Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Жалал-Абаддагы өрттүн кесепети


Өрттөн кийинки көрүнүш.
Өрттөн кийинки көрүнүш.

Жалал-Абаддагы мунай базасында чыккан өрттө эки цистернадагы болжол менен 3 миң куб метр мунай күйүп кеткени айтылууда.

Учурда тийиштүү адистер өрттүн себептерин жана чыгымдарды иликтеп жатышат. Шаар бийлиги болсо нефтебазага жакын, кооптуу аймакта мыйзамсыз жашаган тургундардын маселесин чечүүгө киришти. Мындан ары тийиштүү адистер бардык базалардагы өрт коопсуздугунун эрежелерин толук көзөмөлгө алмай болду.

Калаанын Көк-Арт кичирайонундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканада 10-май күнү чыккан өрт дээрлик күнү бою уланып, түнкү саат 00:30дар чамасында гана толук өчүрүлдү. Ош, Жалал-Абад шаарларынан тартылган өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн баары өз жумушуна кайтып, учурда бир бригада кырсык болгон жерде иштеп жатат. ӨКМдин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова өрттүн кесепеттери аныкталып жатканын кабарлады:

«Учурда кырсык болгон жерде биздин адистер анын кесепеттерин аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө. Азырынча өрт эмнеден келип чыккан так айтууга болбойт. Ал үчүн лабораториялык экспертиза жүргүзүлөт. Өрт өчүрүүчү бир бригада кырсык болгон жерде өрттөн кийинки кырдаалды жөнгө салуу боюнча нефтебазанын кызматерлери менен кошо иш алып барып жатат».

Өрт чалган мунай базасы саясатчы Камчыбек Ташиевдин туугандарына таандык. Ташиев 10-майдагы өрт өчүрүү иштерине өзү да аралашып, соңунда жалынды басууга тартылган бардык кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Өрт өчүрүүдөгү силердин аракетиңерди көрүп, силер менен бирге ушул жерде аралашып жаттым. Бул үчүн мен силерге жана силердей тайманбас кызматкерлерди тарбиялаган ата-энеңер менен командирлериңерге рахмат айткым келет. Кудай насип экен, силер менен кайра аралашып жатам. Орозо кармап жаткан өрт өчүрүүчүлөр аптаптуу ысыкка карабай, жалынды басууга аракет көрүштү. Буюрса жакынкы күндөрү сиздер менен бирге отуруп ифтарлык кылабыз деген ниеттемин».

Баштапкы маалыматтарга караганда мунай базасында чыккан өрттө эки цистернадагы 3 миң куб метр мунай күйүп кетти. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Майрамбек Адылбеков билдирди. Мэрия ушундан улам жыйын куруп, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мунай иштетүүчү ишканалардын жана күйүүчү май сатуучу жайлардын коопсуздук чараларын текшериш үчүн тийиштүү комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алды.

«Алдыдагы күндөрү комиссия шаардагы бардык мунай базаларынын жана күйүүчү май саткан бекеттердин техникалык коопсуздук эрежелери текшерилет. 10-май күнү болгон өрт бир топ кемчиликтер бар экенин айгинеледи. Буга чейин күйүүчү май саткан бекеттерди шаар аймагына жана калктуу конуштардын арасына курууга тыюу салуу боюнча иштер жүрүп жаткан. Эми аларды да жандантабыз», - деди вице-мэр.

Жалал-Абаддагы мунай базасы өрттөн кийин.
Жалал-Абаддагы мунай базасы өрттөн кийин.

Мунай базасындагы өрттөн улам жакын жерде жашаган 2 миңдей адам эвакуацияланган. Кечке жуук жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайта баштаган. Тийиштүү адистер учурда 400 үй-бүлө шаардын Көк-Арт кичирайонундагы өнөр жай зонасында мыйзамсыз жашап жатканын билдиришүүдө. Кырсыктан улам базага жакын жайгашкан турак жайлардын коопсуздугун кароо маселеси башкы орунга чыкты. 2015-жылдан бери өнөр жай зонасында асфальт-бетон заводун иштетип келе жаткан ишкер Сайдулла Чимбердиев шаар бийлиги бул маселени чечиши керек деп эсептейт.

«Азыр «ал жакка барсаң атың, бул жакка кетсең өзүң өлөсүң» дегендей кырдаал түзүлүп жатат, - деди ал. - Өнөр жай зонасына азыр да турак жай курулуп жатат. Биз аларды токтотууну жана чара көрүүнү шаар бийлигинен жана Мамэкотехинспекциядан талап кылганбыз. Бирок андан азырынча жыйынтык жок. Жашап жаткандардын баарынын үйлөрү мыйзамсыз курулгандыктан жашоочулар катуу талап кое алышпайт. Тийиштүү тараптар бул маселени чечпесе кечээгидей кырдаалда коопсуздук жагы коркунуч жаратат экен. Калктуу конушту мыйзамдаштырып же өнөр жай тармагын токтотуш керек. Анткен менен мамлекетке миллиондогон кирешени ушул ишканалар берет. Шаардын казынасын негизинен ушул өнөр жай тармагы толтурат. Өнөр жай аймагына жакын жайгашкан, Сузак районуна караштуу жаңы конуштарга эчак эле документтер берилип кетиптир. Шаардын жетекчилиги бул маселеде азыр баш катырып жатат».

Бул айтылгандарга шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков жагдайды мындайча түшүндүрдү:

Майрамбек Адылбеков.
Майрамбек Адылбеков.

«Өнөр жай зонасына турак жай салууга таптакыр мүмкүн эмес, - дейт ал. - Ага карабай учурда 30га жакын үй-бүлө жашайт. Мындан сырткары жеке ишкер Бактияр Шерматов 5 гектар жерди да турак жай курууга берген. Кадыржан Батыровдун 9 гектар жерин да 2005-жылы тургундар басып алып, ал жерде да мыйзамсыз курулуштар бар. Жалпысынан ушул жерлерде 400дөн ашык үй-бүлө эч кандай уруксаты жок, мыйзамсыз жашап жатат десек болот. 8-май күнү ушул тургундар менен тийиштүү адистердин катышуусунда жолугушуу өткөрүп, аларга түшүндүрүү иштерин алып барганбыз. Өрттөн кийин алар да өз өмүрү жана коопсуздугу тууралуу ойлонушу керек».

Талап боюнча күйүүчү май сатуучу бекеттерде 200 литр, ал эми мунай базаларында 5 тонна өрт өчүрүүчү көбүк болууга тийиш. Бирөк ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закировдун пикиринде, айттырбай келген кырсык айрым ишканаларда өрт коопсуздугунун эрежелери толук сакталбаганын көрсөттү.

«Мунай базасынан талап боюнча турак жайлар 500 метр аралыкта жайгашуусу зарыл, - деди мекеме өкүлү. - Азыр болсо 40 метрден кийин эле жашоочулардын үйлөрү бар. Бул коркунуч жарата турган жайгдай. 10-майдагы өрт учурунда мунай базасында тийиштүү деңгээлде көбүктүн жетишсиздиги байкалды. Биз өрт өчүрүүгө кошуна мунай базаларынын жана «Кыргызмунайгаз» ишканасынын өрт шаймандарын колдонууга мажбур болдук. Мунун баары өрттүн кесепеттерин аныктоо иштеринде каралат».

Жалал-Абад шаарында мунай базасында болгон кырсык өрт өчүрүүчүлөрдүн да дараметин сынагандай болду. Учурда социалдык тармактарда өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттерине жакшы сөздөр айтылганы менен техниканын абалы сынга кабылды. Жалынды өчүрүү учурунда Сузактан суу ташып келе жаткан бир машине бузулуп калган. Мындан сырткары шаарда көбүк тартыш экени, автошатынын жоктугу билинди. Ушундан улам Ош шаарынан кошумча күч тартууга жана көбүк алдырууга туура келди.

Учурда өрттүн себеби расмий айтыла элек. Баштапкы болжолдуу маалыматтарга караганда май куюучу автоунаадан жалын тутанган. Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагына таандык, анда төрт мунай базасы жана бир топ заводдор жайгашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG