Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

"Алайдын" эки оюнчусунан COVID-19 табылды


Стадиондо жалгыз отурган көрүүчү. Беларус. 10-апрель, 2020-жыл.
Стадиондо жалгыз отурган көрүүчү. Беларус. 10-апрель, 2020-жыл.

«Алай» футбол клубунун эки оюнчусу COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды.

Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун COVID-19 илдетин жугузуп алган бир оюнчусу жана дарбазачысы обсервацияда жатышат.

Клубдун базасы жайгашкан Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион карантинге жабылганын клубдун жетекчиси Алмаз Сулайманов «Азаттык» радиосуна билдирди.

«Бир футболчубуздун 25-июнда, дагы бир футболчубуздун 26-июнда илдет жуктуруп алганы аныкталып, обсервацияга жаткырылды. Калган футболчулардын абалы жакшы. Стадиондун эшиктери жабылып, толук карантинге алынды. Эч ким кирбейт жана эч ким эч жакка чыкпайт. Футболчулар бир гана машыгуу үчүн чыгып жатат. Оюнчулар формасын кармап туруу үчүн машыгуулар да жеңил өтүүдө. Ал эми обсервацияга жаткырылган футболчулардын абалы жакшы. Күндө телефон менен сүйлөшүп, кабар алып жатабыз».

Сулайманов жакынкы күндөрү оюнчулар кайрадан коронавируска тест тапшыра турганын билдирди.

Инфекцияны жугузуп алган футболчу Дастан Алыбеков илдетти качан, кайдан жармашканын билбей калганын айтып, буларга токтолду:

«Башында бул оору бар экенине ишенчү деле эмесмин. Азыр дарыгерлер айткан симптомдорунун баары дал келүүдө. Алгач башым ооруп, дене табым көтөрүлүп, алым кетти. Азыр жыт, даам сезбей жатам. Клубда менден башка балдар дагы ушундай эле симптомдор менен ооруп жатат. Бирок алардын анализи таза чыкты. Дарыгерлер меники жеңил формада өтүп жатканын айтышты. Азыр тамагыбызды сода менен чайкап, аны кайнак сууга салып, оозу-мурдубузду буусуна тосуп жатабыз. Негизи футболчулар жайында такыр ооручу эмеспиз. Азыр эми беткап кийип, колду бат-бат жууп, сактаныш керек экенин түшүнүп отурам. Башында беткап кийбей бир-эки жолу көчөгө чыккан болчубуз. Балким ошондо жуктуруп алдымбы деп ойлойм. Башкаларды да сактанууга чакырам», - деди футболчу.

«Алай» футбол клубунун оюнчулары эки айдан бери айлык албай жатканын жана клубдун жетекчилигинин ишине нааразы экенин айтып, Ош шаардык мэриясынын алдына чогулушкан.

Футболчулар аларга шарт түзүп берүүнү, клубдун жетекчилигин иштен алууну суранып, Ош шаарынын мэрине кайрылышкан. Оюнчулар маянасын толук алмайынча машыгууга чыкпай турганын билдиришкен болчу. 22-июнда аларга айлык толук берилгенин Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» билдирген.

Пандемия машыгуу тартибин өзгөрттү

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кирген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги санитардык талаптарды аткаруунун негизинде 1-июндан тарта бир канча спорт түрлөрү боюнча улуттук курама командаларга, 8-июндан баштап футбол клубдарынын окуу-машыгуусуна уруксат берген.

Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев буга чейин ар бир командага коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилгенин билдирип, буларга токтолду:

Михаил Толкачев.
Михаил Толкачев.

«Кыргызстандын премьер-лигасы машыгуулар башталар алдында ар бир клубга коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген. Машыгуулар ачык жерде өтүп, ар бир футболчу үчүн өзүнчө суу куюлган бөтөлкө, сүлгү болушу керек. Машыгуу учурунда сырттан башка кишилердин кирүүсүнө тыюу салынат жана машыгууга чейин андан кийин футболчулар да, машыктыруучулар да беткап кийиши керек».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 25-марттан тарта спорттук клубдар, машыгуу залдары жабылган. 25-майда баштап Бишкек мэриясы спорттук, тренажердук залдардын, фитнес-клубдардын жана бассейндердин иштөөсүнө уруксат берген.

Спорттук реабилитациялоо борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн башчысы Иса Бичанов буга чейин спорттук залдардын иштөөсү жана спортчулардын машыгуусу үчүн атайын алгоритм иштелип чыкканын билдирди.

Адис, жабык имараттарда, залда машыккан спортчулар үчүн инфекцияны жугузуп алуу коркунучу жогору экенин белгиледи:

Иса Бичанов
Иса Бичанов

«Спортчулардын ден соолугу башкаларга салыштырмалуу жакшы деп саналат. Бирок өтө көп күчтү талап кылган машыгуу учурда спортчулардын иммунитети начарлай түшөт. Ошондой учурда жакшылап сактанбаса, ар түрдүү инфекциялык ооруларды жугузуп алуу коркучунучу жогору. Буга чейин биздин Спорттук реабилитациялоо борбору эл аралык спорттук уюмдар менен чогуу машыгуулардын алгоритмин иштеп чыккан. Ага ылайык, киши машыгуу залдын аянтына жараша болушу керек. Машыгуу учурунда аралыкты сактоо зарыл. Залдын ичин бат-бат дезинфекциялап, желдетип туруу керек. Спортчулар машыгып бүткөн соң, кийимин алмаштырып, үйүнө кетиши керек. Машыгуу залдагы жалпы душту колдонууга болбойт. Колдон келсе залдагы ажаткананы да колдонбогон жакшы. Үйгө барып душка түшүп, машыгуу учурунда кийген кийимдерин сөзсүз жууп, ачык жерде кургатыш керек. Дене табы көтөрүлгөн же оорунун кандайдыр бир белгилери бар спортчулар машыгууга киргизилбеши керек».

Буга чейин эл аралык спорттук медицина боюнча адистер коронавирус өпкөнү жабыркаткандыктан спортчулар, анын ичинен футболчулар үчүн өтө коркунучтуу экенин айтышкан.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 157 спортчу жуктуруп алган. Алардын ичинен 10 спортчу каза тапткан.

Сербиялык белгилүү теннисчи Новак Жокович баштаган бир канча теннисчилер, атактуу мушкер Хабиб Нурмагамедовдун атасы, машыктыруучу Абдуманап Нурмагамедов, бокс боюнча олимпиада чемпиону Евгений Тищенко, сууда сүзүү боюнча олимпиада чемпиону Кемероне ван дер Бурге COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы айтылган. Андан сырткары «Атлетико», «Арсенал», «Бешикташ» «Вест Хэм», «Галатасарай», «Милан», «Лестер Сити», «Ювентус» жана башка футболдук клубдарынын оюнчулары, бир катар баскетбол жылдыздары да бул илдетке кабылган.

23 жаштагы ирандык футболчу айым Ильхам Шейхи, италиялык веложарышчы Данило Бароцци, «Реал» футбол клубунун мурдагы президенти Амадор Суарес, атактуу бокс жылдызы Мухамед Алинин машыктыруучусу Жимми Глен, италиялык мурдагы жеңил атлетчи Донота Сабия бул илдеттин айынан өмүр менен кош айтышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодо өтчү жайкы оюндар 2021-жылга жылдырылып, бир катар эл аралык мелдештер, анын ичинен футбол боюнча Чемпиондор лигасы, континенталдык чемпионаттар убактылуу токтотулган. Июнь айынан баштап Европанын бир канча өлкөлөрүндө футболдук мелдештерди өткөрүүгө уруксат бериле баштаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG