Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Кыргыз-тажик чек арасы: Бустондогу сүйлөшүүдө тактоо ишин улантуу тапшырмасы берилди


Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Бустон, Тажикстан. Ноябрь, 2024-жыл.
Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Бустон, Тажикстан. Ноябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов Бустон шаарында жолугушту.

Бул тууралуу маалымат 24-ноябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Тажикстандагы жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулаганы жана бул боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоону улантуу тапшырмасы берилгени жазылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши жыйынтыктоочу баскычка келгенин өкмөттүн 19-августтагы кеңешмесинде билдирген. Мунун алдында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн эки-үч транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 5-августтагы маалымат жыйында айткан. Министр кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки-үч айда жыйынтык болорун белгилеген.

Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG