Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Ашхабад Кремлден акча сурады


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен орус президенти Владимир Путин.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен орус президенти Владимир Путин.

Назарбаев президенттик бийликти өкмөт жана парламент менен бөлүшүүнү чечти, Бердымухамедов келерки президенттик шайлоого Путинден каржы суроодо, ал эми өзбек президенти Мирзиёев өзбек текстилин Европага чыгарат.

Назарбаевдин жаңы демилгеси

Ведомости басылмасынын макаласында казак президенти эгемендүүлүктүн 25 жылдык мааракесинде мамлекеттин өнүгүүсү үчүн бийлик бутактарынын жоопкерчилигин күчөтүү керектигин белгилегени баяндалат. Бул үчүн Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүп, президенттик бийликти бөлүштүрүүнү сунуштаган. "Ыйгарым укуктарды президент, өкмөт жана парламент ортосунда бөлүштүрүүгө убакыт жетти. Атайын комиссия түзүлүп, тийиштүү жаңы мыйзамдарды, керек болсо, Конституцияны дагы өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизиши керек” деп айтты Назарбаев. Ошол эле маалда эл башчы “Казакстан – президенттик өлкө боюнча кала берет” деп баса белгиледи.

Аркадагдын өтүнүчү

"Аргументы Недели" басылмасы “Орусиядан Түркмөнстан да акча сурай баштады” деп жазат. Макалада Түркмөнстандын мамлекеттик бюджети чоң кара туңгуюк сыяктуу сүрөттөлүп, Гурбангулы Бердымухамедов ноябрда Кремлден 2 миллиард доллар сурап келгени баяндалат. Ушул тапта орус президенти Владимир Путин Түркмөнстанга барууга даярданып жатканы айтылат.

"Бердымухамедов “Газпром” үчүн түркмөн газын оңтойлуу баада сатууга жана өлкөдө орус аскерий базасын жайгаштырууга макул болгондо гана Москва аны каржылашы мүмкүн" деп белгилейт басылма.

Орусиялык басылмалар Түркмөнстанда президенттик шайлоого ат салышуу башталганы, демократтар партиясынан Бердымухамедов көрсөтүлгөнүн дагы жазышкан.

Орус жарандыгы кимдерге берилет?

Росбалт КМШ жарандарына жарандык берүү маселесин жазды. Макалада Советтер союзунун паспорту менен Орусияга 2002-жылга чейин келгендерге орус жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен берилери айтылат. Мамлекеттик Дума кабыл алган мыйзам боюнча бул иш 2020-жылга чейин созулат. Орус жарандыгын ала тургандар орус тилден текст тапшырып, каржы булагын ачык көрсөтүшү керек. Ошондой эле алар башка өлкөнүн жараны болбошу зарыл. Мурдагы Советтер союзунун жашоочуларына жарандык берүүнү улантууга президент Владимир Путин декабрдын башында буйрук берген. Лента.ру басылмасы буга чейин жөнөкөйлөштүрүлгөн жарандыкты 70 миңдей адам алганын кошумчалаган.

Өзбек текстили Европага сатылат

Регнум агенттиги Өзбекстандын текстилине Европага жол ачылганын кабарлайт. Европа парламенти Өзбекстан менен текстил тармагында кызматташуу келишимин кабыл алган. Ташкент билдиргендей, келишим боюнча өзбек текстили Европа өлкөлөрүнө төмөн бажы салыктары менен өткөрүлөт. Агенттик Өзбекстан биринчи жарым жылдыкта пахтаны иштетүүнү 55 пайызга чейин көтөргөнүн кошумчалайт. Ошондой эле келерки үч жыл ичинде жалпы 1 миллиард долларды түзгөн 70 долбоорду ишке ашырып, текстил тармагын көтөрмөкчү. Азыр өлкөдө текстил тармагына 2 миллиард доллар инвестиция тартылып, 200 долбоор иштеп жатканы айтылат. Өзбек текстили элүүдөн ашык өлкөгө экспорттолот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG