Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Иран абакта отургандарды чыгара баштады


Тегерандын көчөлөрүн дезинфекциялоо, 15-март, 2020-жыл.
Тегерандын көчөлөрүн дезинфекциялоо, 15-март, 2020-жыл.

Иран коронавирустан улам баш-аягы 85 миң кишини абактан убактылуу бошотту. Бул өлкөдө жаңы вирустан каза тапкандардын саны миңге чукулдады.

COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны боюнча Кытай менен Италиядан кийинки эле үчүнчү сапта турган Иран жаңы чараларды кабыл алууга аргасыз болду. Бийлик өпкөнү сезгенткен вирустун түрмөлөргө жайылып кетишин алдын алуу максатында 85 миң кишини абактан убактылуу бошотту. Сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейин Эсмаилинин 17-марттагы билдирүүсүнө караганда, алардын арасында саясий негизде камалгандар да бар.

«Бошотулгандардын 50% жакыны - коопсуздук маселесине байланыштуу камалгандар. Инфекциянын жайылышына каршы туруш үчүн түрмөлөрдө алдын алуу чаралары көрүлдү»,-деди Эсмаили. Бирок ал кандай чаралар көрүлгөнүн толук айткан жок.

Мындай билдирүүдөн көп өтпөй Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирусту жугузгандардын да, андан каза тапкандардын саны да азайбай жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, соңку бир күн ичинде Иранда 1178 адам Кытайдан чыккан вирусту жугузуп алды. Натыйжада илдетке чалдыккандардын саны 16 169 адамга жетти.

"Тилекке каршы, 24 сааттын ичинде ооруканага жаткырылган бейтаптардын арасынан 135и көз жумду. Аларды кошкондо шейшемби күнү түшкө жуук каза болгондордун саны 988 адамга жетти", - деп билдирди Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Киануш Жаханпур.

Ирандагы бейтапкана, Тегеран, 8-март 2020-жыл.
Ирандагы бейтапкана, Тегеран, 8-март 2020-жыл.

Кантсе да эл аралык байкоочулар маалымат агымы катуу көзөмөлдөнгөн бул өлкөдө COVID-19 вирусун жугузгандардын саны расмий айтылгандан көп болушу мүмкүн деп эсептешет.

Иранда коронавирус жуккан алгачкы бейтаптар 19-февралдан тарта каттала баштаган. Андан бери бул илдет өлкөнүн көпчүлүк аймактарына тарап, вирус кеминде 12 саясатчынын жана мамлекеттик ишмердин өмүрүн алды. Ирандын рухий көсөмүн шайлаган диниятчылар кеңешинин мүчөсү, 78 жаштагы аятолла Хашем Голпайегани да бир күн мурда илдеттен каза тапты.

17-мартта Ирандын мамлекеттик телеканалы элди бейчеки сыртка чыкпөөгө, эрежелерди так сактоого чакырып, болбосо вирус "3,5 миллиондой" адамдын өмүрүн алышы мүмкүндүгүн эскертти. Телеканал бул үчүн Шариф университетинин изилдөөсүн мисал келтирди.

Бир күн мурда Ирандын президенти Хасан Роухани да элди Ноорузду үйдөн майрамдоого, жолго чыкпоого үндөгөн.

"Мен элди мурдагыдай эле сабырдуу болууга чакырам. Бүгүнкү шарттар башка. Эгер бири-бирибизди угуп, кызматташсак, муну жакын арада токтото алабыз", - деди Роухани.

Президент Роухани өкмөт мүчөлөрү менен коронавирус боюнча кырдаалды талкуулап жатат, 14-март 2020-жыл.
Президент Роухани өкмөт мүчөлөрү менен коронавирус боюнча кырдаалды талкуулап жатат, 14-март 2020-жыл.

Мындай чакырыктарга карабастан, Иранда өлкө боюнча толук карантин киргизиле элек. Бирок мечиттердеги жума намаздары убактылуу токтотулду жана мамлекеттик мекемелердин көбү жабылды.

16-марттын кечинде бийлик Машхад шаарындагы "Имам Реха" жана Кум шаарындагы "Фатима Масуме" мазар-мавзолейлерин убактылуу жабууну чечти. Шиит мусулмандары ыйык деп санаган бул жайларда зыяратчылардын агымы күнү-түнү токтобойт. Алар диний жөрөлгөнүн алкагында мазардагы айрым жерлерге колдорун тийгизип, айрымдарын өөп чыгышы керек. Өлкөнүн башкы дарыгерлери Ирандын диниятчыларынан бул жайларды жаап турууну суранып келишкен.

Деген менен диний жайдын жабылышы ашынган динчил топтордун нааразылыгы менен коштолду. Дүйшөмбү күнү зыяратчылардын бир бөлүгү мавзолейлерге күч менен кирип кетишти.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, коронавирус дүйнөнүн 155 өлкөсүндө кеминде 183 миң кишиге жукту. Жети миңден ашуун адам каза тапты. 80 миңге чукулу айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG