Муралиев: Оторбаевге "баа берүү керек", алдыда бир топ кыйынчылыктар турган учурда кызматын таштады. Эч жоопкерчилик болгон жок. Энергетика маселеси чечилбей жатат, суунун жетишсиздиги, электр энергиясын Казакстандан сатып алып жаткандан кийин тарифтер кыйла өстү, Кумтөр маселеси... Андан тышкары бир топ проблема бар. Кризис жок деп айтып жатышканы менен, көчөдө кымбатчылык, сомдун туруктуулугу жок болууда, тышкы соода да начарлап кетти.
Жардам берген тармак баягы эле Кумтөр. Былтыркыга караганда ал жакта алтын көбүрөөк өндүрүлүүдө.
Алдыда да кыйынчылыктар турат. Шайлоо өнөктүгү башталууда. Айыл чарбасында да иш начар. Дыйкандар жеңилдетилген кредиттерди ала албай жатат. Андыктан күзүндө бул тармакта да көрсөткүчтөр начар болот деген кооптонуу бар.
"Азаттык": Бирок Оторбаев бул кызматка келатканда ушул жагдайдын баары белгилүү болчу да. Ушул жагынан алып караганда, балким, бул кезектеги саясий оюнбу деген ой пайда болууда...
Муралиев: Бизде коалициялык өкмөт болуп жаткандыктан, саясий соодалашуу тууралуу деле айтса болот. "Ата Мекен" партиясы бизден да премьер-министр болсун деп соодалашып, мыкты өкмөт түзөбүз, иштейбиз, жоопкерчиликти алабыз деген ой менен Оторбаевди алып келген. Бирок андай болбоду.
"Азаттык": Мындан аркы жагдай кандай болот?
Муралиев: Алдыда шайлоо өнөктүгү турат. Бул учурда мыкты, жоопкерчиликти өзүнө ала алчудай өкмөт түзүлүшү керек. Себеби шайлоо саясий иш болгондуктан ар кандай окуялар болушу ыктымал.
Кымбатчылык, айыл чарбасындагы маселелер чечилбей турган шартта шайлоо жакшы өтүшү үчүн коомдо туруктуулук болушу зарыл.
Евразия экономикалык биримдигине киргени турабыз. Ал жакта да чечүүнү талап кылган бир топ жагдайлар бар. Ошондуктан ар бир маселенин ачкычын тапкан, компетенттүү өкмөт керек.
"Азаттык": Өкмөттүн отставкасына байланыштуу эми Кумтөр маселеси кандай чечилиши мүмкүн?
Муралиев: Кумтөр боюнча эки вариант болуп калбадыбы. Биринчиси - Сатыбалдиевдики (Жантөрө Сатыбалдиев мурдагы премьер-министр - ред.), экинчиси - Оторбаевдики. Оторбаев акционерлер менен иштеш керек, башкаруу системасын өзгөртүү зарыл деп жатпайбы. Ал эми Сатыбалдиевдики 50/50, биргелешкен ишкана түзүү болчу.
Азыр "Центерра" өзүнүн активдерин кыйла эле кымбаттатып алды. Хардрок деген жаңы кенди сатып алды, аны иштеткенге дагы эки-үч жыл керек. Монголияда Гацурт деген жакшы кен бар, аны иштеткенге бир жылдай зарыл болот. Андан тышкары Түркияда Оксүт кенин бир-эки жыл мурда сатып алышкан. Азыр аны өндүрүш жагына айландырып жатышат.
Ошентип, "Центерранын" активдери өзгөрдү. Ошого жараша иштеш керек эми. Себеби кымбаттаган активдерин сатып алып жатканда ал Кумтөрдөн түшкөн кирешени пайдаланды да.
Албетте, дүйнөлүк тажрыйбага да таянуу зарыл.
Эң негизгиси, бизнесте ар бир акционер же бизнесмен өз пайдасын издейт. Андыктан биз, Кыргызстан да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканда ушуну эске алышыбыз керек.
"Азаттык": Ошондо кандай жол туура деп ойлойсуз?
Муралиев: Бул үчүн терең талдоо талап кылынат. Бирок "Кыргызалтындагы" азыркы команда бул жүктү көтөрүп кете албасы анык болуп калды.