Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Коррупцияга кээде өзүбүз көз жумабыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Талант Шамов жиберген сунуш.

Коррупция кыргыздын канына сиңип калгандай таасир калтырат. Себеби, бул желмогуз 20 жылдан ашуун убакыттан бери эле күрөшүп келе жатсак да жеңилбей койду.

Мамлекеттик органдар жана чет өлкөлүк ар кандай уюмдар, донорлор коррупцияны жоюу боюнча талдоо жүргүзүп, долбоорлорду каржылап жатканына карабастан Кыргызстанда коррупцияны жоюу мүмкүн эместей. Кыргыздар төрөлгөндө эле жемкорлук коколоп тургандай сезим калтырат.

Себеби, наристе төрөлгөнгө чейин эле ата-энеси жакшы бейтапкана, жакшы дарыгер издейт. Тааныштарынан сураштырып берчүсүн берип, төрөт үйүнө каттоого турат. Наристе төрөлгөндө ак халатчандарга сүйүнчү берүү кадимкидей эле салтка айланып калган. Ымыркайды төрөт үйүнөн чыгарыш үчүн медицина кызматкерлерин сөзсүз ыраазы кылыш керек.

Кийинки этапта бала бакчага киргизүү өзүнчө машакат, себеби буга да акча керек, ата-эне болсо балдарынан эч нерсе аягысы келбейт.

Бала бакчага кирүүдөгү коррупцияны жоюу максатында электрондук кезекке туруу системасын киргизип, ийгиликтүү иштей баштаганы менен баягы эле мыйзамсыз акча чогултуу, электрондук кезекти айланып өтүү көрүнүштөрү токтой элек.

Кээ бир учурда ата-энелер коррупцияга өздөрү жол ачууда. Мисалы, тарбиячыга же бала бакчанын жетекчисине «менин баламды жакшылап карап коюңуз» деп табыштап тыйын-тыпыр, белек-бечкек таштап кетишет.

Бирок элестетип көрүңүз, бир тайпада 40-60 чейин бала бар. Ошончо баланын ичинен акча берген ата-эненин баласын тарбиячы бөлүп алып өзүнчө карабайт да. Болгону бул ата-энелердин өзүн өзү алдаганы. Биз ыраазычылык билдирип акча сунуш кылуу менен өзүбүз коррупцияга жол ачып жатканыбызды деле моюнга алгыбыз келбейт.

Коррупцияга каршы мыйзамдарды кабыл алуудан жана эски мыйзамдарды жаңы мыйзамдарга алмаштыруудан коррупция жоюлуп кетпейт. Коррупцияны жоюш үчүн ар бир адамдын көз карашын өзгөртүү зарыл жана анын ар бир жасаган иши мыйзам чегинен чыкпашы керек.

Бала бакчадан, мектептен, жогорку окуу жайларынан акчанын күчү менен баарын бүтүрүп алса болорун көрүп чоңойгон келечек муундар ошол эле «салтты» улашы мүмкүн.

Социалдык тармактарда, жыйындарда биринчи көтөргөн көйгөйүбүз тигил же бул мамлекеттик кызматтарда коррупцияны жоюп, кандайдыр бир чара көрүүнү талап кылып талашып-тартышып эле келебиз.

Мамлекет тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөткөн мекемелерде коррупцияны жоюш үчүн эң жөнөкөй электрондук кезекке туруу системаларын киргизүү жана анын ийгиликтүү иштешине шарт түзүү керек.

Биз талап койгонду эле билип, бирок ал талаптарды аткарганга дараметибиз жетпегендей таасир калтырат. Мисалга алсак, мамлекеттик каттоо кызматында, жарандарга паспорт берүү мекемелеринде электрондук кезекке турууну айрым адамдар намыс көрөт жана андан деңгээли төмөндөп калчудай сезишет.

Анан ары чуркап, бери чуркап, көрүнгөнгө телефон чалып, тааныштарын ортого салып, эртерээк бүтүрүп кетүүнүн амалын издей баштайт. Мамлекеттик каттоо мекемелеринде «ортомчу» деген түшүнүк бар, алар мекеменин босогосун аттаганда эле кезек күтпөй жумушуңду бүтүрүп берүүнү сунуш кылышат.

Кеп коррупцияны жоюш үчүн иштелип чыккан системада эмес, ошол системаны айланып өтүш үчүн ар кандай айла-амалдарга барып, өзүбүз жемкорлукка жол берип жатканыбызда.

Ошол эле маалда жеке менчик мекемелерге электрондук кезек менен киресиз, жөн салды барсаңыз талон алып келишиңизди суранып, жок болсо сылык гана узатып коёт.

Ал жерден тааныштарыңыз да жардам бере албайт, себеби жеке менчик мекемелердин жетекчилиги мыйзамдын жана бизнестин талабы менен иштейт.

Демек талап жана эрк болсо, коррупцияга каршы система иштейт. Ошондуктан биз бирөөдөн талап кылардан мурда оңолууну өзүбүздөн баштасак, коррупцияны жоюуга жардам бермекпиз.

Талант Шамов

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG