Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:46

Шайлоо сайын козголгон аймактык реформа маселеси


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маегинде парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда административдик-аймактык реформа жүрө турганын  билдирди.

Президент пандемиянын шарты мамлекеттик башкарууну өзгөртүүгө муктаждык бар экенин көргөзгөнүн айтты. Бирок саясат талдоочулар муну шайлоонун алдындагы популисттик жүрүш катары карап, мындай реформаны ишке ашыруудан күмөн санашты.

Башка бир талдоочулар административдик-аймактык реформаны жүргүзүү аркылуу аймактык бирдиктер ирилештирилип, мамлекеттик башкарууга кеткен чыгымдар кескин кыскара турганынан кеп салышууда.

Жаңыланууга кадам качан ташталат?

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радионун» суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан парламенттик шайлоодон соң административдик-аймактык реформага бара турганын жарыялады. Президент пандемиянын шартында мамлекеттик башкаруунун жаңыланууга муктаждыгы көрүнгөнүн айтып, үнөмдүү, ийкемдүү жана натыйжалуу бийлик түзүмдөрүн уюштуруш үчүн аймактык бирдиктерди ирилештирүү, мамлекеттик органдар менен андагы кызматчыларды азайтуу милдети турганын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул реформанын маани-маңызын мындайча түшүндүрдү:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Буга чейин деле өлкөдөгү административдик-аймактык реформа боюнча өтө көп сөз айтылып келген болчу. Буюрса, болот. Буга биз даярбыз. Ар кандай шарт менен болбой келди. Бирок алдыдагы парламенттик шайлоо өткөн соң ошол реформага киришебиз жана аягына чыгабыз. Ошондо бир топ бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар жоюлуп, өзгөрүүлөр жана кыскартуу да болот. Мамлекеттик системанын ыкчам иштешине, бюрократияны азайтып, маселени тез чечкенге өбөлгө түзүлөт».

Кыргызстанда 2012-жылы ошол кездеги парламенттин жана өкмөттүн демилгеси менен административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн концепциясы боюнча документ кабыл алынган болчу. Анда район, облус сыяктуу аймактык бирдиктерди ирилештирип, артыкбаш же болбосо бирин-бири кайталаган мамлекеттик органдарды жоюп, жер-жерлердеги мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды азайтуу маселеси концепциянын негизги өзөгүн түзгөн.

Унутулган убада, татаал реформа

Бирок мамлекеттик башкарууга кеткен чыгымдарды үнөмдөө, мамлекеттик кызматчылардын армиясын азайтуу сыяктуу демилгелер шайлоолордун астында байма-бай айтылып, бирок кийин унутулуп калган учурлар көп. Жарандык активист Акан Иманов президенттин бул жолу айтканын деле кезектеги тил эмизген куру убада катары кабыл алды:

Акан Иманов.
Акан Иманов.

«Негизи эле шайлоонун астында мына ушундай чоң-чоң убадалар берилет. Ал эми эмне үчүн ушул реформа буга чейин эле жүргөн жок деген суроо келип чыгат. Анткени шайлоодо мамлекеттик башкаруу органдарынын чоң аппараттары - баары шайлоого иштешет. Андан кийин аларды жоюп салса болот. Бул эми бүгүнкү күндөгү элдин да талабы. Азыркы бийликке чыныгы реформалар керек эмес».

Баштапкы концепцияда кыскартуунун эсебинен мамлекеттик башкарууга кеткен чыгымдарды азайтып, жаңы бийлик органдарынын түзүмүн калыптандыруу жагы каралган.

Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү Мыктыбек Өмүрзаков ошол баштапкы концепциянын алкагында реформага кадам таштоо татаал болорун билдирди:

«Облустарды жоюп, кырк районду ирилештирип, аларды 22 район кылып азайтуу жагы ошол концепцияда каралган. Бирок айыл аймактарын ирилештирип, бир айыл аймагына бириктирүү абдан кыйын. Себеби биринин жери бар, экинчисиники жок. Айыл аймактарынын деңгээли бирдей эмес. Ошондуктан райондук мамлекеттик акимчиликти муниципалдык кызматка өткөрүш керек. Райондогу министрликтердин бөлүмдөрүн жоюп, ошол муниципалитетке каратып, муниципалдык бюджет түзүү зарыл. Ошондо бир топ батыл жана ылдам реформа жүрөт».

«Сокур ичегиден» качан арылабыз?

Ошол эле кезде бул документте аймактарды өнүктүрүү багыттары көрсөтүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкарууга каржылык өз алдынчалык менен камсыздоо жагы каралган. Бирок көп өтпөй эле бул документ унутулуп, реформаны андан ары илгерилетүү иши аксап калган.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай мамлекеттик башкаруу менен аймактык бирдиктерди реформалоо пандемиянын шартындагы учур талабы экенин айтты:

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

«Негизи ошол реформаны эбак эле баштап, сокур ичеги сыяктуу артыкбаш мамлекеттик органдарды мурда эле жоюп салыш керек болчу. Бир эле киши бүтүрө ала турган жумушка беш адамды чегерип эмне кылат деген суроо турат. Аны бир эле киши аткарыш керек да. Азыр эми облустун кылар иши деле калган жок. Анын функциясы эмнеде экени деле белгисиз. Облустагы тиешелүү бийлик органдарын толук жоюп салуу зарыл. Бул үчүн президенттин саясий эрки керек. Ошондо гана реформа ишке ашат. Болбосо айтылып-айтылып кала берет».

Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик бар. Алардын экөө республикалык маанидеги шаар титулун алса, 40 район, жети облус, 29 шаар облустук жана райондук макамга ээ болгон.

Адистер административдик-аймактык реформа жүргүзүлсө мамлекеттик бюджеттен 500 млн. сомго чукул каражат үнөмдөлө турганын белгилешкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG