Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылына караштуу адырдын арасындагы короодо учурда 381 эшек багылууда. Ал эшектерди кытай ишкерлери Ноокат жана Араван райондорунан 1-2 миң сомдон сатып алып чогултушкан. Жергиликтүү эл эшек эти сатыкка чыгып кетет деген кооптонуудан улам эшек чарбасын жоюуну талап кылышууда. Жергиликтүү тургун Гүлнара Дубанаева:
- Токтотсун мындай ишкердикти. Кытайда, кааласа башка жакка алпарып улантсын. Бирок биздин Кыргызстанда мындайга жол бербеш керек. Биз таза мусулманбыз. Ушуну уккандан бери өзүмдү коёрго жер таппай жүрөм. Биздин элибиз муну кантип жөн калтырат? Айрымдар көчүрүүнү талап кылууда. Көчүрсө алар дагы башка адырга барып, ушул ишин уланта берет да. Тили салаңдап калган эшектер да жүрөт арасында. Аны эмне үчүн атып салышпайт?
2015-жылы Кытайдын Гансю облусу менен Ош облусу айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Ошонун негизинде 2014-жылы кытайдын “Во ВИ Щы” компаниясы Кыргызстанга келген. Алар мекемени каттоодон өткөрүшүп, бардык уруксат берүүчү талаптарды аткарганын айтышууда. Кытай ишкери Ма Цынь И өздөрүнүн аракетинде мыйзам бузуу жок деп билдирди.
- Этти жана тирүү жандыктарды Кытайга алып кетүүгө уруксат берүүчү санитардык, ветеринардык документтерди даярдаганбыз. Өз ара келишимдин негизинде жергиликтүү тургундун жерин ижарага алып, эшектерди сатып алып жатканбыз. Бирок эшектин этин сатуу, эт комбинатын куруу планыбызда жок. Болгону бул жерде эшектерди топтоп, анан Кытайга алып чыгып кетүү үчүн пайдаланып жатканбыз. Буга бир дагы чиновниктин тиешеси жок. Биз жергиликтүү элдин диний ишенимин урматтайбыз.
Жергиликтүүлөрдүн басымынан улам кытай ишкерлери топтолгон эшектерди 10-декабрга чейин айылдан чыгарып кетүүгө аргасыз болушууда. Кытайларга короосун ижарага берген ишкердин Фарида аттуу кожейкеси бир да эшек союлбаганын ырастады.
- Бул жерде бир да эшек союлбайт. Эти сатылган жок. Кытайлар менен эшектерди тирүү бойдон туягын алып чыгып кетебиз деген келишим болгон. Келишим боюнча бизге жердин ижара акысы үчүн айына 30 миң сомдон төлөп беришет. Эшектердин жем суусун да өздөрү сатып келип, өздөрү карашат. Мунун баары документтештирилген. Эми 10-декабрда алып чыгып кетишет.
Айыл аткаминерлери да жергиликтүү тургундун жаңы ишмердигинен кабарсыз калышканын айтышат. Бул арада Көк-Жардагы эшек чарбасына Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун байланышы тууралуу тараган имиш айылга да жеткен. Айылдагы Аксакалдар сотунун төрагасы Сабыр Мустапаев айылдагы эшек чарбасын жазалоого негиз табылбаганын айтты.
- Айылда азыр эшек жоголсо эч кимдин башы оорубайт. Анткени эшектин ордун баса турган транспорт каражаттары кенен болуп калды. Жоголгон эшекти издеген адам дээрлик жок. Анан эшекти союп, бизге саткан факты да жок. Андай кылгандан коркушат, анткени эл билип калса, аны өрттөп жиберишет. Биздин нааразылыгыбыз - депутаттардын атына көө сүрткөндү токтотуш керек.
Эшек чарбасына байланыштуу аты аталган депутат Төрөбай Зулпукаров бул бизнеске анын атын аралаштыргандарды кудайга койгонун айткандан башка билдирүү тарата элек. Бул арада Ноокат районунан бир топ аксакалдар Ошко келип, эшек чарбасына депутаттын тиешеси жоктугун айтып, маалымат жыйын куруп кетишти.
Ош милициясы эшек бизнеси боюнча ишти Каржы полициясынын иликтөөсүнө өткөрүп берди. Буга чейин Ош шаарынан да эшек багуучу жай табылган болчу.
Жергиликтүү элдин оюнча, кытай ишкерлери эмнегедир эшек чарбасын жашыруун уюштурушкан. Аны акчага сатып аларын ачык айтпай, ээн талаадагы короодо чарба уюштурганы элдин шегин андан бетер күчөткөндөй.
Быйыл жыл башында Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана аныкталып, андагы союлган эшектердин эти борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып тургандыгы маалымдалган. Бирок касапкана ээси эшек эти чет өлкөлүк зоопарктарга жиберилерин айтып чыккан болчу.
Сентябрда болсо Ошто жүздөн ашуун эшек багып жаткан кытай жарандары табылган. Анда да бизнес менен алектенген ишкерлер эшектер Кытайга тирүү бойдон жөнөтүлөрүн билдиришкен.