Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Өзгөчө нук чапкан журналист Бейшенбек Бекешов


Бейшенбек Бекешов
Бейшенбек Бекешов

27-декабрда журналист Бейшенбек Бекешов 61 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Замандаштары анын чыгармачылыгынын оош-кыйыш жактарын талдап, коомдук турмушка кайдыгер болбогон жигердүү жарандык турумун эскеришет.

Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясында (азыркы КТРКда), ЭлТР коомдук телеканалында жетекчилик кызматтарда иштеген журналист Бейшенбек Бекешов (19592020) пост-советтик Кыргызстандагы коммунисттик цензурадан эркин болгон жаңы медианын өнүгүшүнө зор салым кошкон, айырмалуу автордук берүүлөрдү уюштурган таланттуу журналисттердин бири болчу.

Ошол эле кезде анын журналисттик ишмердиги сын пикирлер менен да коштолуп келген. Акыркы жылдары ал калайыкты атамекендик органикалык азыктарды колдонууга үндөп, ишкерлик да кылып келе жаткан.

"Жашында эле өзгөчөлөнүп турчу"

Бейшенбек Бекешовдун көзү өткөнү тууралуу маалымат Интернетте пайда болору менен Бекешовдун атамекендик журналистикадагы орду, экологиялык таза азыктарды жайылтууга кошкон салымы тууралуу жылуу пикирлер коштогон эскерүүлөр коомдук тармактарда жайнады.

Бейшенбек Бекешов менен Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) филология факультетинде чогуу окуган журналист Айгүл Бакеева курсташы жогорку окуу жайын Москвадагы Ломоносов атындагы университеттен бүтүрүп келгенин эскерди:

"Биз Бейшенбек менен университетте чогуу журналистика бөлүмүндө окудук. Ал абдан зирек, сөзмөр, уюштургуч таланттарга ээ, ошол эле убакта саясатка да кызыккан жигит эле. Ал биз менен окуп жүрүп, Москвага Ломоносов атындагы университетке которулуп кетип, окууну ошол жактан бүтүрүп келген. Ошондон уламбы, бизге журналистиканын жаңы доорго өтүшүнө салым кошуп, ал аудиториясы көп автордук берүүлөрдү уюштуруу жагын биринчилерден болуп колго алды. Буга анын "Коломто" автордук программасы далил боло алат".

Бейшенбек Бекешовдун "Коломто" программасы 1990-жылдарда көп пикирлерге, талкууларга жем таштаган, кызуу талаш-тартыштардын чордонунда калган программага айланган.

Андагы адеп-ахлак, нарк-насил темалары коомдун кайсы бир катмарында жылуу кабыл алынса, айрым катмары берүүнү адам укуктарына, анын ичинде кыз-келиндердин укуктарына каршы келген, эскичил программа катары кабыл алынып, кийинчерээк программа чыкпай калган.

Бекешовдун замандашы жана кесиптеши, "РухЭш" сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир "Коломто" программасы кыргыз коомунда жаңы өзгөрүү, өнүгүүлөргө тескери карап, глобализацияга каршы турууга тийиштей маанай түзгөн деген пикири менен бөлүштү:

"Сөздүн ачыгы, Бейшекенин бул программасы кыргыз коомунда көп айырмалуу көз караштарды калыптап койду. Анткени, программада бүгүнкү баалуулуктарды чочуркай карап, терс көз караш менен карап, глобализацияга төшүн тосуп эле, каршы турушу керек дегендей маанай бар эле. Диний агрессия, үгүт күчөп кеткенин ачык айтуу керек. Бул пикирим көпчүлүккө жакпашы мүмкүн, бирок ачык айтайын, Бейшенбек Бекешовдун көрсөтүүлөрүндө "бала белде, катын жолдо" деген сыяктуу темаларды кыргыздын наркы сыяктуу кылып көрсөтүү аракети бар эле. Бейшеке менен балет тууралуу да пикирибиз келишпей, анын "балет өнөрү кыргызга жат" деген пикирине, кыргыздын санын көбөйтүү керек деген аргумент менен, көп аял алуучулукка да шыкактаган ойлоруна каршы чыгып келдим. Жаны жаннаттан болсун, бирок чындыкты айтып коюшубуз керек".


"Нарк-насил деген азамат эле"

2005-жылдары Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясынын төрагасы болуп иштеген Кыяс Молдокасымов өзү менен телеканалдын жетекчилигинде үзөңгүлөш иштеген Бейшенбек Бекешов табиятынан кыргыздын нарк-насилине жакын адам болгонун эскерди:

"Бейшеке студиядан чыкпай эле, бет маңдай отуруп алып, маек курган берүүлөрдү жактырчу эмес. Ал "Коломтону" телеканалдын студиясынан тышкары, айыл аралап, жүздөгөн адамдарды чогултуп алып, тартып жүрдү. Кийинчерээк анын коломтосун өчүрүшкөн соң, ал ЭлТРде да "Эл наркы" деген аталышта программа түздү. Ал берүүсү да көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан, кыргыздын нарк-насилин, тарыхын, санжырасын даңазалаган программа болду. Кийинчерээк мамлекеттик телеканалдарда иштебей калган учурунда да, ал НьюТВ аркылуу да ушундай эле жаратмандык программаларды эфирге чыгарып жүрдү".

Ишкер Бекешов

Бейшенбек Бекешов Улуттук телерадиокорпорациясында, андан кийин ЭлТР коомдук телеканалында жетекчинин орун басары болуп иштеп жүргөн. Кийинчерээк журналистикадан кетип, Бишкекте экологиялык таза азыктарды саткан "Айыл азыгы" деп аталган соода түйүнүн ачкан.

Журналистикадан ишкерликке, же өзү айткандай, "дүкөнчүлүккө" кантип келип калганы тууралуу Бейшенбек Бекешов өзү 5-каналга курган маегинде айтып бергени бар:

"Карыганда болсо да бизнести баштадым. Ишкерлик кылуу үчүн бир нече гана ишеним керек. Алардын бири - акча маселеси. Адамдар акчаны чөнтөктө болот, банкта болот же катып койгон жерде болот деп ойлошот. Менимче, акча деген мээде жана жүрөктө болот. Эгер ушул жерде акчаңар болсо, ишкерликти коркпой баштасаңар болот. Ал жер бош болсо, жөн эле жумшаган адамдын ишин кылып жүрө бергениңер оң. Башкалардан өзгөчөлөнүп, элде жок, бирок элге керек ишкерлик кылуу үчүн акча башта, мээде болушу керек".

Бекешов Бишкек шаарында жалаң айылдагыдай жөнөкөй ыкма менен, экологиялык жактан таза делген азык-түлүктөрдү гана сатуучу "Айыл азыгы" деген чакан дүкөнчө ачкан.

Журналист Аскер Сакыбаева Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында өзүнүн өзгөчө ордун, изин калтырып кеткен деп эсептейт. Сакыбаева маркум Бекешов ошол эле учурда журналисттер башка тармакта да иштеп кете ала турганын көрсөтүп, ишкерликте да өзгөчөлөнгөнүн белгиледи:

"Кыргыздар бул жагы Кытай, ал жагы алыскы мамлекеттерге чейин импорттолгон азык-түлүгүн жеп жаткан учурда, Бейшеке жалаң айылда жасалган, биз айылда жеп-ичип чоңойгон азыктарды алып келип сата баштады. Дүкөнүн да өз колу менен жалаң жыгач менен каптап чыккан. Биз суусап ичкен кымыз кышын-жайын дүкөнүнөн үзүлбөйт. Кымызда да сабаада быша тургандай, атайын механизм иштеп чыккан экен, анысын да мага мактаныч менен көрсөткөн эле".

Бейшенбек Бекешов "Айыл азыгы" дүкөнү аркылуу жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, дыйкандардын, малчылардын колунан жаралган экологиялык таза азыктарды жайылтууга салым кошкондугу тууралуу да жылуу пикирлер интернеттин коомдук тармактарында арбын айтылууда.

Баткендин кургатылган жемиштерин, айтылуу Ак-Турпак күрүчүн, өрүк курутун тажиктер арзан сатып алып, дүйнөгө "Тажикстанда өндүрүлгөн" деген бренд менен сатып жатканын какшап айтып жүргөн ишкер Турсунали Төлөмүшов Бейшенбек Бекешовдун дүкөнү аркылуу Баткендин нукура азыктары Бишкекке, чет өлкөлүк керектөөчүлөргө таанылганын айтты:

"Бейшенбек ава менен биз журналист Нургазы Мусаев аркылуу таанышып калдык эле. Мага Баткенде өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү туура таңгактап, дүкөнүнө алып келүүмдү сунуштады. Мен үч жылдан бери бул дүкөн менен кызматташып келе жатам. Дайыма кеп-кеңешин айтып, мактап сатчу эле. Биздин тажиктерге, өзбектерге арзан баада кармата берүүгө аргасыз болуп жүргөн азыктарыбыз өзүбүздүн керектөөчүлөргө да, чет өлкөлүк кардарларга да таанылып, сатыла баштады. Бейшенбек Бекешов менен чогуу мындай дүкөндү Баткенде да ачсак деген максатыбыз бар эле".

Кеч тийген сыйлык

Ишкерликте ийгиликке жетишип, "Айыл азыгы" дүкөнү менен элдин оозуна илинип калса да, маркум теледе иштебей калганына күйүнүп, ич күптүсү менен жүргөнүн айрым кесиптештери эскеришүүдө.

Журналистикада көп жылдар эмгектенген Бейшенбек Бекешов 2020-жылы гана "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер" сыйлыгын алган.


Тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов маркум Б.Бекешовдун сыйлык алгандагы маанайын төмөнкүчө эстеди:

"Ачыгын айтканда, акыркы жылдары негедир анын таланты бааланбай, пайдаланбай калдык. Ал муну өзү да айтчу: "Мен минтип дүкөнчү, сен колуңа кетмен кармаган багбан болот деп ким ойлоптур?! - деп кейип, -Биздин мээбизди сыгып, акылыбызды саап, агартуучулугубузду пайдаланса, мамлекетибизге алда канча кызматыбыз артпайт беле!" - деп күрсүнүп алаар эле. Быйыл "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын алганда куттуктасам: "Кыяс аке, кайсынысын айтасың, теледе өлөрчө иштеп албаган наамды эми минтип дүкөнчү болгондо берип жатпайбы" - деп күлдүргөн эле. Бул билген адамга күлкү эмес эле. Бейшекедей мыктыларды баалабаган күйүт эле! Наркты, салтты даңазалаган Бейшеке теледен четтетилип, дүкөнчүлүк менен алектенгенге аргасыз болду. Бирок теледегидей эле дүкөнчүлүктү да катырып, кыска аралыкта "Айыл азыгын брендке айландырып койду".

Журналист Бекешов ишкерлик менен алектенген учурунда да өлкөдөгү саясий окуяларга баам салып, өз пикирлерин интернеттеги коомдук тармактарда билдирип турчу.

Маселен, өзү жакшы көргөн журналист Нургазы Мусаевдин "белек-бечкектерди тартуулоо далалатын саясатчы четке кагуусу керек" деген пикирин жана Садыр Жапаровго карата айтылган:

"Эми бай-манапчыл жол-жобо, жосундардан алыс болуңуз. Пандемия шартында элди ары-бери ташыбай, онлайн деле жолугушууларды уюштуруп койсо болот. Бюджеттин акчасын коротуп, КТР, ЭЛТР, 5-канал, "Пирамида" каналдарын, гезиттерди, облустук ТВларды, сайттарды неге кармап отурабыз. Керек болсо дароо мыйзам кабыл алып, бардык кандидаттарга акысыз убакытты кенен берип, бирдей шарт түзүп, бирдей убакыт ажыратып берсек эле, эл өзү таразалап алат...", - деген сунуш сөздөрүн Б.Бекешов: "Мына ушуну сөз деп айтыш керек", - деп 19-декабрда "Фейсбук" барагында колдоого алган.

Коомдогу турмушка эч кайдыгер болбогон Б.Бекешов өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга, интеллигенциянын азыркы абалына, журналистикадагы акыбалга өзүнүн сын көз караштарын жазып турчу.

Маркум Бейшенбек Бекешовдун сөөгү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы өзү туулуп-өскөн Балбай айылында 29-декабрда жерге берилет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG