Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 1-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо көп мандаттуу (30 округ) шайлоо округдарынын чек араларын бекитти.
Баткен облусу.
№1 шайлоо округу Исхак Раззаков шаары.
Шайлоочулардын саны 136 миң 220. Бул шайлоо округуна Сүлүктү шаары, Лейлек району толугу менен, Баткен районунун Баткен шаары, Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл аймактары толугу менен киргизилди.
№2 шайлоо округу Кадамжай шаары.
Шайлоочулардын саны 144 миң 380. Бул шайлоо округуна Баткен районунун Кара-Бак, Суу-Башы, Төрткүл, Алтын-Бешик айыл аймактары жана Кадамжай районунун Айдаркен, Кадамжай шаарлары, Актурпак, Молдо Нияз, Бирлик, Майдан, Орозбеков, Исхак Полотхан айыл аймактары толугу менен киргизилди.
№3 шайлоо округу Кызыл-Кыя шаары.
Шайлоочулардын саны 136 миң 40. Шайлоо округуна Кадамжай районунун Масалиев, Үч-Коргон айыл аймактары, Кызыл-Кыя шаары, Ноокат районунун Кулатов, Төлөс, Көк-Жар айыл аймактары жана Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы кирди.
Ош облусу.
№4 шайлоо округу Ноокат шаары.
Шайлоочулардын саны 128 миң 275. Шайлоо округуна Ноокат шаары, Ноокат районунун Бел, Жаңы-Ноокат, Гүлистан, Зулпуев, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Кыргыз-Ата, Мирмахмудов жана Насирдин Исанов айыл аймактары, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Кичик-Алай жана Чөгөм айылдары кирди.
№5 шайлоо округу Араван айылы.
Шайлоочулардын саны 164 миң 557. Шайлоо округуна Араван районунун Достук, Дөбө-Коргон, Юсупов, Чек-Абад айыл аймактары жана Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбаар айылы кирди. Ош шаарынын МТУ-2, МТУ-3, Кызыл-Кыштак шайлоо участкалары да кошулду. (ред: МТУ – бул муниципалдык аймактык башкармалык)
№6 шайлоо округу Ош шаары.
Шайлоочулардын саны 161 миң 323. Шайлоо округуна Ош шаарындагы МТУ-1, 4, 5, 6 жана №5563, 5564 шайлоо участкалары кирди. Андан тышкары Ош-МТУ-Жапалак, Төлөйкөн, Кара-Суу районунун Папан айыл аймагы толугу менен кошулду.
№7 шайлоо округу Кара-Суу шаары.
Шайлоочулардын саны 141 миң 18. Шайлоо округуна Ош шаарынын Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жийделик, Чолпон айылдары, Кара-Суу шаары, Кара-Суу районунун Ала-Тоо, Манас, Жоош, Отуз-Адыр айыл аймактары толугу менен киргизилди.
№8 шайлоо округу Гүлчө шаары.
Шайлоочулардын саны 142 миң 405. Шайлоо округуна Кара-Суу районундагы Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактары, Алай, Чоң-Алай районундору толугу менен кошулду.
№9 шайлоо округу Өзгөн шаары.
Шайлоочулардын саны 122 миң 779. Шайлоо округуна Кара-Суу районунун Савай, Ынтымак айыл аймактары, Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Куршаб, Жалпак-Таш, Кароол, Дөң-Булак айыл аймактары, Өзгөн шаары кирди.
№10 шайлоо округу Кара-Кулжа айылы.
Шайлоочулардын саны 136 миң 218. Шайлоо округуна Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Ийри-Суу, Жазы, Мырза-Аке, Кара-Шоро, Салам-Алик айыл аймактары жана Кара-Кулжа району толук кирди.
Жалал-Абад облусу.
№11 шайлоо округу Манас шаары.
Шайлоочулардын саны 155 миң 23. Шайлоо округуна Манас, Көк-Жаңгак шаары, Сузак районунун Барпа жана Багыш айыл өкмөттөрү толук кирди.
№12 шайлоо округу Сузак району.
Шайлоочулардын саны 154 миң 398. Шайлоо округуна Сузак районунун Кыз-Көл, Көк-Арт, Атабеков, Кызыл-Туу, Сузак жана Кара-Дарыя айыл аймактары, Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагы, Базар-Коргон шаарынын 13 участкасы - №2131, 2132, 2133, 2134, 2135, 2136, 2375, 2377, №14, 22, №222 шайлоо участкалары кирди.
№13 шайлоо округу Масы айылы.
Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 учаскалары, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди. Андан тышкары Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев, Алиев, Момбеков айыл аймактары, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарлары кошулду.
№14 шайлоо округу Токтогул шаары.
Шайлоочулардын саны 149 миң 154. Шайлоо округуна Ноокен районунун Бүргөндү-Достук, Шамалды-Сай шаарлары, Таш-Көмүр шаары жана Токтогул району толук кирди.
№15 шайлоо округу Кербен шаары.
Шайлоочулардын саны 160 миң 218. Бул шайлоо округуна Аксы районунун Кош-Дөбө, Ак-Жол, Сары-Челек, Кара-Камыш айыл аймактары, Кербен шаары, Ала-Бука жана Чаткал району кошулду.
Талас облусу.
№16 шайлоо округу Талас шаары.
Шайлоочулардын саны 133 миң 880. Шайлоо округуна Айтматов, Манас, Бакай-Ата райондору жана Талас шаары кирди.
№17 шайлоо округу Кара-Балта шаары.
Шайлоочулардын саны 149 миң 72. Шайлоо округуна Талас облусундагы Талас району, Чүйдүн Панфилов району толугу менен жана Жайыл районунун Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак айыл аймактары, ошондой эле Чүйдүн Кара-Балта шаары кирди.
№18 шайлоо округу Беловодское айылы.
Шайлоочулардын саны 139 миң 755. Шайлоо округуна Жайыл районунун Ак-Башат жана Ынтымак айыл аймактары, Москва району, Сокулук районунун Сары-Өзөн, Кайназаров жана Сокулук айыл аймактары кошулду.
№19 шайлоо округу Сокулук айылы.
Шайлоочулардын саны 138 миң 373. Шайлоо округуна Сокулук районунун Гавриловка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй, Манас, Военно-Антоновка, Күнтуу айыл аймактары, Бишкек шаарынын Ленин районундагы МТУ-106 (мурдагы Новопавловка), Ак-Өргө, Ак-Ордо, Ала-Тоо МТУ-103 толугу менен кирди.
Бишкек жана Чүй облусу
№20 шайлоо округу Лебединовка айылы.
Шайлоочулардын саны 127 миң 760. Шайлоо округуна Аламүдүн району толугу менен, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Манас айылы, Учкун МТУ-208, Маевка МТУ-207, Калыс-Ордо МТУ-205 толугу менен кирди. Ошондой эле Свердлов районундагы Лебединовка айылы МТУ-307, Аламүдүн айылы МТУ-306, Эне-Сай МТУ-305, Бакай-Ата МТУ-302, Чоң-Арык МТУ-108, Бишкек шаарынын Ленин району кошулду.
№21 шайлоо округу Бишкек шаары.
Шайлоочулардын саны 138 миң 792. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Ленин районундагы МТУ-101, 102, 104, 105, 108 жана Орок айылындагы МТУ-107 толугу менен киргизилди.
№22 шайлоо округу Бишкек шаары Москва көчөсү 15.
Шайлоочулардын саны 135 миң 256. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Октябрь районунун МТУ-401, 402, 403, 404, 405, 406 жана Көк-Жар айылынын МТУ-407 кирди.
№23 шайлоо округу Бишкек шаары.
Шайлоочулардын саны 131 миң 968. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы МТУ-201, 202, 203, 204, 205, 208 жана Пригородное айылынын МТУ-206 кирди.
№24 шайлоо округу Бишкек шаары.
Шайлоочулардын саны 134 миң 326. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Свердлов районундагы МТУ-301, 302, 303, 305, 308 жана Төмөнкү Ала-Арча айылындагы МТУ-304 кирди.
№25 шайлоо округу Кант шаары.
Шайлоочулардын саны 141 миң 173. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Тунгуч кичи району, Рухий Мурас, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо МТУ-406 жана Ысык-Ата району толук кирди.
№26 шайлоо округу Токмок шаары.
Шайлоочулардын саны 132 миң 142. Шайлоо округуна Токмок шаары, Чүй жана Кемин району толук кошулду.
Нарын жана Ысык-Көл облустары.
№27 шайлоо округу Чолпон-Ата шаары.
Шайлоочулардын саны 157 миң 722. Шайлоо округуна Ысык-Көл, Түп жана Ак-Суу райондору толук киргизилди.
№28 шайлоо округу Кызыл-Суу айылы.
Шайлоочулардын саны 160 миң 181. Шайлоо округуна Каракол шаары, Жети-Өгүз жана Тоң райондору кирди.
№29 шайлоо округу Кочкор айылы.
Шайлоочулардын саны 138 миң 152. Шайлоо округуна Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары, Нарындын Кочкор жана Жумгал райондору, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району толук кирди.
№30 шайлоо округу Нарын шаары.
Шайлоочулардын саны 136 миң 756. Шайлоо округуна Нарын шаары, Ак-Талаа жана Нарын району толук киргизилди.
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. (BTo)
Шерине