Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

Мойноктогу чырды эки өлкө өз алдынча иликтейт


Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай аймагы
Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай аймагы

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Орозо айт күнү болгон ок атышуудан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, окуяны ар ким өз алдынча иликтей баштады. Соңку окуя боюнча эки өлкө эки башка маалымат таратты.

24-майда ок чыгаруу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, жаңжалга Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары малын Ак-Сай айыл аймагынын жерине айдап келгени түрткү болгон. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине ок чыгарышкан. Кыргызстан тараптан эч ким жабыркаган эмес.

Окуядан көп өтпөй эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, жаңжал жайгарылган. Баткен районунун акими Каланбай Маркаев окуяны эки тарап өз-өзүнчө иликтей баштаганын айтты.

«Сүйлөшүүлөр 24-майда болду. Чек арачылар гана сүйлөштү. Биз тараптан №2022 чек ара отрядынын командири, тажик тараптан Исфара району боюнча чек ара командири келди. Окуя боюнча эки тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болду. Жаңжалдын чыгышына тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына малын жайганы себеп болгон. Кыргыз чек арачылары 23-майда тажик атуулдарына 200 баш малды айдап келгени үчүн эскертүү беришкен экен. Ага карабай 24-майда кайрадан 60 баштай мал жайышкан. Кыргыз чек арачылары аларды тоскондо тажик чек арачылар келип, ортодо атышуу болуп кеткен».

Кыргыз тарап аймагына кошуна өлкөнүн жарандары малын жаюуга тыюу салган мыйзамына таянып, чек арага жакын жайыттардын кире беришине блокпосттор орнотулган.


Жекшембидеги окуядан кийин эки өлкө эки башка мазмундагы расмий билдирүү таратты.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматы жазып чыккандай, Тажикстандын Чек ара кызматы Кыргызстандын малчылары өлкө аймагына кирип кеткенин билдирип, кыргыз чек арачылары жергиликтүүлөргө ок атканын кабарлап, бир аскери бутунан жараат алганын маалымдаган.

Дүйшөмбүнүн билдирүүсүндө "кыргызстандык чек арачылар аткан октон катардагы жоокер, 2001-жылы туулган Давлатёр Зоиров жараат алды", - деп айтылат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы буга таң калуу менен жооп кайтарып, акыркы убакта тажик тарап чек арадагы абалды атайын курчутуп жатканын билдирди.

«Чек ара кызматы бул чыр-чатак боюнча Тажикстандын Чек ара аскерлеринин пресс-борбору жарыяланган билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алды. Мындай импульсивдүү билдирүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыр-чатактардын күчөшүнө кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдү чагымга түртөрүн тажик тарап түшүнүшү керек. Кыргыз тарап Тажикстанды чек ара маселелерин коңшулук мамилелерди сактоого, эл аралык укукка жана буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишилген чечимдерге ылайык гана чечүүгө чакырат», – деп айтылат.

Бул окуя Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу менен коштолгон май айындагы экинчи жаңжал. 8-майда ушул эле райондун Көк-Таш айылында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда тутанган чыр чек арачылардын ок атышуусу менен уланган. Анда Кыргызстандын үч жоокери жараат алган. Алардын бири ушул күнгө чейин Бишкектеги ооруканада оор абалда жатат. Ошондой эле жаңжалда Көк-Таш айылынын тургунуна тиешелүү жаңы салынган үй да өрттөнүп кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң өрттөнгөн үйдү Кыргызстан тарап өзү калыбына келтирүүнү моюнга алган. Тажик тарап бул окуяга кыргыз чек арачыларын айыптап, эки жараны жараат алганын кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG