Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

IRI: Соңку окуялар саясатчылардын салмагын өзгөрттү


IRI: Кыргызстанда кымбатчылыкка камтама болгондор көбөйдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:26 0:00

IRI: Кыргызстанда кымбатчылыкка камтама болгондор көбөйдү

Эл аралык республикалык институттун жаңы изилдөөсү кыргызстандыктарды эң көп кайсы маселелер ойлондура турганын, соңку айларда саясий партиялар менен саясатчылардын кадыр-баркы кандай өзгөргөнүн көрсөттү.

21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзүлгөн сурамжылоо тууралуу баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул институттун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Димитар Стойков “Азаттыкка” маек курду.

- Жакында Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандагы жаңы улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Ага чейинки социологиялык изилдөөңүздөр 2020-жылдын декабрь айында жүргүзүлгөн эле. Андан бери Кыргызстандын жарандарынын экономикалык көйгөйлөрү тууралуу пикирлери кандай өзгөрүптүр? Учурда элди эмне көбүрөөк ойлондуруп жатат?

- Биздин сурамжылоо, дайыма боло келгендей, Кыргызстандагы номур биринчи көйгөй - жумушсуздук экенин, анын артында коррупция маселеси турарын көрсөттү. Эл аралык республикалык институт Кыргызстанда 15-16 жылдан бери мындай сурамжылоолорду өткөрүп келет. Жогорудагы эки маселе дайыма сап башында турат.

Былтыр биз парламенттик шайлоонун алдында жана андан кийин декабрь айында изилдөө жүргүзгөнбүз. Анда эл COVID-19 маселесине көбүрөөк көңүл буруп турганын көргөнбүз. Бул ирет коронавирус маселесине байланыштуу тынчсыздануу азайганын байкадык.

Ошондой эле декабрь айына салыштырмалуу саясий туруксуздук маселесинде да камтамачылык бир топ азайды. Декабрь айында бул көрсөткүч жогору болчу, азыр төмөндөдү.

Өткөн жылдын соңуна салыштырмалуу эки маселе элди көбүрөөк ойлондура баштаганын байкадык. Биринчиси - баалардын көтөрүлүшү же кымбатчылык жана инфляция. Экинчиси - миграция. Бул маселе август жана декабрь айынан бери туруктуу түрдө көтөрүлүп келет. Бардыгыңыздар билгендей, Кыргызстанда миграция маселеси экономика менен түздөн-түз байланышта. Чет өлкөдө жашап, иштеп, мекенине акча салган кыргыз жарандары көп.

- Мындай экономикалык жана социалдык маселелер көтөрүлгөнү менен респонденттердин арасында “өлкөдөгү абал туура нукта өзгөрүп жатат” деп эсептегендери декабрь айындагы сурамжылоого салыштырмалуу көбөйгөн экен. Изилдөөгө катышкандардын мындай жооптоорун кандай чечмелесе болот? Бул көрсөткүч өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу болдубу?

- Менимче, саясий туруктуулук менен байланышы бар. Буга чейинки суроодо айтканымдай, саясий туруксуздук маселесине тынчсыздангандар декабрга салыштырмалуу кыйла азайды. Азыр бул көрсөткүч өтө төмөн.

Акыркы парламенттик шайлоодон кийин же октябрь окуяларынан кийин өлкөдө туруксуз абал жаралганы белгилүү. Ошентсе да биздин респонденттер азыр өлкө туура нукта баратат деп ишенет.

Биз бул суроону акыркы 15-16 жылдан бери элден сурап сурап келебиз. Эгер биздин баяндамабыздагы диаграммаларды карасаңыз, өлкө туура нукта баратат дегендер эң жогорку чегин көрсөттү окшойт. 70% түздү.

Ак калпак күнүнө арналган иш-чаранын катышуучулары, Бишкек, 4-март 2021-жыл.
Ак калпак күнүнө арналган иш-чаранын катышуучулары, Бишкек, 4-март 2021-жыл.

- Баяндаманы окуп жатып, айрым суроолордун жооптору регионго, респонденттердин жаш курактарына же гендердик топторго жараша бири-биринен айырмаланып турарын байкадым. Маселен, Бишкекте өлкө туура нукта баратат деп эсептебегендер аймактарга караганда көбүрөөк экен. Бул сыяктуу дагы кандай айырмачылыктарды баамдай алдыңыздар?

- Ооба, туура. Бишкекте “өлкө туура багытта баратат” жана “туура эмес багытта баратат” дегендер дээрлик 50/50% болуп турат. Бирок кайрадан эле бул маселени жалпы контексттен карашыбыз керек. Маселен, парламенттик шайлоону утурлай август айында жүргүзүлгөн сурамжылоодо Бишкекте “өлкө туура нукта баратат” деп эсептегендер 8% эле болчу. Азыр 52% болду.

Ооба, аймактарга жана респонденттердин жаш курактарына жараша жооптор кайсы бир деңгээлде айырмаланып турат. Бирок жалпысынан өткөн жылдын август жана декабрь айларына салыштырмалуу алардын баарынын көрсөткүчтөрү жакшырды.

- Сиздер соңку сурамжылооңуздардын жыйынтыгын Кыргызстанда 11-апрелде өтүүчү жергиликтүү шайлоолордун жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумдун алдында жарыяладыңыздар. Алдыдагы добуш берүү тууралуу эл арасында кандай пикирлерди байкадыңыздар?

- Биз жергиликтүү шайлоолор же референдумга байланыштуу респонденттерге түз суроо берген жокпуз. Бирок биз жарандардан жергиликтүү жана парламенттик шайлоолор боло турган болсо, ага катышып, катышпай турганын, кайсы партияларды колдой турганын сурадык. Ошондой эле өлкөдөгү саясий лидерлер тууралуу да элдин пикирин билдик.

Бирок “Сизди кайсы көйгөйлөр эң көп ойлондурат?” деген суроону бергенибизде Конституция маселеси көтөрүлгөн жок. Бул тема чыккан жок.

- Эл аралык республикалык институттун бул сурамжылоосу көрсөткөндөй, жарандардын саясий партиялар же талапкерлер тууралуу пикирлерине көчөгө илинген жарнамалар, брошюра-буклеттер дээрлик таасир этпейт экен. Бирок шайлоочулардын тандоосуна таасир эте турган башка факторлор бар экен. Алар кайсылар экенин түшүндүрө кетесизби?

- Биздин көзгө дароо урунган жана дайыма байкалып келген таасир этүүчү фактор – бул жамааттардагы аттуу-баштуу же урмат сыйга татыган адамдардын пикирлери. Андан кийинки орунда медиа каражаттары жана социалдык тармактар турат. Бул багытта социалдык медианын ролу абдан көбөйгөнүн, тескерисинче салттуу медианын көрсөткүчү төмөндөгөнүн байкадык.

Көп шайлоочулар саясий партиялар же талапкерлер тууралуу маалыматты социалдык тармактардан алгысы келет экен. Мындан тышкары теледебаттардын да көрсөткүчтөрү жогору бойдон.

Кыргызстандагы гана эмес, башка көп өлкөлөрдөгү шайлоочулар туш болгон “Саясий партиялар же талапкерлер ортосундагы айырмачылыктар кайсылар?” деген суроо бар. Ошондуктан жарандар дебаттарды көрүп, талапкерлерди бири-биринен айырмалагысы келет.

Парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоо, Бишкек, 5-октябрь 2021-жыл.
Парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоо, Бишкек, 5-октябрь 2021-жыл.

- Шайлоочулар арасында урмат-сыйга татыган лидерлердин оюна кулак салгандар көп деген тыянак жеке өзүм үчүн кызык маалымат болду. Мындай көрүнүш өлкөдө канчалык кеңири жайылган десек болот?

- Менимче, бул кеңири жайылган. Башка өлкөлөргө да мүнөздүү жагдай. Балким, Европада же АКШда бул көрүнүш кайсы бир таасирдүү адамдын кайсы бир талапкерге расмий колдоо көрсөткөнү деп аталышы мүмкүн. Ошентсе да бул кадыресе көрүнүш.

Эгер адамдар талапкерлердин бирин тандай албай турса, жергиликтүү лидерлердин, диний лидерлердин же башка таасирдүү фигуралардын пикирин билгиси келет. Андыктан бул адаттан тыш жагдай деле эмес.

- Мындан тышкары соңку сурамжылооңуздарда жарандардын демократия тууралуу кызыктуу бир пикирлери да камтылган экен. Кыргызстан узак убакыттан бери демократияга умтулган өлкө катары сыпатталып келгени белгилүү. Албетте, соңку жылдарда же айларда мындай мүнөздөмөнү четке каккандар жок эмес. Кыргызстандыктардын демократия тууралуу кабылдоосу жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

- Сурамжылоодо буга байланыштуу айрым кызыктуу жагдайларды байкадык. Биз Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да респонденттерге “Сиз демократияны тандайсызбы, же башка бир башкаруу формасын туура көрөсүзбү?” деген суроону беребиз. Биз Кыргызстанда декабрга салыштырмалуу бул суроого позитивдүү жоопторду бергендер көбөйгөнүн көрдүк.

Биздин сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү демократияны тандай турганын билдиришти. Мындан тышкары өлкө туура багытта баратат деп эсептеген 70% респонденттердин басымдуу бөлүгү да демократияны туура көрөт экен.

Сурамжылоо Кыргызстанга мүнөздүү дагы бир кызыктуу жагдайды көрсөттү. Респонденттердин басымдуу бөлүгү өз добушу же пикири мааниге ээ деп эсептешет. Башка өлкөлөрдө мындай эмес. Бул өзгөчө кыргыз демократиясы жана кыргыз жарандарынын демократиялык көз караштары жагынан алып караганда позитивдүү көрүнүш.

- Эми кыргызстандыктардын саясий көз караштары тууралуу сөз кылсак. Себеби Эл аралык республикалык институттун соңку сурамжылоосу жарандардын саясий партияларга тууралуу ойлору кыйла өзгөргөнүн көрсөттү. Маселен, 2020-жылдын август айында эл көп тааныган же популярдуу деген партиялардын башкы сабында КСДП партиясы турган. Бул жолу “Мекенчил” партиясы алдыга чыкты. Акыркы айларда коомчулуктун саясий партиялар тууралуу көз караштары дагы кандай өзгөрдү?

- Соңку эки жылдан бери КСДП партиясын колдогондордун саны азайып келе жаткан. Бул көрүнүш, сиз айткандай, август айына чейин созулган. Ошол мезгилдерде “Республика” сыяктуу башка партияларга колдоо көбөйө түшкөнүн байкаганбыз. Бирок өткөн жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийин саясий партиялардын рейтинги чукулунан өзгөрдү.

Кайсы бир партияны колдогондор көбөйгөнүн айтардан мурда “билбейбиз, же чече элекпиз” деп билдирген респонденттердин катары калыңдай түшкөнүн да белгилеп кетиш керек. Алар бир да партиянын атын аташкан жок (ред. 2020-жыл, август: 2%, 2021-жыл, февраль-март: 6%)

- Август айындагы сурамжылооңуздарда Өмүрбек Бабанов респонденттер эң көп ишеним арткан саясатчы катары мүнөздөлгөн. Бирок азыр кырдаал башка. Эми президент Садыр Жапаров сап башына чыкты. Соңку бир нече ай ичинде саясий лидерлердин рейтинги кандай өзгөрүүгө дуушар болду?

- Саясий партиялар тууралуу айткандарым бул жерде да кайталанды. Соңку 2,5 жылдан бери, өткөн жылдын август айына чейин мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду колдогондордун саны азайып бара жатканын, Бабановду колдогондор тескерисинче көбөйүп баратканын байкаганбыз. Бирок октябрь окуяларынан кийин жана быйыл январь айындагы президенттик шайлоодон кийин Жапаровдун көрсөткүчтөрү кыйла жогорулады. Шайлоодо Жапаров абдан күчтүү бир мандатка ээ болгону белгилүү. Жапаров сыяктуу Ташиевдин да рейтинги чукул көтөрүлдү. Нуржигит Кадырбековдун үчүнчү орунга чыкканы да кызыктуу жагдай болуп калды.

- Мындай көрсөткүчтү талдай турган болсок, саясий лидерлердин рейтингинин өзгөрүшүнө өлкөдө соңку бир нече айда орун алган окуялар түрткү берди десек болобу?

- Ооба, биздин сурамжылоо ушуну көрсөтүп турат.

Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи, 28-январь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи, 28-январь, 2021-жыл.

- Президент Жапаровдун рейтинги тууралуу сөз кыла кетсек. Сурамжылоого катышкандардын 38% ага ишене турганын айткан. Бирок Садыр Жапаров январь айында эле 80% добуш менен шайланган. Сиздердин сурамжылоо президенттин рейтинги тууралуу эмнелерди айта алат?

- Биз январь айындагы шайлоого канча шайлоочу катышканын эске алышыбыз керек. Анда жалпы шайлоочулардын 39-40% добуш берген.

Колдоо маселесине келгенде, 38% рейтингди бүтүндөй өлкөгө мүнөздүү көрсөткүч деп карасак болот.

Эки жарым жылдай мурдараак мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун популярдуулук рейтинги 25% тегерегинде эле болчу.

Муну кызматтагы президенттин шайлоодон эки ай өткөндөн кийинки рейтинги десек болот.

- Мындай жыйынтыктардан кийин биздин угармандарга же көрөрмандарга сурамжылоо кандай жүргүзүлгөнү да кызык болсо керек. Социологиялык изилдөөгө канча киши катышканын, анын жыйынтыгы бүтүндөй өлкөнүн маанайын канчалык көрсөтүп турарын түшүндүрүп бересизби?

- Мурда биз сурамжылообузду респонденттер менен бетме-бет жолугуп өткөрчүбүз. Изилдөөгө 1200 адам катышты. 15-16 жылдан бери окшош эле методологияны колдонуп келебиз. Сурамжылооону биздин SIAR аттуу жергиликтүү өнөктөшүбүз жүргүзөт. Биз алар менен бир нече убакыттан бери кызматташып келебиз.

Сурамжылоонун ката кетип калуу ыктымалдуулугу 2,8% түзөт. Сурамжылоого чакырылгандар менен ага жооп бергендердин катышы 47-48% тегерегинде. Телефон аркылуу суроолорго жооп бергендердин көрсөткүчү абдан жогору.

Биз коронавирус маселесинен улам телефон аркылуу сурамжылоо өткөрдүк. Бирок ушул жылдын аягында абал жакшырса, эл менен көзмө көз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп үмүттөнөбүз.

Бул сурамжылоолор кайсы бир мөөнөт ичиндеги элдин маанайын көрсөтүп турат. Соңку изилдөө 21-февралдан 5-мартка чейин өткөрүлдү.

Бирок сиздер билгендей, Кыргызстанда кырдаал өзгөрүп турат. Октябрь айында болгон окуяларды эске алганда, жагдай өзгөрүшү мүмкүн.

Бишкек, Ош сыяктуу айрым шаарларда жаңы партиялар жергиликтүү шайлоолорго катышып жатат. Андыктан жекшемби күнү жергиликтүү шайлоолор эмнени көрсөтөрүн так билбейбиз. Өзгөчө референдум маселесинде элдин катышы кандай болору да так эмес.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG