Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:22

ВИЧ илдеттүү аялдардын укугу көп бузулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор Азия өлкөлөрүндө ВИЧ илдетине чалдыккан аялдар дарылануудан баштап, турмуш курууга чейин укуктары чектелип жатканын айтышат.

Борбор Азия өлкөлөрүндө ВИЧке чалдыккан аялдардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Өзбекстанда бул илдетке кабылгандардын саны 40 миңге чамалуу болсо, анын тең жарымы аялдар. Кыргызстанда да жылына 300гө чамалуу аял ВИЧ илдетине кабылат.

ПРООНдун ВИЧ боюнча Кыргызстандагы улуттук координатору Инга Бабичева укугу тебеленген аялдарды кабыл алуучу шелтордук (жайгаштыруу, жай таап берүү) уюмдар да ВИЧ позитивдүү аялдарга эшигин жаап койгон учурлар көп катталарын "Азаттыкка" билдирди:

- Биздин өлкөдө түрдүү зомбулукка кабылган ВИЧ позитивдүү аялдар кайрылуучу борборлор жетишсиз. Анткени мындай аялдардын көбү мурда баңгизат колдонушкан, көчөдө денесин сатууга аргасыз болуп калгандар бар. Андай аялдарды шелторлор кабыл албай, же ден соолугун текшерткени барган кезде дарыгерлер орой мамиле жасаган учурлар да көп кездешет. Мындан тышкары чакан, бири-бирин тааныган чөйрөдө жашагандардын абалы да оор.

Өзбекстандык Шабнама ВИЧ илдетине кабылганын эки жыл мурун билген. Жакындарынан башка эч кимге айта албай, тиешелүү дарыларын ичип жүргөн кезинде ал иштеген ишкананын жетекчилиги кызматкерлердин баарын милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүп, ВИЧ/СПИДге да текшерүүдөн өтүүгө мажбурлаган. Натыйжада Шабнаманын ВИЧ позитивдүү экенин билген жетекчилик аны өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө мажбурлап, муну жетекчиликтин эмес, эмгек жамаатынын талабы катары түшүндүргөн.

Ташкенттеги ВИЧ позитивдүү аялдар менен иш алып барган "Ишонч ва Хат" бейөкмөт уюмунун жетекчиси София Седыхтын айтуусунда, эгер Шабнама өз укугун жакшы билгенде илдети үчүн кызматын тапшырууга мажбур болмок эмес:

- ВИЧ позитивдүү аялдар укуктарын билбегендиктен өздөрү эле кемсинип, элден бөлүнүп калышат. Бул учурда мындай аялдар жетекчиликтин же эмгек жамаатынын каалоосу менен иштен баш тартууга милдеттүү эмес. Бардык кызматкерлер милдеттүү түрдө өтүшү керек деген медициналык кароодон алар кааласа өтпөй коё алышат. ВИЧ илдетин жуктуруп алганы үчүн иштен бошоп кеткен аялдар аз эмес.

ВИЧ/СПИД боюнча Евразиялык аялдар тармагы өз иликтөөсүндө белгилегендей, ВИЧ позитивдүү аялдардын дээрлик жарымы туруктуу иши жок, 21% эч жерде иштебейт.

Сурамжылоого катышкандар ВИЧ илдетине кабылгандан кийин түрдүү басмырлоолорго кабылып, жакындары жана айлана-чөйрөдөгү адамдар тарабынан кысмакка алынышканын, түрдүү зомбулуктар күч алганын, куугунтукталганын белгилешкен.

Бойго жеткен кыздар турмуш куруу укугунан ажырап калган учурлар дагы четтен чыгарын тажикстандык Тахмина Хайдарова белгиледи:

Тахмина Хайдарова
Тахмина Хайдарова

- Биздин коомчулукта ВИЧ илдетине кабылган кыздар күйөөгө тийбеши керек деген көз караш калыптанган. Же болбосо алар өзүнө окшоп, ВИЧ позитивдүү эркектерге гана турмушка чыкса болот деген түшүнүк бар. Мындай кыздарды мектепке да окутпай, үйдө кармап, эч жакка чыгарбай отурган үй-бүлөлөр бар. "Мейли, сүйгөн адамыңа күйөөгө чыга бер" деген ата-энелер өтө аз.

Кыргызстандагы ВИЧ позитивдүү адамдарды аныктоо, аларды дарылоо иштерин Глобалдык фонд каржылап, миллиондогон акчаларды бөлүп келген. 2018-жылдан тарта фонддун колдоосу токтогон.

ВИЧ - Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы - СПИД. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды дайыма ичип турушат.

2019-жылдын август айына карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 9 288ге жетти. Көбү эркектер. Анын арасында 600дөн ашуун бала бар, алардын теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. ВИЧ/СПИДден каза тапкан кыргызстандыктардын саны 2 миңге жетет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG