Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

Лейлек районунда "Кайрагач" чек ара тозоту пайдаланууга берилди


"Кайрагач" чек ара тозотун куруу 2012-жылы башталган.
"Кайрагач" чек ара тозотун куруу 2012-жылы башталган.

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында "Кайрагач" тозоту ачылды. Ага Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, чек арачыларга мыйзамды бузбай иштөө тууралуу эскертти.

"Мамлекетибиз, президент сиздерге көңүл буруп, чек арабыздын бекем болушу үчүн болгон мүмкунчулүктөр колдонулуп жатат. Сиздер дагы өз милдеттериңди так, берилгендик менен жана мыйзамды кынтыксыз сактоо менен аткарышыңар керек. Араңарда анча-мынча мыйзамсыздыктарга жол берип жаткандар бар экенин билем. Эгер тез арада ал кемчиликтерди жойбосоңор, катуу чараларды көрөм. Мекенибиздин чек арасын, тынчтыгын жана коопсуздугун сактоодо эч кандай маселе болбошу керек", - деген Ташиев.

"Кайрагач" чек ара тозотунун курулушу 2012-жылы башталып, ушул кезге чейин бүтпөй турган.

Баткенде 2021-жылдын апрели менен 2022-жылдын сентябрында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштардан кийин бул облуска өзгөчө макам берилип, каржылоо көбөйтүлгөн.

XS
SM
MD
LG