Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана коомдук саламаттык комитетинин өкүлү Нурмат Атабеков тамак-ашка ууланган балдар оруканадан чыгарылганын билдирди.
Маалыматка караганда, 1900дөн ашуун бала тамак-ашка ууланганы аныкталып, 900гө жакыны ооруканага жаткырылган. Балдардын көбүнүн дене табы көтөрүлгөн.
Учурда үч бала өзүнүн өнөкөт ооруларына байланыштуу ооруканада дарыланып жатканы кабарланды.
Өзбекстандын билим берүү министрлиги жабылган бала бакчалар 2-октябрдан тарта кайра иштей баштай турганын билдирди.
"Балдарыбыздын саламаттыгы эң чоң жоопкерчилик. Санитардык талаптарды сактабай, азыктардын сапатынын эсебинен акча үнөмдөлбөшү керек", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Буга чейин ооруканага жаткырылган балдарга дарыгерлер курч гастроэнтерит диагнозун коюшкан. Буга балдарга берилген “Shark Milk Product” компаниясынын сүт азыктары себеп болгону маалымадалган. Аталган компаниянын үч кызматкери, бала бакчаларга азык-түлүк жеткирген үч фирманын төрт өкүлү камакка алынган.
Төрт жыл мурун да Ташкент облусунда “Shark Milk Product” компаниясынын сүт азыктарынан улам балдар ууланып, бир наристе чарчап калган.
"Озодлик" жазгандай, аталган компаниянын ээси Аккурган районунун мурдагы акиминин уулу Фазлиддин Фарходович Омонов экени аныкталган. Ал кезде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун билдирген, бирок андан кийинки жыйынтыктар тууралуу коомчулукка маалымат берилген эмес. (AiA)
Шерине