Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Тарп колбаса


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн “Вечерний Бишкек”, “Багыт” жана “Майдан” гезиттери жарык көрдү.

“Багыт” гезити өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мыкты иштеп жаткан Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба кызматынын директору Турдубек Мамбетовду кызматынан кетиргени түшүнүксүз болгонун, анткени бийлик билермандары жакшы иштеп жаткан жетекчилерди ишинен себепсиз айдамай адатты өнөкөткө айлантып алышканын, бул агенттик Мамбетовго дейре Кыргызстандагы эң коррупциялашкан беш мекеменин бири болсо, Мамбетов келгенден кийин жеке кызыкчылыктарын жогору жактан чечип келген чиновниктердин тамагына сайылган кылкан болгонун, башкасын айтпаганда да, Мамбетов Чолпон-Атадагы эл аралык стандарттагы ат майданды кыска мөөнөттө куруп бергенин, андан башка да жасап келген жакшы иштерин көрүп туруп, таза иштеп жүргөн, эл деп чындап күйгөн адамды айдап жибергени “кызык” болгонун кейип жазды.

Баратбай Аракеевдин жылды жыйынтыктаган макаласы жарык көрдү. Автор Кыргызстандын ички-сырткы турмушун талдоого алып, жаман-жакшыбызды санап келип, жыл тынч өткөнүн, жашообузду жакшыртканыбыз менен пейлибизди тарытканыбызды, бүгүн буту-колу кыбырагандын баары акчанын артынан кууп алганын айтты. Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин “Бул жылы маданиятка, аскер кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурулду” деген, академик Жамин Акималиевдин “2016-жыл орчундуу окуяларга мол болду” деген, саясат таануучу Айнура Арзыматованын “Үй-бүлөлүк” партиялар менен “жергиликтүү уюмдардын” шайлоого катышуусун чектеген мыйзам долбоорун кабыл алыш керек” деген маектери басылды.

Ушул эле “Багыт” гезити “Куйручук олуяга 150 жыл” деген баштеманын алдында таланттуу акын, жазуучу Эркалы Өскөналиевдин “Куйручук” аттуу романы басмадан жарык көргөнүн кабарлап, чыгарманын айрым үзүндүлөрдү жарыялады. Акын жана журналист Жума Мамбетовдун алгачкы агартуучу, өмүрүн өрнөк кылчу адамдарыбыздын бири Мамбеталы Касымбеков жөнүндөгү макаласы жарык көрдү.

“Майдан” гезити жаңы санын “Жылдын адамы – Акматбек Келдибеков” деген макала менен ачып, Акматбек Келдибеков эл уулу катары кадыр-баркка ээ экенин, кайсыл кызматта болбосун таза иштегенин, эл алдында берген жигитчилик сөзүн аткарып узакка созулган сот процесстеринен, алды-үстү жабылган куру жалаалардан майышпай, өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдеп бергенин, эми Акматбек Келдибеков үстүндөгү оор жүктү таштап, саясий кадамын улап, “Ата- Журт” партиясын кайрадан жандандырууга катуу киришип турганын баяндады.

“Майдан” гезитинин “Бешилик” рубрикасындагы "Эт” деген кабарга токтоло кетели. Кыргыздар эзелтен эле этти жакшы көрөрүн белгилеген гезит, баарыбыз базардан сатып алган эт адалбы же арамбы, анысына көп учурда маани бербестигибизди, бирок бул суроого жоопту КТРдын кабарчысы Элнура Молдокадырова бергенин, көрсө арам өлгөн, карышкыр, чөө, ит-куш жарып салып, чала жеп таштап кеткен же ооруп өлгөн малдын этин акча табуу амалы менен шугулданган шылуундар түнкүсүн Ош базарына алып барышып, килосун дүңүнөн 60-80 сомдон сатышарын, ал эми так ушул арам этти алгандар “Халал” деген атты жамынып жүргөн белгилүү колбаса цехтер болуп жаткандыгы өтө кооптуу экендигин, көрсө көзүнө акчадан башка көрүнбөгөн бул кудай безерлер баарыбызга арам өлгөн, ооруган малдын этин “халал колбаса” деп, “халал гамбургер” деп жедирип келатканын, баса дал ушул журналист кызыбыз Элнура жылдын башында эшектин этин жедиргендердин да бетпардасын сыйырганын, эми минтип арам этти жедирип келаткандардын бетин ачканын, эми журналисттен кийинки кадам бийликте калганын жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити да бул санын “Тарп колбаса” деген макала менен ачып, жакында эле кыргыз журналисттери гамбургерлердин сапатын текшерип көрүү үчүн кардарлар арасында кадыр-барктуу жана өтө таанымал соода түйүндөрү аталган “Бегомот”, Антошка”, “Домино” жана “Евразияны” текшерткенде булар сатып келаткан гамбургерлерден ичеги-карын ооруларын пайда кылуучу бактериялар чыкканын, врачтар болсо аталган гамбургерлерди жегенге болбой турганын, анда адам өмүрүнө зыян келтире турган илдеттүү заттар бар экендигин айтканын дагы бир жолу окурмандардын эсине салды.

“Майдан” гезити булардан тышкары саясатчылар Камчыбек Ташиевдин “Эң башкысы биз элди алдаган жокпуз” деген, Азимбек Бекназаровдун “Икрамдын алдына баралбай жүргөндөр түрдүү ушактарды чыгарып жатат” деген, Аида Салянованын “Елисеев менен саламдашып көргөн эмесмин” деген, Каныбек Осмоналиевдин “Кыргызстанда билим берүү жана илим саясаты коркунучтуу кырдаалга кептелди” деген, Мыктыбек Абдылдаевдин “Кыргызстандан башка бир да өлкө алдын ала референдум өткөргөн эмес” деген маектери жана башкалар бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG