Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

ВИЧ жуккан балдар колдоо күтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдарына дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ илдети жуккан балдардын ата-энелери аларга ай сайын төлөнө турган жөлөк пулдун өмүр бою төлөнүшүн талап кылышууда. Мурдараак мындай балдарга бир жолу жүз миң сом төлөп берүү боюнча демилге да көтөрүлүп, бирок өкмөттөн колдоо тапкан эмес.

Бүгүнкү күнү ВИЧ илдетин жугузуп алган балдар айына төрт миң сомдон жөлөк пул алышат.

Ата-энелер бул акчаны балдарга мыйзам аркылуу өмүр бою чектеп берүүнү өтүнүп, 14-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин бир нече депутаты менен жолугушту. Бул тууралуу энелердин бири «Азаттыкка» билдирди:

- Эки-үч депутат менен сүйлөштүк. Талабыбызды айттык. Ал келерки жылдын бюджети каралып жатканын айтты. Биз ушул маселени мыйзамдаштырып берүүсүн өтүндүк.

Ата-энелер бул маселени мүмкүн болушунча көбүрөөк депутаттарга жеткирип, алар аркылуу ВИЧ илдетин алып жүргөн балдарына бериле турган жөлөк пул өмүр бою төлөнүшүнө жетишүүгө аракет кылышууда. Бул үчүн алар Ош шаарынан, Ноокат, Алай жана Кара-Суу райондорунан атайын келишкен.

Кыргызстанда 382 балага ВИЧ 2006-2007-жылдары ооруканада жаткан кезде жуккан. Алар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Дарыгерлердин катасынын айынан илдетке чалдыккан балдардын алды 20 жашка чыгып калды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев - бул балдардын жөлөк пулуна байланыштуу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири. Ал ВИЧ илдетин алып жүргөн балдардын ата-энелеринин талабы менен макул экенин «Азаттык» радиосуна билдирди:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Мен бул боюнча мыйзам долбоорун жазгам. Мындан тышкары дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ жуктурган балдарга бир жолу 100 миң сомдон кенемте төлөнүп берилсин деген да талап койгонбуз. Бирок аны өкмөт колдогон эмес. Өкмөт өз күнөөсүн сезип, бир жолку кенемтени төлөп берүүгө тийиш эле. Ал эми жөлөк пулду 18 жаштан кийин да төлөөнү улантуу маселесин биз мыйзамдаштырууга аракеттенип жатабыз.

Кыргызстанда ВИЧ илдетин алып жүргөн балдар мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын категориясы менен жөлөк пул алышат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жөлөк пулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айкөл Турганбаеванын «Азаттыкка» түшүндүргөнү боюнча, бул балдарга да ай сайын берилүүчү жөлөк пул Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык берилип келет.

- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жөлөк пул берилет, - дейт ал. - Бала кандай гана жол менен болбосун бул ооруну жуктурган болсо же ВИЧ илдети бар энесинен төрөлгөн болсо, бул ооруну аныктоочу 18 айдын биринчи айынан тартып жөлөк пул ала баштайт. Эгер баланын оорусу аныкталбаса, анда жөлөк пул берүү токтойт. Эгер тастыкталса, анда 18 жашка чейин үзгүлтүксүз алып турат. Акча бул балдарга Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык төлөнүп берилет.

ВИЧ илдетин алып жүргөн балдарга жөлөк пул анонимдик түрдө төлөнүп берилет. Учурда мындай акчаны 500гө жакын бала алат. Айрым ата-энелер баласынын бул дартка чалдыкканы тууралуу маалыматты жашыруун сактоо максатында жөлөк пул алуудан баш тарткандары бар.

Кыргызстанда расмий түрдө ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын саны 500дөн ашат. Илдеттен улам 70тей бала чарчап калган.

ВИЧ илдетин алып жүргөн балдардын 382си ооруну 2006-2008-жылдары Ош облусунда жана Ош шаарында дарыгерлердин шалаакылыгы менен жуктуруп алышкан. Ошол эле учурда илдетти түйүлдүк кезинде же энесинин сүтү аркылуу жуктуруп алган наристелер да бар. Балдарды дары-дармек менен Глобалдык фонд камсыздайт. Фонддун каржылоосу 2021-жылы токтойт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG