Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Башкаруу формасын «талашкан» талапкерлер


Президенттикке талапкер саясатчылар. Коллаж.
Президенттикке талапкер саясатчылар. Коллаж.

Президенттикке талапкерлердин айрымдары өздөрүнүн үгүт иштери менен кошо мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча позицияларын да билдирип жатышат.

17-18-декабрь күндөрү КТРКдан беш талапкер - Рашид Тагаев, Садыр Жапаров, Равшан Жеенбеков, Клара Сооронкулова, Жеңишбек Байгуттиев 10 мүнөттөн сүйлөдү.

Президенттик башкарууну сындаган жана жактаган талапкерлер

Президенттикке талапкерлердин бири, шайлоого катышып жаткан жалгыз аял Клара Сооронкулова үгүт иштеринин алкагында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) эфиринен шайлоочуларга кайрылып, Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгени кескин сындап, парламенттик башкаруу системасын жактай турганын билдирди.

Сооронкулова азыркы парламентке «көз каранды» деп баа берип, бийликке келсе күчтүү Жогорку Кеңештин куралышына шарт түзөрүн белгиледи.

«Чыныгы лидер болом деген адам «Баш мыйзам, оппозиция, НПОчулар жолтоо болуп жатат» деп шылтоо издебейт, эки сүйлөбөйт. Элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, досторун, кошоматчыларды, туугандарын, куда-сөөктү кызматка дайындабайт. Элдин ишениминен кеткен парламентке таянып саясат жүргүзбөйт. Бизге күчтүү хандын кереги жок. Мен парламентаризмди тандайм. Анткени тарыхыбызда кыргыздар кеңешип журт башкарган. Парламенттик башкаруу өкмөт жана башка бийлик органдарын көзөмөлгө алып, алардын эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтөт».

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованын кайрылуусу президенттик жарышка катышуу үчүн милдетин убактылуу тапшырган өкмөт башчы Садыр Жапаровго багытталгандай болду.

Ал эми талапкер Садыр Жапаров КТРКда өзүнө бөлүнгөн 10 мүнөттө «30 жылдан бери саясий тирешүүдөн, бийликтеги бир ууч топтун кызыкчылыгынан өлкө сазга батты» деп, мамлекетти башкаргандардын жоопкерчилигин күчөтүш керек экенин белгиледи. Жапаров сөзүндө Баш мыйзам иштебесе, аны өзгөртүүгө элдин акысы бер деген пикирин билдирди:

«Биз мамлекет башчысын гана эмес, өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолун тандашыбыз керек. Бир ууч байлардын, шылуундардын энчисине айланган бийликти элге кайтаруунун мезгили келди. Президентти шайлаганда, анын ишине баа берип, ишенимди актабаса, аны тынч жол менен бийликтен кетире турган да эл болушу керек. Акыркы 30 жылда бийликтин тарпын чыгарып, өлкөнү талап-тоногон жемкорлорду мамлекеттик башкарууга жолотпойлу. Баш мыйзамды эл кабыл алат, эгерде анын жоболору эл, өлкө үчүн иштебесе аны алмаштыра турган да эл. Мындай ары дал ушундай болушу керек».

Жапаров өз кайрылуусунда бардар жашагандарды жетишпеген үй-бүлөлөргө каралашып турууга чакырып, кайрымдуулук маселесине да токтолду.

Жогорудагы эки талапкер көбүрөөк саясатка токтолуп, экономика жана убадалардын аткарылышы боюнча так сандарды айткан жок.

Президенттик кызматты жоюуну каалаган Жээнбеков

Талапкерлердин дагы бири Равшан Жээнбеков жарыштан утуп чыкса, үч жылдын ичинде президенттик кызматты жоюуга убада берди. Ошондой эле ал өкмөттүн курамын кескин кыскартып, жергиликтүү бийликти эл шайлай турганын, эркин сот түзүп, күч органдарын түп-тамырынан реформа жасай турганын санап берди:

«Үч жылдын ичинде укуктук негиздерди даярдап, президенттик кызматты жоём. Мен акыркы, бирок элдик президент болом. Президенттик чыгымдар кескин азаят, бардык жарандар сыяктуу эле өз үйүндө жашайт. Ачык жана адилеттүү укук коргоо органдарын түзөбүз. Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги менен бириктирилип өкмөттүн курамына кирет. УКМК жоюлуп, анын базасында чалгын жана контрчалгын уюмдары түзүлөт. Өкмөткө караштуу бирдиктүү Тергөө комитети жана Коррупцияга каршы агенттик түзүлөт. Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти сактоо милдети жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилет. Күч түзүмдөрүнүн үстүнөн коомдук жана парламенттик көзөмөлдү күчөтөбүз».

Убадасы мол талапкерлер

2009-2010-жылдары Экономиканы жөнгө салуу министрлигин жетектеген Жеңишбек Байгуттиев талапкер катары кайрылуусунда мамлекет башчысы болуп шайланып калса саясат эмес, экономика менен алектенерин айтты. Ал каржы булагы катары коррупцияны жоюу жөнүндө кеп козгоп, казынага миллиондогон каражат түшүрүү, экономиканы көтөрүү жөнүндө бир топ убадаларды берди:

«Мен саясатка аралашпай, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө, элибиздин жашоо деңгээлин көтөрүүгө салым кошом. Өлкө бюджетин 137 млрд. сомдон 500 млрд. сомго чейин толтурам. Максаттуу көрсөткүч болуп, азыркы курс боюнча 1 триллион сом болот. Жыл сайын ички дүң өнүм 9-10% кем эмес өсөт».

Байгуттиев кен маселеси жөнүндө сүйлөп жатып, Жетим-Тоо кенин тышкы карыздын ордуна берүү туура эмес экенин айтты.

Президенттикке ат салышып жаткан мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаев чечилбеген чек ара маселесине токтолду. Тагаев башка өлкөлөр менен чек аралаш аймактарда жашаган калктын жашоо шартын оңдоого чакырды:

«Эгемен мамлекет болуш үчүн адегенде чек араларды тактап алышыбыз керек. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 1000 чакырым делимитация, демаркация болушу керек. Ошонун жарымы демаркация болгон. Өзбекстан менен 15% жерибиз делимитация боло элек. 5-10% болобу, маселе ар дайым чыга берет».

Байгуттиев менен Тагаев акыркы саясий окуялар, референдум сыяктуу маселелер боюнча ачык пикир айтышкан жок. Элдин жашоосун жакшыртуу боюнча жалпы убадалар менен чектелишти.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ага 18 талапкер катышууда. Президенттик шайлоо менен кошо 10-январда референдум да өтөт. Анда жарандар мамлекеттик башкаруу формасын тандашат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG