Нөшөрлөп жааган жаандан кийин асманда «КҮН ЖЕЛЕСИ» чыгат деп үмүттөнүп жүргөм... Тилекке каршы, билим берүүдөгү «бороон-чапкын» жаз айларына чейин уланмакчы болуптур.
«Ойчул ойлонгуча, тобокелчи тоо ашыптыр» деген сөздүн маңызын билсек деле, баары бир тобокелдикке баруудан тайсалдап турабыз.
Албетте, мамлекетибиздеги саламаттык сактоо тармагында абал ич жылытарлык эмес. «Жогорку окуу жайларындагы окутууну толук реалдуу режимге өткөзүп салса, массалык түрдө студенттер ооруга чалдыкса, анда кандай кылабыз?» деген суроого жооп табуу кыйын.
Кыска ойлуулук менен ойлогондо, балким, студенттердин кээ бир ата-энелери онлайн окуунун улантылышын кош колдоп жактырышар, себеби жандай көргөн уул-кызы кашында турат, шаарга барса - акча, кийим-кече, квартира.
Бул онлайн нерселерге азырынча ата-энелердин чөнтөгүнөн тыйын кетпей эле тургансыйт... «Медалдын эки тарабы болот» дейт. Ар бир окуянын да «бирогу» бар экен, көрсө.
Ооба, убакыт билинбей өтүп жатат. Биз болсо онлайн билим алуубузду улантуудабыз. Бул күндөрдө ноутбуктун, уюкфондун курмандыгына айлануудабыз. Суткасына минимум 6-7 саат уюкфондо сабак окуп, тапшырма аткарууга туура келет. Жана ошол эле учурда Интернеттин ылдамдыгы да өтө жай болгондуктан, кээде сабакка катыша албай калабыз.
А бирок ал нерсени айрым мугалимдер түшүнө беришпейт экен.
Кээ бири бизге: «Интериңерди оңдогула!» - деп буйрук беришет.
Тилекке каршы, аны (Интернетти) күчтөндүрүү биздин колдо эмес экендигин түшүнүшпөйт.
Баарыбыз билгендей, уюкфондо Интернет алсыз болгон учурда зыяндуу нурлар өтө көп өлчөмдө чыгат. Ал нерсенин ден соолук үчүн канчалык деңгээлде зыян экени бизге маалым.
Кээде мындайча ойлор келет - саламаттык сактоо тармагы азыркы учурда онлайн окуп жаткан 10 студент менен кинотеатрларда, кафелерде иштеп жүргөн 10 адамдын көзүнүн көрүшүн текшерип көрүшсө... Жыйынтыгы баарыбызга кызык болуп жатат.
Аралыктагы окутуудан алган билим мен үчүн Боом капчыгайында эле калып калгандай сезиле берет. Оштогу, Баткендеги, Таластагы тайпалаштардын ала турган билиминин көбү Төө-Ашуудан аша албай, ошол жакта калып калгандай туюлат...
Билбейм, 3-4 жылдан кийин бизден кандай адистер чыгат, келечек кандай болот. Деги эле жакынкы жылдарда аралыктан алган билимдин «жымсалдаган» ахыбалынын натыйжасынын зыянын дүйнө коомчулугу сөзсүз тартаары - турган иш.
Келечек - билимдүү жаштарда. Бирок азыркы башаламандыкта канчалык деңгээлде билимдүүлөр тарбияланып жатат?..
Өлкөбүздө кээ бир жогорку окуу жайлары талапты күчтүү деле койбойт экен, көрсө... Мен кай бир университеттердин студенттери окуу учурунда кафелерде, тигүү цехтеринде, базарда иштеп жүргөндөрүн көп көрөм, угам.
Албетте, алар сабакка келген жок (КЖ) деп жазылышат, бирок иштеп тапкан акчасынын бир бөлүгү ошол КЖ дегенди жоюш үчүн, дагы бир бөлүгү экзамендеги «2», «3» деген бааларды «жакшы», анан калса «эң жакшы» деген баага өзгөртүш үчүн коротулат.
Ал акча бааны өзгөрткөн күндө да, билимди өзгөртө албасы өкүнүчтүү. Биз, онлайн окуп жаткандар, келечекте көзүбүздүн эрте көрбөй калышынан, анан дагы бизден мыкты адистер чыкпай калышынан коркуп турабыз.
Онлайн окууну акча менен бүтүргөндөр келечекте көзүнүн көрүшү биздикинен жакшы болсо дагы, иштин көзүн көрө албай, өз тармагын артка эмес, төмөнгө карай тартышары айтпаса да белгилүү...
Мына ушундай шартта биздин мамлекеттин экономикасы жакынкы жылдарда көтөрүлө алабы? Кыялыбыздагы өлкөнү кура алабызбы?!
Адил Какенов,
блогчу.