Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Кыргызстандын калкы 9 миллионго жетеби?


Иллюстрация
Иллюстрация

2040-жылга чейин Кыргызстандын калкынын саны 9 миллионго жакындашы мүмкүн. Калктын өсүү динамикасы социалдык-экономикалык абалга шайкеш келеби? Өкмөт кандай тобокелдиктерди эске алышы керек? Калктын демографиялык абалы, сапаттуу жашоосу, бакубат келечеги эмнеден көз каранды? “Арай көз чарай” талкуусу ушул жана башка суроолорго жооп издеди.

Талкууга Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев, калк таануу адиси Чоро Сейитов, коомдук ишмер Алмаз Кулматов, Бириккен улуттар уюмунун калк фондусунун жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров

Өсүү темпи жана экономика

Зайнидин Жумалиев
Зайнидин Жумалиев

Зайнидин Жумалиев: Кыргызстан калкынын саны - 1-январга карата 6 млн. 756 миң. Бул 2009-жылкы эл каттоодон бери калкыбыз 1 млн. 330 миңге көбөйдү дегенди билдирет. Жыл сайын калк 1,8 пайызга өсүп жатат. Алардын 49% - эркектер, 51% - аялдар.

Бактыбек Кайназаров: Улуттук статистика комитети берген маалыматтарга таянсак, калктын өсүшү жылына болжол менен 100 миңден көбөйүп жатат. Башка мамлекеттер менен салыштырсак, биз жакшы эле баратабыз. Акыркы эл каттоону, бүгүнкү статистикалык маалыматтарды салыштырып карасак, биз бүгүн Израил мамлекети менен бир темпте турабыз. Калктын өсүшү боюнча Борбор Азиядагы кошуналардан алдыдабыз. Тажикстандан эле арттабыз. Эгер ушундай эле багытта барсак, 2030-жылдары 7,5 миллиондон ашып, 8 миллионго жакындап калабыз.

Чоро Сейитов: Калкыбыз жылына 150-170 миңдей өсүп жатат. Өлүмдү эске алганда, өсүш 120-150 миңдей. Албетте, 90-жылдары абалыбыз оор болчу. Өлүм көбөйүп, социалдык-экономикалык абалыбыз начарлап, миграцияга байланыштуу төрөт да кыскарып кеткен. 2000-жылдан бери өлүм азайып, төрөттүн динамикасы өсүүдө.

Калктын өсүү темпи менен экономиканын динамикасында шайкештик бар десек болот. Мисалы, 2000-жылы төрөлгөн балдар эмгек рыногуна кире баштады. Бирок ички эмгек рыногу бардыгын жайгаштыра албай, эл канча жылдан бери жумуш издеп сыртка кетип жатат. Бул жумуш жоктон эмес, акы аз төлөнөт, жогорку деңгээлдеги адистер талап кылынат. Бул жагынан да биз жоготууларга учурадык. Экинчи жагынан, демографиялык дивиденд деген түшүнүк бар. Биз ошону жоготуп жатабыз. Азыр элибиздин салымы башка өлкөлөрдө калып жатат. Ошол демографиялык дивидендди колдонуу мүмкүнчүлүгүн кайтарып алууга алдыда дагы 50-70тей жыл бар.

Мисалы, Жапония баштаган “Азия жолборсторунун” экономикалык өсүшү калктын өсүшүнө байланыштуу болгон. Ал өлкөлөр калкынын санынын өсүшүнө жараша инвестиция салышты. 80-90-жылдары билим берүү, социалдык капитал, саламаттык сактоо саясатын туура жүргүзүү аркылуу дивиденд алышты. Биз дагы экономикалык жактан ушундай дивидендди колдонуп, инвестиция салсак, жумуш орундар пайда болуп, экономикалык мүмкүнчүлүктөр кеңейет.

Демографиялык саясат

Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов: Демографиялык саясат - мамлекеттик саясаттын анабашы. Ар бир мамлекеттин негизги функциясы - өзүнүн калкынын коопсуздугун, бейгамчылыгын камсыздоо. Калктын санын каттоо жөн эле эсептеп коюу эмес. Кандай жашайт, кантип окуйт деген өңдүү жүздөгөн көрсөткүчтөрдү аныкташ керек болот. Демографиялык абалды анализдөө, прогноздоо институту болушу керек. Дагы стратегиялык пландоо функциясы бар. Демографиялык саясаттын концепциясын иштеп чыгабыз деп азыркы бийлик аттанып жатат. Буга чейин ал жок болчу.

Борбор Азия алкагынан алганда, өсүш темпи жогорулаганы менен биз аз эл бойдон кала беребиз. Негизи кыргыз башка чукак эл. Анын тарыхый факторун да ойлонушубуз керек. Демография - калктын санын көбөйтүү, сапатын жакшыртуу. Саны жагынан өсүп атабыз. Бирок сапатын караш керек. Эмнени тандайт, эмне ичип-жейт, кантип оокат кылат? Иденттүүлүк маселеси бар. Мисалы, биз каттаган жаран өзүн Кыргызстандын жаранымын деп эсептейби? Улуттук, диний, социалдык ж.б. иденттүүлүккө келгенде бир нече жылдардан кийин олуттуу проблема жаралышы мүмкүн. Иштелип жаткан концепцияда азыркы бийлик ошол маселенин тегерегинде ойлонуп жатат го деген ойдомун.

Чоро Сейитов: Азыр концепциянын долбоору иштелип, аягына чыгып калды. Бул президенттик администрациянын демилгеси менен ишке ашып жатат. Төрт отурум өттү. Анда экономикалык, социалдык, диний багыттагы эксперттердин ар бири өз сунуштарын беришкен. Ошол сунуштарды чогултуп, концепциянын долбоорун даярдадык. Эң негизги маселе -демографиялык процесстерди жөнгө салуу жана башкаруу. Концепция биринчи жолу иштелип чыгып жаткандыктан, оңой болгон жок. Мисалы, экономикада беш жылды божомолдосок жетиштүү болот. Демографияда 20, 30, 40 жылдык божомолдор менен иштеш керек. 20, 30 жылдык муундар менен иштейбиз. Азыр эми акыркы баскычы калды. Жөнгө салуу жагынан сунуштар кабыл алынса эле долбоор бүтүп, талкууга чыгат. Быйыл жыйынтык чыгат деп жатабыз.

Бактыбек Кайназаров: Албетте, документ мамлекеттик кызыкчылыкка ылайык иштелип чыгат. Кээ бир мамлекеттер калкынын саны өспөй калгандыктан, мисалы, Орусияда “эне капиталы” өңдүү өз механизмдерин иштеп чыгууда. Кытай калктын саны өсүп кеткендиктен чектөө киргизген. Индияда, Бангладеште калктын саны жогору. Калктын саны өтө көбөйүп кеткенде инфрастурктурага, башка жактарга таасири чоң болот. Ошондуктан, концепцияда калктын санынын өсүшүн, миграциялык агым эске алынат. Калктын сапаты деген маселе да абдан маанилүү. Анткени, калктын көбү жаштар, мунун алардын билимине, ден соолугуна таасири бар. Мисалы, миграцияга кеткен жаштар билимсиз, балдар ата-энесиз калып жатат. Үй-бүлөлүк, этникалык көйгөйлөр бар. Аларга карата багыттоо саясаты болушу керек. Кыскасы комплекстүү каралууда.

Миграция таасири

Чоро Сейитов: Азыр иммиграциялык саясаттын 2030-жылга чейинки концепциясы бар. Экинчиден, миграциялык кызматты Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тейлейт. Ар бирине квоталар берилет.

Мамлекет иммиграцияга макулдук берет. Бирок ал сапаттуу болушу керек. Башка өлкөлөрдөн квалификациясы жогору иммигранттар келсе, аларга жок дебеш керек. Биз жогорку квалификациядагы адистерди тартышыбыз керек. Себеби, алардын социалдык капиталы жогору, билими жакшы, капиталдары менен келишет. Мисалы, Испаниядагы инквизиция маалында жөөттөр Нидерланддарга билими, капиталдары менен кошо көчкөн. Ошондон баштап ал өлкөнүн банктык капиталы өсө баштаган.

Алмаз Кулматов: Өтө билимдүүлөр каптап кетип эле IT, башка тармактарды өнүктүрөт деген деле болбойт. Бирок, жумуш, бак-таалай издеп, оокат кылам деп кеткен миллиондон ашык калкыбыздын 20-30 миңи бир убакытта келип алса, алар өлкөнү да, өзүн да, өкмөттү кыйнайт. Биз пандемия убагында кабыл ала албай, келбегиле деп турбадыкпы. Азыр эми Орусиянын акыбалын көрүп жатабыз. Жанагыдай санкциялар жанын койбойт. Жумуш орундар кыскарат.

Зайнидин Жумалиев: Кыргызстанда калктын 65 пайызы айыл жеринде жашайт дейбиз. Айыл жеринде 1 млн. 270 миң гектар жердин 1 миллионго жакынын элге таратып бергенбиз. Муну эмне үчүн иштетпейбиз? Айыл чарба азыктарынын 12-15 пайызын эле кайра иштетебиз. Калганын чийки түрүндө Казакстанга, Орусияга жөнөтөбүз. Биздин миграцияда жүргөн кыз-жигиттердин көбү акчалуу болуп, ирденип калды. Бул жерде жаңы курулган турак жайлардан 30-40 пайызы үй сатып алып жатышат. Жок эле дегенде ата-энесинин үйү бар. Алар келип, Кыргызстандын экономикасын көтөргөнгө, жумуш орундарын түзгөнгө салым кошсо болот. Ошондуктан, мигранттар кайтып келсе коркунуч болот деген туура эмес деп ойлойм. Ар бир кыргыз Орусиядабы, Түркиядабы, патриот болуш керек. Ушуга көңүл бурушубуз керек. Бул жерге келип, жумушубуз жок деген жалкоонун гана иши болот.

Бактыбек Кайназаров: Буга позитивдүү караш керек. Сыртка чыккандар – жаштар. Албетте, алар келсе кыйынчылык жаралат. Бирок, бул мамлекет үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп атат. Жаштарда идея көп, аларды кызыктырып, IT сыяктууларга багытташ керек. Тышта кара жумушта иштеп атышат. Жапония, Түштүк Корея өңдүү “Азия жолборстору” өз калкын туура пайдалангандыктан, өсүү жакшы болгон. Алдыдагы 10-20 жылдаагы чоң чакырык - “демографиялык бонусту” кое берип жиберүү. Албетте, муну алдын алышыбыз керек. Адам ресурсу – чоң байлык. Европада бул жок. Кээ бир ишкерлер өзүбүздүн жумушчуларды, куруучуларды, таппай калып, Өзбекстандан башка жактан алып келип жатышат.

Кошуналардан озобуз

Алмаз Кулматов: Фергана өрөөнү калктын жыш жайгашкан аймактарына кирет. Ресурстар үчүн күрөш күчөйт. Мамлекеттер “түбөлүк дос” боло албай турганын көрдүк. Эң жакын элдер “атайын операцияларга” барып жатат. Биз ушул жагын да ойлонушубуз керек. Суу стратегиялык байлык деп карап отурбай, аны башкарып, ээлик кылыш керек. Айыл чарба жерлерин кантип натыйжалуу пайдаланыш керек дегенди өкмөттөр ойлонуп жатса керек. Соңку окуялар ойлонуу процессин дагы тездетти. Мамлекеттер ортосунда атаандаштык күчөдү. Евразиянын ичинде эле ага чейинки “түбөлүк достук келишими” болуп туруп капиталыбызды, товарыбызды киргизип-чыгара албай турабыз. Муну да ойлонушубуз керек.

Бактыбек Кайназаров: БУУнун божомолу боюнча калктын санында 40-50 жылга чейин өсүү болот. 10 жыл сайын миллиондон кошулуп турат. Кыргызстандын өзүндөгү эл каттоо (27-мартта кезектеги эл каттоо башталат – ред.) да жакшы мүмкүнчүлүк. Калктын келерки 10-20 жылдык сапатын аныктоого, өлкөнүн өсүшүнө чоң өбөлгө түзөт. Балдардын, аялдардын санына, билимине, билимсиздигине жана башка көрсөткүчтөргө жараша структуралык өзгөрүүлөр аныкталат.

Албетте, өсүш жакшырып, келерки 2035-жылдары 8 миллионго, 2040-жылдары 9 миллионго жакындап барса деле Кыргызстан Борбор Азиядагы калкы аз өлкө бойдон калат. Мунун карым-катышка таасири болот. Коңшулардын санынын өсүшүнө жараша миграция болушу мүмкүн. Ага даяр турушубуз керек. Өзбексан, Тажикстан, Кытай өңдүү кошуналарбызы менен экономика, билим деңгээли жагынан теңме-тең болууга умтулушубуз керек.

Чоро Сейитов: 2040-жылга чейин Кыргызстандын калкынын саны болжолдуу 8,2 - 8,3 миллион болот. Ага жараша инфраструктура, экономика, социалдык тармактар да кеңейиши керек болот. Талаптар өсөт. Мисалы, бир эмес, эки оорукана же бир эмес үч мугалим керек болуп калышы мүмкүн. Экинчи жагынан, калктын санынын өсүшү - ресурс. Азыр ар бир киши ар бир жаңы ачылган мунай деп айтып келатышпайбы. Билим, саламаттык сактоо тармагына эң чоң инвестиция кылсак социалдык-экономикалык абалыбыз туура багытка кетет, оңолобуз. Ошондуктан, бүгүн адегенде эле илим-билим, ден соолук саясаты оңдошубуз керек.

Миллиондогон, миллиарддаган ресурстарыбыз жок. Бирок, “чемпион багыттар” деп коет, бир-эки негизги багытка инвестиция кылсак, мультипликативдик эффект аркылуу башка тармактарды тартып кетиши мүмкүн.

“Арай көз чарай” берүүсүнүн видеосун толугу менен бул жерден көрүңүз:

Кыргызстандагы демографиялык абал: келечек жана тобокелдик
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:07 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG