Бул үчүн Кыргызстан Ирактын бийлиги менен чогуу иш алып барууда. Ушундай эле иш-аракеттер Сириядагы кыргызстандыктар боюнча да жүрүп жатканын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ал эми Ирактагы жана Сириядагы лагерлерде күн кечирип жаткан кыргызстандыктардын жакындары бийликтен аларды тезирээк мекенине кайтарууну суранышууда. Алар буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылышкан.
Гүлмира Мураталиеванын жалгыз кызы 2014-жылы Сирияга кеткен бойдон кайра кайтып келе элек. Ал ошол кезде 19 гана жашта болгон. Мураталиева өзү Орусияда жүргөндө кызы азгырылып Сирияны көздөй баса бергенин айтат. Сирияга баргандан кийин көп өтпөй турмушка чыгып, эки балалуу болгон. Азыр кызы менен телефон аркылуу байланышып турат. Жакында эле сүйлөшкөндө Кыргызстанга кайтууну зарыгып күтүп жатканын айткан экен.
«Сириядагыларды алып келүү иши эртелеп чечилсе жакшы болот эле, - дейт Гүлмира Мураталиева. - Кечээ эле кызым менен сүйлөшсөм «апа, бизди эртерээк алып кетишсе жакшы болмок» дейт. Жанындагылар Кыргызстандагы ата-энелеринен «аларды алып кетет экен» дегенди угуп алышса керек. Азыр баары түйүнчөктөрүн түйүп, камданып алышыптыр. Кызым «күн ысык. Күткөн жаман экен. Эртең менен саат жетиде эле ысып атат» дейт. Жаткан алачыктары ысыктан какшып, күйүп да кетет экен».
"Азаттыктын" архиви: 14-май, 2019-жыл
Ал эми Сырга Калилованын кызы Түркияга иштегени кетип ошол бойдон дайын-дареги белгисиз болуп калган. Ал азыр кызы Сирияда же Иракта экенин да так билбейт. Болгону мындан эки жыл мурун күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери анын кызы Сирияда же Иракта болушу ыктымал экенин айтып: «Андан кат-кабар келеби?» деп кайрылганда гана кызы Түркияда эмес экенин билген. Калилова кызы жакында байланышка чыкканын, бирок кенен сүйлөшө албаганын айтып берди:
«Телефон бербейби же телефону жокпу, айтор «мен бул жердемин, мындай иш кылып атам» деп сүйлөшө алган жокпуз. Болгону «апа, мен Гүлнарамын. Жакшы турасыңарбы? Мени алып кетсеңер жакшы болмок. Алып кеткилечи» деп койду. Ошондон кийин эле ыйлап-сыктап отурам. Мындайды тирүү пенденин башына салбасын».
3-июнда Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын тиешелүү органдары Ирактагы кыргыз жарандарын аныктоо ишин аяктап, учурда аларды мекенине кайтаруу маселеси талкууланып жатканын билдирди. Сириядагы кыргызстандыктар боюнча да ушундай эле иш-аракеттер жүрүп жатат.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өткөргөн Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жана Сириянын аймагындагы кыргыз жарандарына байланыштуу кеңешмеде белгилүү болду.
Учурда бул маселе боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ), Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Мамлекеттик каттоо кызматы иш алып барып жатат.
Сириядагы жана Ирактагы лагерлерде күн кечирип аткан кыргызстандыктардын туугандары менен иштешип келаткан «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марипа Алыйкулова Кыргызстан жарандарын алып келүүдө коңшулардан артта калып атканына кейиди:
«Ата-энелердин айласы кетип калды. Алар каякка кайрылбасын, оң жооп болбой жатат. Ал эми Сирияда согуш бүткөнүнө 1,5 жыл болду. Биздин жарандар болсо ал жактагы лагерлерде, болгондо да адам чыдагыс шартта жашап атышат. Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан артта калбаш керек».
Коңшу мамлекеттер демекчи, Казакстандын бийлиги Сириядагы согуш аймактарынан өз жарандарын алып келүү боюнча үч операция өткөрүп, 357 жаранын кайтарып келди. Өзбекстан 30-майда Жакынкы Чыгыштагы согуш аймактарынан 156 жаранын алып келген. Ал эми Тажикстан май айынын башында Ирактан 84 баланы Дүйшөмбү шаарына жеткирген.
Кыргызстан жарандарын качан, кандай жол менен алып келери жөнүндө азырынча Тышкы иштер министрлиги маалымат бербей турат.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Чыныбай Турсунбеков өкмөт бул ишти тезирээк ишке ашырышы керек деген пикирин билдирди:
«Бирөө алданып, дагы бири жашоонун айынан барып калгандары бар. Кандай гана болбосун, алар биздин атуулдар. Алардын жаңылганына карабай алып келиш мамлекеттин милдети гана эмес, ар-намысы. Каражат таап аларды алып келиш керек. Эгер мамлекетке чыккынчылык кылып, кыянаттык иштерди жасаган болсо ал үчүн жооп беришет».
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин ачкан. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлүп, 41 адам кесилген.
Айыпталгандардын ичинен 76 пайызы Ош, 12 пайызы Жалал-Абад аймагынын тургундары жана алардын 94 пайызы эркек, алты пайызы аялдар болгон. Ошондой эле айыпталгандардын 60 пайызы 30 жашка чейинкилер.
УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буга чейин «Азаттыкка» берген комментарийинде Сирия, Ирактан Кыргызстанга келүүгө аракет кылган чет элдик жарандар да бар экенин кабарлаган:
«2018-жылы УКМКга «бизди алып кеткиле» деп Сириядан үч кайрылуу келген. Биз аларды текшергенде бирөө да Кыргызстандын жараны эмес болуп чыккан. Себеби башка мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга келип, отурукташкысы келет. Анткени бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу мыйзамдар жумшагыраак».
УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.