Бирок муну иликтеген медиа топ деталдуу чыгымдар боюнча расмий маалымат алуу кыйынга туруп жатканын айтып, мамлекеттик сатып алуу порталындагы маалыматтар боюнча алынган каражаттардын баалары ашкере жогору көрсөтүлгөн фактылар боюнча иликтөөсүн жарыялады. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери акчанын кандай коротулганы текшерүүчү органдардын көзөмөлүндө экенин айтып, коюлган дооматты четке кагышууда.
Жалпылоочу отчёт
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча таажы вирусуна каршы бюджеттен 3,8 млрд. сом каралып, анын 1,8 млрд. сому чыгымдалган. Мындан сырткары эл аралык донор уюмдардан 56,1 млн. доллар грант жана жеңилдетилген насыя иретинде каражат бөлүнүп, анын 4,8 млн. доллары келип түшкөн. 51,3 млн. доллар күтүлүп жатканы отчётто көрсөтүлгөн.
Муну иликтеп жаткан «Политклиника» медиа тобунун жетекчиси Дилбар Алимова деталдуу чыгымдар тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдар так маалымат бербей жатканын айтты:
«Биз обсервация жайларын уюштуруш үчүн мейманкаларга которулган миллиондогон сом акча тууралуу маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик органдардан ала албай жатабыз. Ошондой эле карантин башталган учурдан тартып азыркыга чейин обсервация жайларын камсыздоого кеткен башка чыгымдар боюнча да так маалыматтар жок. Республикалык штабга кайрылсак, ал жактан «Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылгыла» дешти. Ал жактан болсо буга чейин биздин бул суроолорго жооп бербей келишти. Анан жакында гана министрликтин басма сөз катчысы обсервация жайлары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гана маалымат бере турганын айтып, бизди кайра башка тарапка буруп койду. Ошентип тиешелүү мамлекеттик органдардын баары маселени бири-бирине түртө салып жатышат».
Ошондой эле мамлекеттик казынадан каралган акчанын эсебинен өзгөчө кырдаалдарга 100 млн. сом которулган. Буга чейин депутат Акылбек Жапаров 300 млн. сом Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүнгөнүн сындап, ал акча саламаттык сактоого бөлүнүшү керек эле деген пикирин билдирген.
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров коротулган акчанын ар бир тыйынына чейин отчёт берүүгө даяр экенин билдирди:
«Коротулган акчанын ар бир тыйыны өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Кандайдыр бир мыйзам бузулса бизде аны карай турган текшерүү органдары бар. Андан сырткары Эсеп палатасы жана Финансы полициясы бар. Биздин министрликтин кайсы бир кызматкери мыйзам бузган болсо, анда ал мыйзам астында жооп берет. Бизге жазуу түрүндө суроо-талап жиберсеңер, мен ошол коротулган акчанын ар бир тыйынына чейин маалымат берүүгө даярмын. Бул жерде эч кандай маселе жок».
Теңинен ашкан тендерлер
Анткен менен «Политклиника» медиа тобу мамлекеттик сатып алуу порталындагы өткөн беш айдагы илдетке каршы алынган каражаттар боюнча сатып алуу иштерин талдап көрдү. Анда 163 млн. 974 миң 315 сомдук тендер уюштуруу пландалган. Жалпысынан 2136 тендер өтүп, анын ичинен 1075 тендер ишке ашырылган. Ишке ашкан тендерлердин жалпы суммасы 116 млн. 607 миң 925 сомду түзгөн. Жарыяланган 2136 лоттун 46% түз келишим түзүү жолу менен өткөн.
Бишкектеги мейманканалардын биринин атын атагысы келбеген администратору обсервацияга бөлүнгөн каражат кандайча сарпталганы боюнча маселе көтөрдү:
Башында бир бөлүгүн эле төлөгөн. Ошондон кийин «обсервация үчүн башка акча каралбаптыр» деген негизде эч төлөбөй коюшту.
«Мамлекет ушуга чейин биздин мейманкананы обсервация катары пайдаланганы үчүн акыны да төлөй элек. Башында бир бөлүгүн эле төлөгөн. Ошондон кийин «обсервация үчүн башка акча каралбаптыр» деген негизде эч төлөбөй коюшту. Баштапкы шарт боюнча биз номерлерди гана берип, сыртта туруп, кийлигишпешибиз керек эле. Бирок бизди баары бир чакыртып, чарбалык иштерди уюштурууга тартышты. Бирок эч кандай коргоочу кийимдер берилген эмес. Тазалоочу каражаттарды да өз эсебибизден пайдаланып жаттык. Таштандыларды чыгаруу маселеси боюнча канча ызы-чуу салдык? Анан тамак-ашын башында «бул жактан даярдайбыз» деп коюшуп, бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кийин өздөрүнө тааныш жактардан ташып жатышты. Өздүк наркы 12-15 сомдук тамак-ашты 120-150 сомдон алышты. Аны дагы «Лексус» машинелери менен алып келип жатышты».
Иликтөөдө мамлекеттик сатып алуу иштеринин ичинен жекече коргонуу каражаттары менен беткаптардын баалары талдоого алынган. Анда базар баасы эки миң сомдон ашпаган жекече коргонуу кийими алты миң сомдон, респиратордук беткаптын бир даанасы 300-400 сомдон алынган. Бирок маскалардын базар баалары 30 сомдон 150 сомго чейин экени иликтөөдө көрсөтүлгөн. Баасы он сомдон ашпаган бир жолу колдонулуучу масканын бир даанасы дүңүнөн 25 сомдон алынганы белгиленген.
Президент Сооронбай Жээнбеков бул багытта бюджеттик жана донордук акчанын чыгымдалышы боюнча коомчулукка ачык маалымат берилишин талап кылган. Быйыл кышында парламент таажы вирусуна каршы күрөшүүгө 300 млн. сомдон ашуун каражат караган болчу.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.