Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

АӨБ: Кыргыз экономикасы 10% төмөндөйт


Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагына барган учуру. Архивдик сүрөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагына барган учуру. Архивдик сүрөт.

Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасы 10% артка кетерин эскертти.

Институт өлкөгө сырттан акча которуу азаярын, жумушсуздук көбөйөрүн маалымдады. Ички дүң өнүм жана башка көрсөткүчтөрдүн төмөндөгөнү алгачкы жарым жылдыкта көрүнгөн. Кыргыз өкмөтү бул жыл оор болорун моюнга алып, антикризистик аракеттерди жандантканын билдирүүдө.

Кайра эсептелген божомол

Кыргызстандын экономикасы боюнча жаңы божомолдорду Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен чогуу жүргүзгөн иликтөөсүндө келтирди.

«Кыргыз Республикасындагы COVID-19: Социалдык-экономикалык кырдаалга жана талуу жерлерге таасирлерди баалоо жана саясаттын жооп иретиндеги чаралары» деп аталган баяндамада Кыргызстандын соңку жылдардагы, жыл башынан берки көрсөткүчтөрү, өкмөттүн аракеттери талданды.

Анын жыйынтыгында эл аралык банк Кыргызстандын экономикасы быйыл 10% төмөндөйт деген болжол берди. Жазында «кыргыз экономикасын 4% өсүш күтүп турат» деп боолгологон мекеме, кырдаалды кайрадан карап чыккандан кийин ушундай бүтүмгө келди.

АӨБдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДэйгандын сөзү мекеменин билдирүүсүндө мындайча берилди:

«Бул отчётубузда жакырчылыкты жана теңсизди азайтуу максатында калыбына келтирүүчү узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгууда жана «Туруктуу өнүгүү максаттарына» (ред: БУУнун программасы) жетүүдө ыйгарым укуктуу органдарга көмөктөшө ала турган так сунуштар берилди. Баалоонун корутундулары жакынкы келечекте COVID-19 жараткан кесепеттерге каршы турууда, эл үчүн кандай аракет көргөнүнө карап, өкмөттүн негиздүү чечим кабыл алышына жардамчы болот».

Экономика дегенде ички дүң өнүм (ИДӨ) жөнүндө кеп болуп жатат. Ал эми ИДӨ - бул өлкөдөгү ишканалар өндүргөн товарлардын жана көрсөткөн кызматтын жыйындысы.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2020-жылдын январь-июль айында ИДӨ 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,1% азайды. Кумтөр кенин эске албаганда ИДӨнүн көлөмү жети айда 244 миллиард сомду түзүп, 7,7% кемиди. Башкача айтканда төмөндөө жыл соңунда АӨБ эскерткен көрсөткүчкө жетери айкын болуп калды.

Арийне, экономика артка кетерин кыргыз өкмөтү пандемия башталганда эле мойнуна алган. Ага өлкөдө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чек аралардын жабылышы себеп болду.

Натыйжада өкмөт экономиканы, анын ичинде ишекрликти колдоого аракет кылды. Мурдагы өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев, азыркы премьер-министр Кубатбек Боронов баш болуп кырдаалга байланыштуу антикризистик программалар кабыл алынганын айтып келишти. Ишкерлерге мүмкүн болушунча жардам берилип жатканы белгиленди.

Экономика министри Санжар Муканбетов соңку брифингинде бул багытта аткарылган жумуштарды кеминде 15 мүнөтчө санады. Анын ичинде ишкерлерге жеңилдик берилгени, салыктан бошотулганы, насыялар таратылганы, экспорт-импортко колдоо көрсөтүлгөнү, чектөөлөр алынганы жана башкалар тизмектелди.

Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

«Азыркы учурда биз антикризистик үчүнчү программаны кабыл алып жатабыз. Ошонун алкагында саламаттык сактоо жана адам өмүрүн сактоо, калктын социалдык аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү, билим берүү чөйрөсү жана экономалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча төрт тармактуу пакет кирип жатат. Бул программа азыр өкмөттө каралып жатат, жакын арада чыгышы керек», - деди министр Муканбетов 30-июлдагы брифингде.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. АӨБ болжогондой экономика артка кетчү болсо бул көрсөткүч 2020-жылы 520-540 млрд. сомду түзүшү мүмкүн.

«Убада берилгендей колдоо болгон жок»

Эгер көрсөткүчтөрдү бөлүп карасак, жыл башынан бери өнөр жай өндүрүшү, анын ичинде күйүүчү май өндүрүү, кездеме жана кийим-кече, бут кийим, булгаары жана андан жасалган буюмдарды чыгаруу азайганы байкалды.

Жыгач жана кагаз, полиграфия, резина жана пластмасса буюмдарынын жана темир эмес буюмдарды, тамак-аш (ичимдикти эске алганда) жана тамеки кездемелерин өндүрүү да азайды. Мындан сырткары курулуш тармагы дүң жана чекене соода жаатындагы көрсөткүчтөр да төмөндөдү.

Өкүнүчтүүсү - экономиканын бул артка кетиши эл аралык институт болжогондой жыл соңуна чейин дагы күтүлгөндүгүндө. Анткени реалдуулукта ага каршы турууга ишкерлер жетиштүү колдоо ала алышкан жок.

Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев «Азаттыкка» буларды билдирди:

«Пандемия жаңы башталып, карантин жаңы киргизилгенде өкмөт «ишкерликти колдойбуз, бул жагынан жеңилдиктерди беребиз» деген сыяктуу өтө көп убадаларды берген. Бирок жалпы Кыргызстанда ишкерлердин үмүтү акталган жок. Өкмөт мындай кризиске даяр эмес экенин көрсөттү. Колдоо сезилген жок. «Насыялар берилип жатат, акча бөлүндү» дейт, бирок ишкерлер жапырт насыя ала алышкан жок. Күндө телефон чалышат, ишкерлерден «бул жактан банк «маалымат жок» деп жатат», «тиги жакта даяр эмес экен» деген гана арыз-арман угабыз. Ыкчам иштешсе болмок. Биздин изилдөөдө сүт менен ун азыктарынын өндүрүшүнөн башка бардык тармактар артка кетти. Мен өкмөттүн экономиканы колдоосуна жана ишкерлерге көмөгүнө «беш» баллдык системадан «үч» деген баа коёт элем».

Азия өнүктүрүү банкынын жаңы баяндамасында экономика начарлаганына байланыштуу өлкөдө жумушсуздук да күчөй турганы эскертилет. Тагыраагы, кырдаал оорлошуп кетсе ал 21% көбөйөрү же ар бир бешинчи кыргызстандык ишсиз калары айтылат.

Ошондой эле эл аралык банктын иликтөөсүндө быйыл мигранттардын сырттан акча которуусу 25% азаяры маалымдалат. 2019-жылы Кыргызстанга жалпысынан эки млрд. 406 млн. доллар которулуп келгенин эске алганда, бул сумма быйыл 1,5 миллиарддан араң ашышы мүмкүн. Ансыз да бул көрүнүш быйыл беш айдагы акча которууда байкалган.

Экономист Азамат Аттокуров сөзгө кошулду.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Албетте, Азия өнүктүрүү банкы келтирген бул бүтүмдөргө негиз бар. Экономикада төмөндөйт, жумушсуздуктун күчөйт, акча которуу да азаят деген алардын изилдөөсүнө кошулам. Пайыздар ошондой чыгат, балким андан да жаман болушу ыктымал. Бул жагдайларга биринчиден пандемия, экинчиден чек аралардын жабылышы, үчүнчүдөн доллардын кымбатташы таасир этти. Сырттан келген мигранттар жумушсуздардын көбөйүшүн шарттайт. Мунун алдын алууда өкмөттүн чаралары жетишсиздик кылып жатат. Элементардуу түрдө аскердик госпиталды курган эмес, дарыларды алдын-ала камсыз кылган жок. Эми болсо өкмөт биринчиден ишкерлерге насыя берүүнү күчөтүшү керек. Улуттук банк банктарга берген акчанын пайыздык коюмун 1% түшүрүшү зарыл, ал эми банктар 6% үстөк менен берсе болот. Биринчи кезекте ишкерлерге таратыш керек, анан андан калса элге бериш керек. Анткени элдин колунда акча болсо ишкерлер өндүргөн товарларды алат, натыйжада экономика жанданат. Экинчиден, мамлекеттик аппаратты кыскартып, салык менен бажы төлөмүнүн азаюусунан чектелген бюджетти сарамжалдашы керек», - деди эксперт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл экономикага карата болжолдор дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн да начарлаган. Анын ичинде Кыргызстандагы тенденциялар боюнча башка да уюмдар билдирүү таратышкан.

Маселен, Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) пандемиядан улам быйыл Кыргызстандын текстил өндүрүшү 90% төмөндөшү мүмкүн экенин боолголосо, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 2020-жылы өлкөдө буудай тартыштыгы болорун эскерткен. Дүйнөлүк банк болсо COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда быйыл жардылар жарым миллион адамга көбөйөрүн маалымдаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG