадагы каргаша 5-октябрда болгон. Көмүр казылган жайдан чыккан газга ууланган беш адамдын үчөө мерт болгонун дарыгерлер тастыкташты.

Сүлүктү шаарындагы каргашада көз жумгандар 44, 43 жана 40 жаштагы жергиликтүү тургундар экени маалым болду. Алар «Абдукахар-Кен» жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр шахтасында иштеп жатышкан учурда газга ууланып калышкан. Булардан башка дагы эки адам жабыркаган, алар ооруканада, абалы канааттандырарлык. (ErN)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG