Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Каракол: Мектептеги зомбулук боюнча териштирүү башталды


Социалдык тармактарда тараган видеодон сүрөт.
Социалдык тармактарда тараган видеодон сүрөт.

Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Айнура Султанбаева Каракол шаарындагы мектептердин бириндеги окуя боюнча билдирүү таратты.

"Окуя Караколдогу мектептердин биринде орун алган. Видеодогу мектеп окуучусунун майыптыгы бар жана ал мындан ары үй шартында окуй турган болду. Майыптыгына карабай, баланы коомдон бөлүп салууга же кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок", — деп айтылат кайрылууда.

Султанбаева билим берүү жана социалдык кызматтар балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин интернетте классташына кол көтөргөн окуучу бала тууралуу видео тараган. Ички иштер министрлиги да окуя Каракол шаарындагы мектептердин биринде болгонун ырастап, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 28-сентябрында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө 1967-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал 24-сентябрда болжол менен саат 13:15 чамасында №2 мектепте 2012-жылы төрөлгөн небересин классташы сабап, денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Социалдык тармактарда өзүн баланын апасымын деп тааныштырган аял да видео кайрылуу жасап, "мындай агрессия жана зомбулукту алдын алуу үчүн чара көрөрүн" билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын башында Ноокатта мектепте сабалган кыздын апасы бийликке кайрылган. Ал кызын классташ кызы сабак учурунда сабап, мурдун сындырып койгонун, кызы ооруканада мурдуна операция жасатканын айткан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG