Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Элдин эркин сыначу референдум


Кыргызстандын туусун көтөрүп турган балдар.
Кыргызстандын туусун көтөрүп турган балдар.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алды.

Долбоор парламентте 9-декабрда биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда толугу менен колдоо тапты. Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум дайындоо жоопкерчиликти элдин өзүнө жүктөө катары сыпатталып жатат.

Жарандарга жүктөлгөн жоопкерчилик

Кыргызстандын эгемен тарыхында бийликтин демилгеси менен Конституцияны алмаштыруу, өзгөртүү боюнча баш-аягы тогуз жолу референдум болуп, анын бири да өткөн жок деп табылган эмес.

2021-жылдын 10-январына дайындалганы жаткан башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум да бийлик каалагандай болорун саясатчылар алдын-ала эле божомолдоп жатышат.

Айрым депутаттардын, жарандык коомдун бир бөлүгүнүн жана юристтердин нааразылыгына карабай долбоорду Жогорку Кеңеш эки күн ичинде эле шашылыш кабыл алды. Ага президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов кол коёрунан көпчүлүк күмөн санаган жок.

Депутат Дастан Бекешев башкаруунун формасын аныктоо тууралуу бүткүл элдик добуш берүүнү дайындоо менен бийлик жоопкерчиликти элдин өзүнө оодарып жатат деп эсептейт.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Бул референдум - чындыгында жоопкерчиликтен качуу, - деди ал. - Дүйнөдө бир да жолу башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөн эмес. Мамлекет өнүккөндө өзү эле парламентаризмге өтөт. Президенттик башкаруудагы көп мамлекеттер кедей жашап жатканын биз көрүп турабыз. Бул референдумдан эл утпайт. Кайсы башкаруу формасы өтпөсүн, элге пайда болбойт. Ушундай кедейчиликте жашай берет. Кандай окуялар болбосун, кийин «эл ушундай башкарууну тандаган» деп элге күнөө койбогула».

Юристтердин түшүндүрмөсү боюнча, референдумдун эки түрү бар. Алар бүткүл элдик добуш берүүдөн кийин сөзсүз аткарыла турган жана консультативдик деп бөлүнөт.

Экинчиси айтып тургандай эле ал милдеттүү түрдө аткарылбайт. Келерки жылдын 10-январында өтөрү күтүлүп жаткан референдум консультативдик деп саналат. Анда кыргызстандыктардан парламенттик же президенттик башкаруунун ортосунда сурамжылоо гана жүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров башкаруунун формасын аныктоо тууралуу референдум тарыхый окуя болорун айтты:

«Биз тарыхта биринчи жолу элден «Мамлекет кандай башкарууда жашасын?» деп сурап жатабыз. Анан алдын ала эле беш-алты депутат Конституцияны менчиктештирип алган жок да. Элде эки ача пикир пайда болду. Бир тарап Конституцияны жактап чыкса, экинчиси «өзгөртөлү» деди. Талаш болуп калганда элге суроо коюлу деп атабыз. Мунун эмнеси жаман?»

«Эл үчүн эбак эле чечип коюшканбы?»

Референдум өткөрүү боюнча демилге октябрь окуяларынан кийин келген жаңы бийликтин тушунда сунушталган Конституциянын жаңы долбоору коомчулукта ажырым жараткандан кийин көтөрүлгөн. Баш мыйзамды алмаштыруудан мурун башкаруунун формасын аныктап алуу боюнча бул сунуш чыңалып турган абалды басаңдатуу аракети катары кабыл алынган.

Референдумду колдогондор мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүүнү элдин талабы менен түшүндүрүшөт. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев муну суу кечпеген шылтоо катары сындап, бийлик анда элдин башка да талаптарын эске алышы керек экенин эскертти:

«Булар эмне үчүн ушундай имидждик курмандык менен так эмес максатка умтулуп жатышат? Андай болсо Конституциялык кеңешмени таратуу керек. Элден сурап туруп, анан жаңы Конституция жазыш керек да. Анда кеңешме эмне үчүн иштеп жатат? Же эл үчүн эбак эле чечип коюшканбы? «Сурасаң-сурабасаң да баары бир ушул долбоор өтөт» деп... «Элден сурайлы» деген көз боёмочулук болуп жатпайбы. Элден сурай турган болсок бардык вариантын сурайлы. Парламенттик республика, президенттик республика, аралаш республика бар. Биз аларды эмне үчүн көзгө илбей койдук? Мындан башка курултайчылар бар. Анда элдик республика киргизилиш керек».

Конституциялык реформадан биринчи референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин «кеңешме ишин токтотушу керек» деген талаптар күчөдү. Кеңешменин мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да референдум өткүчө ишти токтото туруу боюнча сунуш киргизди.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев болсо кеңешменин жалпы эле ишине коомчулуктун ичи чыкпай жатканын белгиледи:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Кыргызстанда конституциялык укук боюнча ашып кетсе онго жакын адис бар. Конституция – мамлекеттин мээси. Мээге операцияны нейрохирург гана жасай алат. Ошондой адистердин жетөө бүгүн (ред: Баш мыйзамдын жаңы долбооруна) каршы чыкты. Алар саясатчы эмес, бир да партиянын мүчөсү эмес. Биз адистердин сөзүн укпайлыбы?»

Конституциянын алгачкы варианты даяр болду

Ал арада Конституциялык кеңешме өз ишинин биринчи этабын бүтүрүп, Баш мыйзамдын алгачкы вариантын иштеп чыкты. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жана андагы секциялардын башчылары 11-декабрдагы басма сөз жыйынында билдиришти.

«Конституциялык кеңешме президенттин жарлыгы менен түзүлгөн, - деди Бекбосун Бөрүбашев. - Дагы кошумча жарлык чыгып «токтоткула» десе (ред: «ишти ушуну менен токтоткула» десе) токтотуп коёбуз. Бирок жарлыкта кеңешме ишин качан жыйынтыктай тургандыгына чек коюлган эмес. Биринчи баскычта секциялардын иши бүттү. Эми тексттерди юридикалык, лингвистикалык экспертизадан өткөрөбүз. Анан үчүнчү баскычта жалпы жыйынга алып чыгып бекитебиз».

Конституциялык кеңешме уюшулган учурда анда «Конституциялык түзүмдүн негиздери», «Жарандын жана адамдын укуктары жана эркиндиги» жана «Мамлекеттик бийлик органдары» аттуу үч секция түзүлгөн.

Конституциянын жаңы долбоорундагы курултай институтунун макамы талашка түштү. Кеңешменин мүчөсү, жазуучу Чолпонбек Абыкеев: «Долбоордо бул институттун статусу иштеп жаткан Баш мыйзамда каралгандан да төмөн болгону жатат» деп билдирди.

Ал «курултай - элдик бийликтин багыттоочу, кеңешүүчү, байкоочу өзү кабыл алган чечимин көзөмөлдөөчү эл өкүлчүлүктөрүнүн жыйыны» деген аныктаманы Конституцияга киргизиш керек деп эсептейт. Абыкеевдин сөзүнө караганда, кеңешмеде «курултай коомдук уюм катары калышы керек» деген пикирлер басымдуулук кылат.

«Элдик курултайга президент, Жогорку Кеңеш жылына бир жолу жылына бир жолу маалымат берип турушсун деген аныктама киргизгенге аракет кылып жатабыз, - деди ал. - Бул дээрлик кабыл алынбай атат. Азыр талкуу болуп жатат. Андан тышкары «өлкөдө курч кырдаал түзүлсө, Элдик курултайдын жыйыны кезексиз чакырылат» деп жазып атабыз. 5-октябрда болгондой окуялар болуп кетсе көчөдө таш көтөрүп чуркабай, курултай чогулуп чечип алалы деген сунуш».

Ал Элдик курултайдын мүчөлөрү 1000 адамга жетпеши керек деген ою менен бөлүштү.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун таптакыр жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейип, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алары, парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG