Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Студенттердин угулбай калган талабы


Кыргызстандагы окуу жайларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы окуу жайларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларынын студенттери окуу акысынын жарымын жоюуну талап кылып жатышат. Алар коронавирус пандемиясынан ата-энелер да, студенттер да жабыр тартканын билдирип, чоң сумма төлөөгө мүмкүнчүлүгү калбай калганын айтып даттанууда. Билим берүү жана илим министрлигинин жана университеттердин жетекчилери буга макул эмес.

Пандемиянын жаңырыгы

Көйгөйүн көтөрүп чыккан студенттер бул жолу социалдык түйүндөр аркылуу өнөктүк баштады. Алар «Фейсбукта», «Инстаграмда», «Телеграмда» жана башка сайттарда «STUDENTS KG» жана «STDNT.KG» аттуу канал-баракчаларында өз талаптарын жайгаштырды.

Алар биринчи кезекте бардык жогорку окуу жайларында 2020-2021-жыл үчүн окуу акысын 50% азайтууну талап кылышты. Муну алар дүйнөнү, анын ичинде Кыргызстанды каптаган вирустун кесепети менен түшүндүрүүдө.

Топтун мүчөлөрү ректорат, деканат жана окутуучулар аларды куугунтуктап жатканын билдирип, аты-жөнүн толук атоодон чочулап турушат.

Бишкектеги окуу жайларынын биринде окуган Кубанычбек «Азаттыкка»​студенттердин жүйөсүн келтирди:

Студенттердин баракчасы.
Студенттердин баракчасы.

«Коронавирус пандемиясы башталгандан бери ар бир үй-бүлөдө кыйынчылыктар болду. Көптөгөн ата-энелер жумушунан айрылды. Ошондуктан окуу акысын төлөгөнгө бардыгынын мүмкүнчүлүгү жетпей жатат. Биз таптакыр төлөбөйбүз деген жокпуз, болгону 50% гана арзандатып беришин талап кылып жатабыз. Окуу жайларынын орточо акысы жылына 30-35 миң сом. Мисалы, биздин окуу жайыбызда акыны 1000 сомдон 3000 сомго чейин кымбаттатып да салышкан. Анын үстүнө онлайн режимде жыргатып деле билим беришкен жок. Окутуучулар 2-3 айды «Zoom» же башка тиркемелерди үйрөнүүгө кетиришти, кийин деле сабакты эптемей кылып өтүп келишти. Анан китептерди же кайсы бир сайттардан шилтемелерди берип коюшат. Ушуну үчүн эми биз олчойгон суммаларды төлөшүбүз керекпи? Биздин бир жыл жөн гана текке кетти».

Бул топко чогулган студенттер эгер алардын талаптары аткарылбаса жакын арада нааразылык акцияларын баштай турганын же окуу жайларын сотко берерин кабарлашты.

Студенттер тобу азырынча бирдиктүү кайрылуусун президенттик шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаровго багыттап, ал ишке киришери менен карап, чечип беришин өтүнүшүүдө. Катта окуу акысынан сырткары паракорчулукка, акча чогултууга жана билим алуунун шарттарына байланыштуу да талаптар бар.

Жүйөлүү себептерден улам фамилиясын сыр бойдон калтырууну каалаган студент Милана мындайча кепке кошулду:

Студенттердин бири. Архивдик сүрөт.
Студенттердин бири. Архивдик сүрөт.

«Бул маселени биз сентябрдан бери көтөрүп келе жатабыз. Ошондон бери окутуучулар бизди окуу жайынан чыгарып жибере турганын айтып коркутуп келет. Билим берүү жана илим министрлигине расмий түрдө кат менен кайрылганбыз, аныбызга декабрда жооп алдык. Анда студенттердин келишим акысынан түшкөн каражатынын жарымы окутуучулардын маянасына, калган жарымы окуу жайын камсыздоого жумшалат деп көрсөтүлүптүр. Тырмакчанын ичинде дистанттык окутууга керектүү ноутбуктарга, Интернетке жана башкаларга жумшаларын жүйө келтиришиптир. Бирок бул үчүн жалпы бюджеттен 5 млрд. сом бөлүнүптүр, Интернетти болсо уюк байланыш операторлору мугалимдерге акысыз берген. Студенттер коронавирустун кесепеттерине карабай баарын өз жанынан чыгарды. Пандемияда ата-энелерибиз жумушсуз отурду, керек болсо жеп-ичкенге акча таба албай калгандар болду. Өлкөдөгү 120 миңдей студентте экиден ата-энесин алганда эле бул 500 миндей адамга оорчулук жаратууда. Ошол себептүү биз 50% арзандатылышын каалайбыз. Калган чыгашаны коронавируска байланыштуу донорлордон келген сумманын эсебинен жабууну талап кылабыз».

Милана менен Кубанычбек ушул эле студенттер тобунун координаторлору катары да уюштуруу иштерин алып барышууда. Алар белгилегендей, учурда бирикмеге Кыргызстандагы 30дай окуу жайынан 3 миңден ашуун студент кошулду. Ошол эле учурда ондогон ата-энелер да кирди.

Студенттердин онлайн өнөктүгү башталганына бир нече апта болду. Ар кайсы жайда билим алгандар ушул күндөрү түрдүү хэштег менен өз маалыматтарын бөлүшүп жатышат.

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев 13-январда «Биринчи радиого» маек куруп жатып, окуу акысын арзандатуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Кийин министрликтин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз байланышта да ушул темага токтолду:

Алмаз Бейшеналиев.
Алмаз Бейшеналиев.

«Пандемия жалаң эле Кыргызстанда жүрүп жаткан жок, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү ушул кырдаалга кириптер болду. Кыргызстандын экономикасында кыйынчылыктар болгону менен мисалы эң чоң көйгөйлөргө кабылган чакан жана орто ишкерликтин насыяларын билесиздер, ал тургай аларга да жеңилдиктер берилген жок. Бул мамлекеттин бюджетиндеги тартыштыкка байланыштуу. Менчик окуу жайларына «студенттердин келишим акысын азайткыла» деп басым жасай албайбыз. Анткени башынан эле менчик мекемеге барып жатканын билип, ошого жараша келишим түзүшкөн. Аны окуу жайынын жетекчилери менен студенттер өз ара чечиши керек. Ал эми мамлекеттик окуу жайларындагы жагдай боюнча сентябрь айында эле коомчулукка маалымат берилген экен. Мен 14-октябрдан баштап гана иштей баштагам. Демек, ошол эсептерде студенттердин келишим акысынан топтолгон каражаттардын 80% мугалимдердин, техникалык кызматкерлердин акысына кетет. Эгер студенттердин акысын 50% азайтсак, анда окутуучулардын да айлыгын 50% азайтышыбыз керек болуп калат. Бүгүнкү күндө ЖОЖдордо 17 миңдей мугалим, 7 миңдей техкызматкер бар. Айлыкты кыскартсак биз ушул 25 миң адамды да укугунан ажыраткан болуп калабыз. Ушул күндөрү эки окуу жайынын жамааты бизге кат жазып, «эгерде биздин айлыгыбызды кыскартсаңар, анда биз да коомчулукка кайрылып, флешмоб өткөрөбүз» деп жатат. Профессор, агай-эжейлерибиз эртең өкмөттүн алдында чыгып отурса, бул жакшы көрүнүш болбойт».

«Жеңилдик болот же болбойт»

Билим берүү жана илим министрлигинде ушул эле күнү министрдин орун басары Нурлан Өмүров жана министрликтин финансылык башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова баштаган топ жагдайга байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрүп, түшүндүрмө берди. Анда бир нече окуу жайынын жетекчилери да чыгып сөз сүйлөштү.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова анда мындай деди:

«Албетте, азыр биздин өлкө үчүн, ата-энелер жана студенттер үчүн абдан оор учур болуп турат. Бирок түшүнүп койсоңуздар, ЖОЖдор студенттердин каражатынын эсебинен гана жашайт. Студенттерге билим берип, ошону менен гана айлык алабыз. Бизде башка киреше жок. Окуу жайыбыздагы негизги эле кызматкерлерди алганда 700-800дөй киши бар. Доктор, кандидаттык даражага ээ, катардагы окутуучуларыбызды кошкондо бизде жалпы айына 35 млн. сомдой каражат кетет. Азыр каражатын төлөй албай жаткан ата-энелерге айтаарым - биз силердин шартыңарды кароого барабыз. Этап-этап менен, бөлүп төлөө мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз».

Деген менен жагдайга көз салып турган байкоочулар өкмөт, Билим берүү жана илим министрлиги жана көпчүлүк жогорку окуу жайлары студенттердин арыз-муңуна көңүл бурбай, ал тургай диалогго келбей жатканын айтып айыптоодо.

Билим берүү тармагында жумуш алып барган ишкер Нурсултан Кубанов бул жагдайга нааразы болду:

Нурсултан Кубанов.
Нурсултан Кубанов.

«Окуу акысын кыскартуу экинчи орунга түшкөнү калды. Биринчи маселе - студенттерге эч кандай реакция болбой жатканы. Тиешелүү органдарга кайрылышса эч ким жооп бербей жатат, багыт бербей жатат. Маселен, кийинки жылдан баштап төлөөгө уруксат берип, убактысын коюп берүү сыяктуу ыкмаларды сунуш кылышса болмок. Мамлекет студенттерге көңүл бурбай жатат. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын карасак, пандемияда жалаң эле окуу жайларына эмес, бүт бардык тармактарга көзөмөл кылып, жеңилдиктерди берүүгө аракет кылышты. Бизде «өзүңөр чечип алгылачы» дегендей мамиле болуп жатат. Тийиштүү министрлик бул боюнча керек болсо жума сайын комментарий берип, аткарылып жаткан иштер боюнча тактап айтып туруш керек эле. Отчёт берип, чечүүнүн жолдорун сунуш кылыш керек болчу. Тилекке каршы андай болгон жок. Пандемияда дээрлик ар бир үй-бүлөдө жоготуулар болду да. Ошондуктан азыр элге моралдык жактан оор. Иштейин десе иш жок, базарда баары кымбатчылык. Элде акча жок. Ушундай шартта ата-энелерге мүмкүн болушунча жеңилдик берүү жагын караштыруу зарыл».

Кыргызстанда жалпысынан 68 жогорку окуу жайы бар. Мунун 35и жеке менчик, 33ү мамлекеттик.

Мында жалпысынан 220 миңден ашык студент бар. Алардын 120 миңден ашыгы күндүзгү режимде, 80 миңден ашыгы сырттан окуйт. Калганы кечки жана дистанттык негизде билим алчу. Бирок 2020-жылдын башынан тартып бардык эле студенттер аралыктан окуп келе жатат.

Мурдараак менчик мектептерде жана лицейлерде балдарын окуткан ата-энелер да окуу акыларын кайра карап чыгууну талап кылышкан. Алар адатта балдары билим берүү мекемелеринде үч маал тамактанып, эртеден кечке чейин жүрөрүн, пандемия учурунда алар онлайн окуп жаткандыктан ашыкча чыгып кетпегенин билдиришкен. Ошол себептүү алар акыны арзандатыш керек экенин айтышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG