Азия чемпионатына 16 өлкөдөн спортчулар келип, жалпы катышуучулардын саны 100гө жакындады. Мелдеште алп балбандардын таймашына федерациянын атайын белеги жана 100 миң сом баш байгеге коюлду.
Кыргыз күрөш боюнча биринчи Азиянын ачык чемпионаты болуп жаткандыктан уюштуруучулар иш-чаранын деңгээлин эл аралык стандартка шайкеш келтирди. Ал үчүн чоң мониторлор орнотулуп, спортчулар күрөш учурунда талаш жерлерди дароо элдин назарында кайра кайталап көрө алышат.
Азыр күрөштүн кайсы түрү болбосун эл аралык талап ушундай болуп калганын мелдештин башкы калысы Автандил Анарбаев маалымдады:
- Буга чейин кыргыз күрөш боюнча ири масштабда Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештерди айта алчубуз. Мына эми Азиянын деңгээлинде биринчи жолу өтүп жатат. Бул ачык чемпионат болгондуктан катышуучу мамлекеттерге чектөө койгон жокпуз.
Жалпысынан балбандар жети салмактык категориясы боюнча күч сынашты. Мелдештин алгачкы күнүндө кыргыз балбандары эки алтын медаль алганга жетишти. Алар 66 кг салмактагы Асанкелди Нуркасым уулу жана 84 кг салмакта Бектуркан Кожомуратов.
Ошондой эле 96 кг салмактан жогору Тилек Куралов менен 55 килограммдагы балбандар арасында күрөшкөн Эламан Базарбек уулу коло байге алганга жетишти.
Ал эми мелдештин экинчи күнү балбандарыбызга биринчи орундарды алып келген жок. Ошентсе да Байыш Тажыгул уулу, Санжар Аманов жана Тыныстан Сүйүнбеков команданын капчыгын күмүш медалдар менен толтурушту.
Финалда орус балбанына утулуп калган Байыш Тажыгул уулу кыргыз күрөшүндө атаандаштар турнир сайын күчкө толуп жатканын моюнга алды:
- Кыргыз күрөш бардык бел боо күрөштөрүнүн ыкмаларын колдонот. Бул жерде бир жаза басуу менен бүтүндөй жеңишти алдырып жибересиң. Өзүм финалда утулуп калганыма ызаланып турам, ошентсе да атаандашымды куттуктап өтөм.
Чемпионат алп балбандардын кармашында кызыды. Бул бөлүктө балбандар салмакка карабастан баш байгеге коюлган чемпиондук калканга ээ болуш үчүн килем үстүнө чыгышты. Алардын ичинде кыргыз балбандары Тилек Куралов менен Нурбек Кожобеков да бар.
Эл аралык Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев чемпиондук калкандын так баасын айткан жок, ошентсе да кымбат баалуу экендигин билдирди:
- Бокста атайын чемпиондук кур берет эмеспи, биз болсо улуттук колоритти эске алып баатырлардын калканын жасаттык. Жеңүүчү чемпион бул калканды өз өлкөсүнө алып кетет. Ал эми кийинки чемпионатка ушунун жаңы үлгүсүндө башкасын жасатабыз. Алп балбанда экинчи жана үчүнчү орун деген жок, чемпионду гана аныктайбыз жана калкан менен кошо 100 миң сом ыйгарабыз.
Алп балбандардын салмагындагы мелдештерге жалпысынан 20га чукул спортчу катышты. Иргелип отуруп финалга кыргызстандык Нурбек Кожобеков менен моңголиялык Анар Дорж жетип келди. Эки балбан бири-бирин жакшы таанып, ар мелдеште бирде Кожобеков, бирде Дорж жеңип келген.
Бул ирет Нурбек Кожобековго өз үйүнүн дубалы жардам берсе, Анар Дорж атаандаштан бир нече килограммга көп салмагы жардам берип турду. Натыйжада моңголиялык балбан эсепти 3:2 кылып, алп балбандардын чемпиону аталып, чемпиондук калканды алып кетти.
- Мен Кыргызстанга ыраазымын. Бул турнирде эң эле күчтүү атаандашым Нурбек Кожобеков болду. Мен аны жакшы тааныйм жана чындыгында күчтүү деп эсептейм. Ошентсе да мен бул чемпионатка жакшы даярдык менен келдим. Кийинки дүйнө чемпионаты 2020-жылы Моңголияда болот жана баарыңыздарды ошол жакка чакырып кетмекчимин. Биз да өз кезегинде кызыктуу чемпионат өткөрөбүз деп убада берем, - деди моңголиялык балбан «Азаттыкка».
Учурда дүйнөнүн 20ан ашык өлкөсүндө кыргыз күрөш боюнча федерациялар ачылып, иштеп жатат. Бул спорт кыргыз күрөш деп аталгандыктан андагы калыстар да улуттук колоритке басым жасап, башында ак калпак болсо, кийимдерине улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн.
Бишкектеги кыргыз күрөш боюнча Азия чемпионатын өткөрүүгө мамлекет тарабынан 1 млн. 400 миң сомдун тегерегинде каражат бөлүндү. Мындан тышкары Кыргыз күрөш федерациясы да кошумча каражат бөлгөнүн билдирди. Аталган спорт боюнча кийинки дүйнө чемпионатын 2020-жылы Моңголияда өткөрүү пландалууда.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.