Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Кытайдын тажрыйбасына даяр эмеспиз


Кытай Компартиясынын Саясий бюросунун мурдагы мүчөсү Бо Силай сот залында. 22-сентябрь, 2013-жыл.
Кытай Компартиясынын Саясий бюросунун мурдагы мүчөсү Бо Силай сот залында. 22-сентябрь, 2013-жыл.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдардын бирин сунуштайбыз. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан баштап токтотулган.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Калыс Жумадилов жиберген сунуш.

Коррупция кыргыз калкына аты аталган жагынан кеңири маалым болгону менен коррупциянын иштөө схемасын, уюгушуп ээлеп алган көзөнөгүн көп карапайым калк биле бербейт. Ал тургай керек болсо ошол мамлекеттик кызматтагы аткаминерлер да бул желедей баскан жемкурлуктун иштөө схемасын толук түшүнө албай башы маң. Арылбаганыбыздын себеби деле жөнөкөй. Тээ эгемендик алгандан бери кулачын жакшы жайып, ири акча топтоп же «​каралардын» күчүн өзүнө иштетип алгандар азыр оңой эле жок болуп кетпей турганын көрүп калдык. Коррупцияны байкап алып, чырылдап чыккан бир маалымат булагы болсо деле бир далай сайттарды, телекомпанияларды ээлеп алган жемкорлор элди кайра ошол чыркырап аткандарга каршы көкүтүп коюп жатат.

Демек, биздин мамлекет канча аракет кылбасын, коррупцияга каршы чара көрө албай жаткан кези.

Бийликтин ачык-айкындыгын кантип арттырабыз? Коррупцияны токтотууга эмнелер жолтоо болууда? Бул үчүн кыскача бул маселени чече алган өлкөлөрдөн мисал келтирсек туура болор. Алар - Кытай, Швеция, анан албетте, Азиядагы дагы бир белгилүү өлкө - Сингапур.

Кытайдын бул маселени чечүү жолу менимче бизге бир аз оор жана аны ишке ашырып кетишибиз күмөн. Алардагы курч жаза, темирдей тартип чынында бизге дароо иштеп кетпейт. Ал эми Сингапурдун антикоррупциялык иш-аракетинен биз толук өрнөк алсак болчудай.

Сингапур эгемендик алган убакта экономикалык жактан абдан алсыз эле. Алардын биринчи премьер-министри Ли Куан Ю кандай реформа кылган?

  • коррупцияга каршы пландарды түзүү эмес, күтүүсүз текшерүүлөрдү өткөрүү;
  • жемкорлукту ачыкка чыгарган ЖМКларга колдоо көрсөтүү;
  • калк менен коррупцияга каршы уюмдун тыгыз иштешин камсыз кылуу;
  • бийлик органдарынын иштешинде ачык-айкындыкты камсыз кылуу.

Ли Куан Юнун дагы бир пайдалуу чечими - жемкорлукка каршы уюшулган бюро болду. Бюро авторитардык бийликке ээ болгон. Ал соттун чечимисиз коррупционерлерди жазалап, аларды издеп, териштирүү жүргүзүү укугуна ээ болгон. Бюро андан сырткары коррупция боюнча кармалган адамга 10 миңден 100 миң Сингапур долларына чейин айып салган. Бирөөнү жалган маалымат менен коррупционер кылып көрсөтүүгө да катуу чара көргөн.

Кыргызстан кантип коррупциянын жолун бууй алат?

  • Антикоррупциялык органдардын иштерин, анда иштегендерди толук, бардык жагынан камсыз кылса.
  • Ар бир жаран коррупцияга күбө болгон учурда кабарлай ала турган тармакты күчөтсө.
  • Толук санариптештирүүгө, паспорт берүү жайларында, УКМКда, дагы далай жемкорлукка жол берген мекемелерде электрондук жолго өтсө.
  • Калктын билим деңгээлин көтөрсө, калк мамлекеттеги мыйзамды толук түшүнсө, аны билсе.
  • Экономикадагы көмүскөдө жаткан системаны ачыкка чыгарса.
  • Республикадагы ЖМКлардын коррупцияга каршы иштешине көмөк көрсөтсө, аларды колдоого алса, эркин маалымат булактары менен камсыз кылса.
  • Коррупционердин кармалган акчасынын кайсы бир бөлүгүн аны кармаган адамга энчилеген система киргизсе.
  • Кыргызстандык жаштардын чет жактан тажрыйба, билим алышын күчөтүп, ошол эле жаштардын билимин, тажрыйбасын мамлекетке пайдаланса.
  • Коррупцияга каршы иштер ЖМК тарабынан ачык-айкын калкка баяндалып турса.
  • Мекемелердеги бүдөмүк, ашыкча көптөгөн жумуш орундары жөнгө салынса.

* Мен ишенимдүү түрдө Финансы полициясы менен УКМКда коррупция кенен деп тайманбай айтмакмын.

Дагы белгилей кетчү маанилүү нерсе - коррупцияга каршы күрөштө калктын орду да өтө чоң. Калк качан мыйзамды толук түшүнүп, өз укугун тааный билсе, ал пара берген муктаждыктан арылат. Бул азыр керек болуп турган жагдай.

Калыс Жумадилов

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG