Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Депутаттык комиссия Саймаити боюнча ишти карады


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

31-январда кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия парламентте Саймаитинин Кыргызстандын аткаминерлери менен байланышы, ага кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши жана маалымат каражаттарына жарыяланган башка жагдайлар боюнча жыйын өткөрдү.

31-январда кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия парламентте Саймаитинин Кыргызстандын аткаминерлери менен байланышы, ага кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши жана маалымат каражаттарына жарыяланган башка жагдайлар боюнча жыйын өткөрүп жатат. Ага депутаттык комиссиянын чакыруусу менен «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева да катышууда.

Касмалиева депутаттардын суроолоруна жооп берүүнүн алдында журналистик иликтөөлөрдүн маңызын кыскача түшүндүрүп кетти. Анда ал «Азаттыктын» жана өнөктөштөрдүн биргелешкен иликтөөлөрү Кыргызстандын бир топ мамлекеттик органдарындагы туташ коррупциянын бетин ачканын белгиледи.

- Чет өлкөлүк ишкер адегенде кыргыз бажысындагы байланыштарын пайдаланып, миллиондоп пара берүү жолу менен ишмердик жүргүзгөн. Бажынын ошол убактагы Оштогу жетекчиси, кийинчерээк төраганын орун басары болгон Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго которулган бир нече миллион долларга башкача түшүндүрмө жок. Акчаны Айеркен Саймаити Абдукадырдын буйругу менен «Ысмайыл Матраимов атындагы фондго» которгонун ырастайт, - деди «Азаттык» медиа мекемесинин жетекчиси.

Касмалиева журналисттер бул иликтөөнү керт башынын жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келип жатканына карабай жасап жатышканын белгиледи.

- Бийлик, президент ар дайым коррупция менен күрөшүүдө журналисттердин жана алардын иликтөөлөрү абдан маанилүү экендигин белгилеп, маалымат каражаттарын жардамга чакырып келет. Биз элдин үнүн угуп, президенттин ошол чакырыгына жооп берип жатабыз. Журналисттер бул иликтөөнү керт башынын жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келип жатканына карабай жасап жатышат. Урматтуу депутаттар, андан ары ишти аягына чыгаруу бийликтин, силердин колуңарда! - деди Касмалиева.

Ошондой эле ал Финансылык чалгын кызматы Саймаитинин акча адалдоо ишмердигинин натыйжасында Кыргызстандын казынасы 6 млрд. (алты миллиард) сом зыян тартканын өткөн жыйында ырастаганын белгилеп, бул элдин акчасы ырыскысы экенин түшүндүрдү.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Жээнчороев: Сыртка ташылган күмөндүү акчанын бюджетке тиешеси бар

Жыйында Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчероев Айеркен Саймаити жана анын фирмасы «Абдыраз» аркылуу чыгарылган күмөндүү акча Кыргызстандын бюджетине тиешеси бар экенин айтты. Эл өкүлү бул тууралуу 31-январда Саймаитинин ишмердигин жана өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

- Журналисттер мамлекеттик органдарга маселени көргөзүп берди. Ал акчанын булагы кайдан, кимден алган, ал кантип жүгүртүлгөн аны укук коргоо органдарынан сурашыбыз керек. Бул эмне үчүн жаап-жашырылып иликтенген эмес? Бул каражат бюджетке тиешеси бар экенин түз айтышыбыз керек. Финансы полициясы, Башкы прокуратура «сыртка чыгарылган акчадан 5 миллиарддан ашык салык төлөнбөй калган» деп жатат. «932 млн. доллардын ичинде салыктар да бар» деп белгилешүүдө. Анын ичинен 70 млнго жакын доллар Кыргызстандын акчасы. Ошондуктан бул акча бюджетке тиешеси бар деп ачык айтышыбыз керек, - деди Жээнчороев.

Комиссиянын жыйынына депутат Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана бул иште аты аталган депутаттарды да чакырууну сунуш кылды. Бул тууралуу Жээнчороев комиссиянын 31-январдагы жыйынында айтты:

- «Азаттыктын» иликтөөсүндө жана коомчулукта сын айтылып жүргөн Райымбек Матраимовду, депутаттар Алтынбек Сулаймановду, Дүйшөн Төрөкуловду комиссияга чакырсак. Аларды да уга турган шарт түзүлүш керек.

Финполиция: 2011-2017-жылдары сыртка 932 млн. 736 365 доллар чыгарылып кеткен

Айеркен Саймаити анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу 2011-2017-жылдар аралыгында Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932 млн. 736 365 доллар чыгарылган. Бул маалыматты Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев дагы бир жолу ырастады.

Анын маалыматына караганда, ошол эле учурда Айеркен Саймаити анын жубайынын жана «Абдыраз» фирмасынын банктагы эсептерине 937 млн. 807 279 доллар түшкөн. Анын ичинен Саймаитиге 592 млн. доллар, анын жубайы Вуфули Бумаилиамуга 26 млн. доллар, «Абдыраз» фирмасына 318 млн. доллар которулган.

- Бул документтин бардыгы 2019-жылы июнь айында такталгандан кийин Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп бергенбиз. 2019-жылдын август айында салык текшерүүнү жыйынтыгында Айеркен Саймаитиге 2 млрд. сом, жубайына 135 млн. сом, «Абдыразга» 3 млрд. сом кошумча пайда салыгы эсептелген. Жалпысынан 6 млрд. сомго чукул болот. Бул маалыматтар далилденгенден кийин Айеркен Саймаитини кылмышка шектүү катары ички жана эл аралык издөө жарыялаганбыз, - деди Жамгырчиев.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев Эмил Жамгырчиевге: «Салык мамлекетке тиешелүү каражатпы?» деген суроо берди. Жамгырчиев «салык бюджетке тиешелүү» деп жооп берди.

Жээнчороев андан тышкары «Учурда Айеркен Саймаитинин, анын жубайынын жана «Абдыраз» фирмасынын банктагы эсептеринде каражат барбы?» деп сурады. Финансы полициясынын маалыматы боюнча учурда алардын эсебинде акча жок.

УКМК: сыртка ташылган каражаттарда жер, кыймылсыз мүлк үчүн которулганы бар

Айеркен Саймаити анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу 2011-2017-жылдар аралыгында бир нече чет өлкөгө которулган 932 млн. 736 365 доллардын ичинде мүлк алууга да акча которулган. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу ырастады.

Депутат Мирлан Жээнчороев: «Сыртка которулган акчанын ичинде үй, жер сатып алууга которулган каражат барбы?» деген суроо берди. Сагынбек Самидин уулу ага мындай жооп берди:

- Азыр бул маалыматтар тастыкталып жатат. Акча которуу боюнча документтерде жер, кыймылсыз мүлк алыш үчүн которулган акча каражаттары бар. Канча акча, кимдин атына которулганын тактап жатабыз. Биз кошумча маалымат беребиз.

Депутат Жээнчороев бул сыртка "чыгарылган миллиондогон акча «Кара-Суу» жана «Дордой» базарларындагы ишкерлердин товар үчүн гана которгон акчасы" деген сөздөргө шайкеш келбей турганын айтты жана бул маалыматтарды тергөө такташы керек экенин белгиледи.

Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия 21-январда алгачкы жыйынын өткөргөн.

Анда Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Улуттук банктын жана Финансылык чалгын кызматынын маалыматы угулган. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов берген маалыматка ылайык, 2012-2018-жылдардын аралыгында Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Финансылык чалгын кызматына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 18 кат жөнөтүлгөн.

- Анын 14 катында Айеркен Саймаитинин жана «Абдыраз» ишканасынын аты бар. «Азаттыктын» иликтөөсү чыккандан кийин толук изилдөө үчүн 2019-жылдын 29-майында иликтөөдө аты аталгандар боюнча банк документтеринин көчүрмөсүн алыш үчүн «Азаттыкка» кат жазганбыз. Бирок жооп болгон эмес, - деди ал.

Былтыр 13-декабрда «Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан чет өлкөлөргө чоң суммада акча которулуп жатканы боюнча Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2014-жылдын 30-июнь күнү эле маалымат берилгенин айтты. Бирок ушул күнгө чейин жооп келген эмес.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG