Жыгач канаттуучулар, айнек идиштер, "сүйлөгөн" сүрөттөр
Музей ичиндеги түрдүү жанрдагы жүздөгөн эмгектер аныгында эле көргөндүн көз жоосун алат. Адам турмушу, жаратылыш, табышмактуу эмгектер ар бири өзүнчө терең сырды катып тургансыйт. Баамдаганга ар бир кыл калем ээси кайсы бир сүрөтү менен коомчулукка кандайдыр бир коңгуроо кагып, чакырык таштагандай. Картиналардан сырткары жыгач, тери, кийиз, айнек, таштан жасалган оригиналдуу кол эмгектерди көрүүгө болот.
Айрыкча көрүүчүлөрдү адам турмушу, жаныбарлар дүйнөсү, табияттын түркүн элеси түшүрүлгөн эмгектер суктандырды.
Көргөзмөнүн кире беришинде жыгачтан жасалган илегилек, каз, кыргоол жана жылан менен арбашкан бүркүт турат.
Булардын автору, сүрөтчү Курманбек Карыпов түркүн канаттуулардын тулку боюн табият өзү “жасаганын”, аларды болгону сүрөтчү катары көрө билип, чогултканын айтат.
"Адам менен табият бир бүтүндүк"
Ал эми сүрөтчү-дизайнер Кайыргүл Казыбекованын көргөзмөгө вазага тартылган кооз сүрөттөрү, айнектен жасаган жасалгалары коюлган.
Автордун айтымында бул кооз жасалгалары аркылуу чет өлкөгө далай чакырылган. Мындан сырткары анын “Эне”, “Мүнүшкөр”, “Буйвол” аттуу сүрөттөрү да илинди.
“Буйвол” аталган эмгеги менен сүрөтчү айым экология көйгөйлөрүн көтөргөн.:
“Бул сүрөт протест эле эмес, адам менен жаныбар, аба-суу, жалпы табият баары бир бүтүн экенин билдирип турган иш. Мындай карап тургандар буйволдун элесин көрөт, бирок жакшылап үңүлгөндө адамдын көзүн, ички дүйнөсүн да көрүшөт. Артындагы бир өңдөгү эмес, ак-саргыл түстөр болсо азыркы экологиянын абалы. Мындайча айтканда өтө жаркын маанай көрүнбөй турат. Эми калганын көрүүчүлөр өз дүйнө таанымына жараша чечмелесе болот. Бирок көргөндөрдүн 60-70 пайызы экология көйгөйүн көрө алышат деген ойдомун”.
"Көзүбүздү чоң ачсак"
Дээрлик бир кылымдай тарыхый бар сүрөтчүлөр уюмунун учурдагы мууну талантуу, өзгөчө идеяларга бай бир топ сүрөтчү-скульпторлор менен толукталганын адистер да көргөзмөнүн бет ачарында кеп кылды. Аныгында бири-бирине окшобогон, бири-биринен артык көрүнгөн эмгектердин коюлганы буга далил болгонсуду.
Ондогон кыл калем чеберлери өздөрүнүн соңку кезде жараткан, мыкты делген эмгектерин алып келген. Анан да бул мааракелик көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – өзгөчө көз карашы, айта турган пикири бар айым сүрөтчүлөрдүн эмгектери басымдуу болгонунда.
Алардын катарында Гүлмира Сатарованын кийизден жасалган эки эмгеги бар.
Сүрөтчү, ууз айым аны “Кайдыгерлик” деп атаган. Биринчи эмгегинде көңдөй карек жасалып, тегерегинде бир топ төөнөгүч турат.
“Бул эки эмгегим менен учурдагы менин көңүлүмө учураган бардык аянычтуу көрүнүштөрдү бергим келди. Мисалы мында өлкө ичиндеги акыйкатсыздык менен коштолгон окуялардын баары бар. Жаратылышка мамилебиз да камтылган. Эмне үчүн көздү анан төөнөгүчтөрдү жасадым. Көздү чоң ачып, бардык нерсеге жакшылап аңдап карайлы, дегеле өлкө келечегине кайдыгерлик кылбасак, чындыкты сындырбасак деген чакырыгым. Эгер кайдыгерлик кылып ушул нерселерди убагында байкабай өткөрүп жиберсек анда кайдыгерлик биздин көзүбүздү төөнөп койбосун деген ой. Айтор айта турган оюм өтө көп”.
Айтор кайсы бир эмгекти мисалга албайлы, алардын баарында бир ой камтылганын аңдоого болот. Айрымдары эмгекти сүйүүгө үндөсө, айрымдары биримдикке чакырып турат. Ал эми айрым сүрөтчүлөр эмгектеринде эркиндикти даңазалап, анын кадырын билүүгө чакырат.
"Балык миграциясы - калктын көчү"
Көптөгөн сүрөт жана кол эмгектердин ичинен кадимки таштан жасалган эки балык да көрүүчүнүн кызыгуусун арттырып турат экен. Булар сүрөтчү-скульптор Бообек Арыковго таандык. Аны кепке тартып, таш балыктардын таржымалына кызыктык.
“Биздин сүрөтчүлөр уюмунун 90 жылдыгы болуп жатат, бул чынында кыргыз маданияты үчүн зор жаңылык. Бул жерге жалаң тандалган, жакшы иштер коюлду. Алардын катарында менин “Ысык-Көл” аталган сүрөтүм менен “Балык миграциясы” аталган скульптуралык эмгегим бар. Оң жактагы балыктын бир ташын балам Ысык-Көлдөн алып келген, сол жактагы балыктын ташын Таластан өзүм таап келгем. Ал эми куйругу Чүйдүн ташы. Карасаңар жандуу сүзүп жүргөн балыктарга окшоп турат. Анан аталышын ар жактан чогултулганы үчүн “Балык миграциясы” деп койгонум менен чынында бул эмгегим Ысык-Көлдөгү жок болуп кеткен балыктарга да тиешелүү. Жаратылышка биринчи кезекте сүрөтчүлөрдүн жаны ачыйт. Биз бала кезде мисалы чабактарды кармачу элек, азыр аларды таппайсың. Ошол эле маалда өлкөбүздөгү жарандардын миграциясын да түшүнсөк болот. Негизи таш менен иштөө татаал. Ошондуктан буга көп көрүүчүлөр кызыгып, айрымдары бирге иштешүүнү сунуштап жатышат”.
Бообек Арыковдун көргөзмөгө мындан сырткары “Ысык-Көл” аттуу сүрөтү да коюлган. Кызыгы көлдү ал кара түс менен берген. Көрүүчүлөрдүн кай бири сүрөттө көлдүн кечки тунук кези, андан көрүнгөн таштар тартылганын айтып жатышса, дагы башкалары таштандылар булгап жаткан өлкө берметин көргөнүн айтып жатышты.
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылган бул көргөзмөнү көрүүнү каалагандар апрель айынын 27сине чейин баш бакса болот.
Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу өлкөдөгү бардык жанрга кайрылган сүрөтчү, скульпторлорду жана искусство таануучуларды бириктирген коомдук чыгармачыл уюм. Ал 1933-жылы уюшулуп, 1934-жылы жетекчи органы шайланган. Эң биринчи болуп белгилүү сүрөтчү Семен Чуйков жетектеген. Уюм сүрөтчүлөрдүн идеялык-тарбиялык, кесиптик жана теориялык деңгээлин көтөрүү жаатында иш жүргүзөт жана түрдүү сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурат.