Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:10

Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1-октябрдан тарта 10% көбөйдү. Министрлер кабинетинин августтагы токтомуна ылайык, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсия 10%, бирок 600 сомдон кем эмес жогорулайт. Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон жогору болсо – 5000 сомдон көп эмес жогорулайт.

Пенсияны жогорулатуу үчүн Пенсиялык фонддун эсебинен 2025-жылдын октябрь-ноябрь-декабрь айларына 2 млрд 44 млн сомдой каралган.

1-октябрдан кийин эң аз пенсия 7100 сомдон кем эмес болот. Анткени, Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, өткөн жылы Кыргызстандагы пенсионерлердин жашоо минимуму 7065 сом деп табылган.

Кыргызстандын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.

Социалдык фонд бул жогорулатуулар орточо айлык акы менен керектөө бааларынын өсүүсүн эске алуу менен жүргүзүлгөнүн билдирүүдө. Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстандагы инфляциянын көлөмү 9,5% болууда.

Социалдык фонд билдиргендей, өлкөдөгү пенсионерлердин эсеби 1-сентябрга карата 814 миңге жакын деп эсептелген. Жакынкы айларда буга дагы төрт миңдей пенсионер кошулат деп күтүлүп жатат. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG