Кыргызстанда апрель окуяларынын 11 жылдыгы эскерилди. 2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой жаран жан берген. Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан.
Андан бери Кыргызстанда төрт президент алмашып, көтөрүлгөн элдин күчү менен бийлик 2020-жылдын октябрында дагы бир жолу алмашты.
Он бир жыл мурун коюлган максаттар аткарылдыбы? Апрель окуясынын катышуучулары, анда курман болгон адамдардын жакындары эмне дешет?
Акталбаган үмүттөр
"Ата-Бейиттеги" ташка чегилген адамдын сүрөтүн карап, чаңын сүртүп отурган Абубакир 2010-жылы бир гана жашта болчу. Ал эжеси Элиза Махамаджан кызы менен 11 жыл мурда каза болгон атасы Махамаджан Камчиевге куран окуп, бейитине гүл коюу үчүн келген. Көзүнө жаш алып, сүйлөгүсү келбеген Абубакирдин эжеси Элиза атасынын орду толбой атканын айтып жашыды.
“Атамдын жоктугу биз үчүн чоң жоготуу болду. Атам каза болгондо иним бир жашта болчу, атасын тааныбай калды, билбей калды. Атасын сүрөттөн эле көрөт, ушул жерге келип куран окуп кетет. Биз үч бир тууганбыз, менден кийин дагы бир иним бар. Апам үчөөбүздү жалгыз чоңойтуп келатат. Мен он сегизге чыга элек болчумун, он жетиде болчумун. Он бир жыл өттү, эч өзгөрүү жок го дейм. Аны эл деле байкап жатат да”, -деди Элиза Махамаджан кызы.
Апрель окуясы: аянтта төгүлгөн кан
1/28Таластагы толкундоолор 6-апрелде башталган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
2/282010-жылдын 6-апрелинде Талас облустук администрациясынын алдына чогулган оппозиция тарапкерлери өлкөдөгү экинчи бийлик алмашууга жол ачышкан.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
3/28Таласта нааразылык акциясына чыккандар. 6-апрель, 2010-жыл. Ал күнү Таластагы митингди кууп таркатууга көп сандагы милиция, ал тургай Бишкектен атайын бөлүктөрдүн аскерлери тартылып, кагылыштын жыйынтыгында облустук администрация митингчилердин колуна өткөн.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
4/287-апрель күнү Бишкектин Алматы көчөсүндө жайгашкан “Форум” имаратынын алдында нааразылык акциясына чыккан аялды милиция кызматкерлери кармап кетип жатат.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
5/28Бишкектин Чүй көчөсү менен Ак үйдү көздөй бараткан эл. 7-апрель, 2010-жыл
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
6/287-апрель саат 13:40 чамалаш демонстранттар Ак үйгө чабуул жасай башташат.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
7/28Ак үйдүн алдына чогулган демонстранттар менен милициянын куралдуу күчтөрү кагылышкан учур.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
8/28Ала-Тоо аянты. 7-апрель, 2010-жыл.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
9/28Демонстранттар менен милиция кагылышып, нааразы болгондор көптүккө салып тартип коргоо кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, аларды ур-токмокко алышат.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
10/282010-жылы апрель окуяларында жоголгон жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дарынын теңинен көбү табылбай калды.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
11/28Нааразылык акциясына чыккандарды көздөй Ак үйдүн төбөсүнөн ок атуу башталган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
12/28Саат 14:30 чамалаш митингчилер арасынан алгачкы жаракат алгандар тууралуу маалыматтар пайда болду.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
13/28 Саат 16:00 ченде Ак үйдү кайтарган күчтөр митингчилерди кадимки өлтүрүүчү октор менен ата башташты.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
14/287-апрелде Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында атылган октон 78 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
15/28Ак үйдүн алдында желек көтөргөн киши телефон менен сүйлөшүп жатат. 7-апрель кечке жуук оппозиция лидерлери митингчилердин колуна өткөн Улуттук биринча каналдан (Коомдук биринчи канал) чыга башташат. Курманбек Бакиев куралдуу сакчыларынын коштоосунда “Манас” аба майданына, андан ары Ош шаарына учат. Ал жактан кийинчерээк Жалал-Абад облусундагы өзү өскөн Тейит айылына жашынат.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
16/28Бишкек. 8-апрелдин таңы. 7-апрель кечинде Бишкекте мародерчулук башталып, борбордогу бир канча соода борборлору талап-тонолгон.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
17/28Кандуу кагылышта каза болгондордун сүрөттөрү Ак үйдүн астына илинип, 2010-жылдын 9-апрели Кыргызстанда аза күтүү күнү болуп жарыяланат.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
19/28Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева жана анын орун басарлары Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Исмаил Исаков маалымат жыйынында. 8-апрель, 2010-жыл.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
20/28Курманбек Бакиев AFP кабарчысы менен сүйлөшүүдө. 2010-жылдын 9-апрелинде тартылган сүрөт, Жалал-Абад облусу. Кийинчерээк бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
21/28Апрель окуясында каза тапкандарды жерге берүү учуру. Ата-Бейит.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
22/28Уулун жоготуп боздогон эне.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
23/287-апрелде каза тапкандардын көбү "Ата-Бейитке" коюлган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
24/28Апрель ыңкылабында курман болгондорго Ак үйдүн алдында эстелик орнотулду.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
25/28Ак үй. 13-апрель, 2010-жыл.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
26/282010-жылдын 6-апрели, "Азаттыктын" журналисти Замира Кожобаева иш учурунда.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
27/28Талас. 2010-жылдын 6-апрели, "Азаттыктын" журналисти интервью алууда.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
28/282010-жылдын 6-апрели, Талас.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Артка
Алдыга
Апрель окуясында каза тапкан Мирлан Кадыралиев 2010-жылы 26 гана жашта болчу. Уулун жоготконуна он бир жыл болгон Мария Кемелбаева, былтыр октябрь окуясында дагы бир уулу бутуна ок жеп, үйдө жатканын айтып кейиди.
“Өзү чынчыл, Боролдойдогу училищаны бүткөн. Улан деген иниси, үч карындашы бар. Өзүмө жакын бала болчу, мага аябай жан тартчу эле. "Апа мен келатам манты жасап койчу" десе манты жасап күтөөр элем баламды. Сагынам баары бир. Максатына жеткен жок. Андан кийинки иниси да 5-октябрда бутунан жарадар болуп, ал да үйдө жатат”.
Айтор 7-апрель бир топ адамдын турмушун өзгөрттү, турмушун бурду. “Мамлекеттин тагдырын өзгөртөбүз деп чыгып, өздөрүнүн, үй-бүлөсүнүн тагдырын түбөлүккө өзгөрткөн экен”, - дейт 7-апрелде инисин жоготкон Гүлүмкан Бүтүмбаева:
“Мына он бир жыл болду өтүп кеткенине. Балдары, үй-бүлөсү да туш-туш тарапка кетти. Балдары чет мамлекетте жүрөт, өзү болсо бул жерде. Акыйкат кана? Эл үчүн, жер үчүн жаш балдардын өтүп кеткенине аябай”...
Апрель курмандыктарын эскерүүгө келгендер бир ооздон 11 жыл мурун коюлган максаттар аткарылбай калды дешет. Ыңкылаптын катышуучусу Руслан Мамышов эл революцияны уурдатты деген пикирде:
“Революция өз максатына жетиш... - мындай айтканда, - баягы Лениндей болуп жатабыз да. Революция болду деп ойлогонбуз да, бирок, революция болгон жок”.
Эл эмне үчүн көтөрүлгөн?
Элдин 2005-жылы бийликке келген Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна, үй-бүлөлүк бизнесине каршы күрөшү 2010-жылы апрель окуясына өсүп жеткен. Ал бир тууганы Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына дайындаса, уулу Максим Бакиев Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттигине (ЦАРИИ) жетекчи болуп барган. Бул мекеме иш жүзүндө Кыргызстандын финансы-экономикалык тармагын башкарууну колго алган. Оппозиция Максим Бакиев өзүнүн кыргызстандык жана чет элдик шериктери менен биргелешип бир нече миллиондогон доллардык бюджеттик акчаны мыйзамсыз которуп алып, өз кызыкчылыгында тегереткен деп айыптаган. Стратегиялык объекттер сатыкка коюлуп, электр энергиясына баа кымбаттаган.
Курманбек Бакиевдин башкаруусу тушунда 30дан ашык жалданма киши өлтүрүү катталганы айтылып келе жатат. Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Руслан Шаботоев, Геннадий Павлюк, Медет Садыркулов, Сергей Слепченко сыяктуу адамдар түшүнүксүз жагдайда жана киши колдуу болуп каза тапкан. Мындан тышкары, Курманбек Бакиевдин бийлигинин убагында журналисттер ур-токмокко алынып, өлтүрүлүп, кээси куугунтукталган. Бир катар эркин маалыматтары жабылган.
Садыр Жапаров: Апрель ыңкылабы демократияга жол ачкан
Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик тарыхында үч жолу күч менен бийлик алмашты. Эки президент мекенинен куулуп, чет мамлекеттен башпаанек тапса, Апрель окуясынан кийин бийликке келген Алмазбек Атамбаев абакта.
Атамбаевдин “мураскери” саналган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүгө аргасыз болду.
Апрель окуясында курман болгондорду президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү да «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде эскеришти. Иш-чарага саясий көз караштарына карабастан экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков катышты.
Кыргызстан апрель окуяларынын курмандыктарын эскерди
1/16
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
2/16Президент Садыр Жапаров баштаган топ апрель окуяларынын курмандыктарын эскерүү үчүн "Ата-Бейитке" барды.
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
3/16Иш-чарага экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева да катышты.
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
4/16Кыргызстанда 2010-жылы 90дой адамдын өмүрүн алган Апрель окуясынын 11 жылдыгы белгиленүүдө.
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
5/16

6/162010-жылдын 7-апрелиндеги толкундоодон улам ошол учурдагы президент Курманбек Бакиев Беларуска качууга аргасыз болгон.
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
7/16Бакиев качкандан кийин ошол учурдагы бир топ оппозициялык саясатчылар Убактылуу өкмөттү түзүшкөн.
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
8/16Октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2010-жылы болгон айрым окуяларды кайра иликтөөнү көздөөдө.
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
9/16

10/16Апрель окуяларында каза болгондордун эстелиги.
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
11/16

12/16

13/16Президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева.
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
14/16

15/16

16/16

Жапаров Апрель ыңкылабына байланыштуу кайрылуусунда бул окуя демократияга жол ачканын белгиледи.
“2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды. Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду. Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы болду. Бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө”, - деп айтылат кайрылууда.
2010-жылдагы Апрель окуясы учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин командасында саналган Садыр Жапаров былтыр октябрдагы элдик толкундоонун шары менен абактан чыгып бийликке келди. Жапаров 2010-жылга чейин Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп турган.
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата-Журт” партиясы 2010-жылы Убактылуу өкмөткө оппозицияда болгон жана парламенттик шайлоодо эң алдыга чыккан. Бирок Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Жапаров эки ирет камалып, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган 3 жыл аралыгында да абактан чыккан эмес.
2010-жылы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт түзүлүп, Роза Отунбаеваны анын төрайымы катары дайындалганы белгилүү.
Убактылуу өкмөт бийликтин бир колго топтолушуна каршы чыгып, кландык-үй-бүлөлүк башкарууну токтотуу максатында парламенттик демократияны тандаган. Бирок, Садыр Жапаровдун президенттик башкарууга өтүү сунушун былтыркы референдумда элдин 80 пайызы кубаттады. Ага ылайык 11-апрелде президенттин ыйгарым-укуктарын күчөткөн Конституциянын жаңы долбоору элдик референдумга коюлуп жатат.
Элдин президенттик башкарууну колдоп жатышы 2010-жылдан кийин келген "ыңкылапчылардын" парламенттик башкаруу багытындагы реформаны толук ишке ашырбай койгону менен байланыштырылып жатат.
Каныбек Иманалиев
Парламент депутаты Каныбек Иманалиев 11 жылдан соң Убактылуу өкмөттүн ишине, андан кийинки окуяларга мындайча баасын берди:
“Эл көтөрүлүп, эл өзүнүн каармандыгын көрсөттү. Ошол учурда келген Убактылуу өкмөт менен доор тандалды. Алардын кемчиликтери да болду. Андан бери революциянын эйфориясы, эмоциясы да кетти. Реалдуу бааласак бөлөк өлкөлөргө салыштырмалуу ошол кырдаалдан Убактылуу өкмөт азыраак кесепет менен алып чыкты. Андан кийин шайлоо өтүп президент келди, өкмөт жаңыланды. Алгачкы жылдары элдин тынчсызданган маселелерин чечүү аракеттери болду. Бирок 2-3 жыл өтпөй баягы эле маселелер күн тартибине чыкты, баягы эле коррупция, баягы эле Кумтөр, оппозицияны куугунтуктоо. Андагы бийлик биометриканы киргизип, таза шайлоо маселесин гана чечип берди”.
Ыңкылаптын 11 жылдыгына карата Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү курман болгондорду эскерип, куран окушту. Маселен, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, мурдагы президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде апрель окуясында курман болгондорду гүл коюп, ар бири өз-өзүнчө эскеришти. Ал эми Өмүрбек Текебаев баштаган «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Ал эскерүү сөзүндө “максаттар толук ишке ашкан жок, бирок, ал максаттар улуу, ал максаттар эч качан эскирбейт” деди.
"Партиялаштарымдын алдында, курман болгон баатырларды эскерип, таазим кылып отуруп, максаттар үчүн күрөш улана берерин жарыялайм. "Ата-Мекен" партиясы биз өзүбүздү азыркы бийликтин идеологиялык-моралдык, саясий альтернативасыбыз деп эсептейбиз", - деди Текебаев.
Роза Отунбаевадан кийин президент болуп Кыргызстанды 6 жыл башкарган Алмазбек Атамбаев азыр камакта. Ал бул датага байланыштуу билдирүү жасаган жок, анын тарапташтары 2010-жылы Апрель окуясы башталган 7-апрель (мурдагы Алматы) көчөсүндөгү “Форум” ишканасынын имаратынын алдына чогулушту.
Ал эми Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов “Ата-Бейитте” журналисттерге буларды айтты:
“Айрым аткаминерлерге, айкырык салып жаткандарга ачык айтып коёюн: тарыхты өзгөртө албайсыңар. Шейит кеткен азаматтардын арбагы ыраазы болмоюнча силер да ыраазы болбойсуңар. Расул Гамзатовдун айткан сөзү бар: "Ким тарыхты тапанча менен атса, келечек аны замбирек менен атат" деген. Бул бизге сабак болушу керек. Бул келечекке багыт болушу керек. Эгер мындан башка саясат боло турган болсо, анын аягы жакшылык менен бүтпөйт.”
Кандуу окуянын сот иштери
2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. 90дой адам кайтыш болуп, миңдей киши жаракат алган кылмыш боюнча соттук жараян бир нече жылга созулган. Жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылып, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Сот өкүмү чыккандардын ичинде Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Темирбаев 2020-жылы октябрда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.
Ушул тапта Апрель окуялары боюнча айыпталган Дунганов гана түрмөдө жазасын өтөп жатат. Калгандары ар кандай жагдайда бошотулду. Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди Жогорку сот 2020-жылы толук актаган.
Булардан тышкары далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.
Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракетинен ушул кезге чейин майнап чыкпай келет.
Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.