Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев баштаган кыргызстандык сүрөтчүлөр кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардан жапа чеккендер тууралуу эмгектерди жаратышты. Аларда каргашалуу окуядан кийинки көрүнүштөр, элдин турмушу чагылдырылат.
- Апрель айында Баткенде болгон кандуу окуяны тартуу идеясы тууралуу айтсаңыз. Чыгармачыл топ кандайча түзүлдү?
-"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаевага жолугуп калып Баткенге барып кандуу окуялардан кийинки учурду тартуу ниетим бар экенин айткам. Арадан эки-үч күн өтпөй эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран телефон чалып «биз барып-келчү чыгымдарды көтөрүп берели» деп калды.
Анан жалгыз барбай дагы эки-үч сүрөтчү табуу керек болду. Негизи тема боюнча тарткан сүрөтчүлөрдү биздин чөйрөдө табуу кыйын. Анткени баары эле макул боло бербейт. Анан катарыбызга сүрөтчүлөр Нюргуяна Иннокентьева, Базаркул Өмүркул уулу жана Арууке Сыдыкалы кызы кошулду. Алар макулдугун берип, чогуу иштедик.
Биз барып күйгөн, талкаланган үйлөрдү өз көзүбүз менен жакындан көрдүк. Уккан башка, өз көзүң менен көргөн таптакыр башка экен. Анан идеялар кызуу кезинде ишке кириштик. Ал жерде чек ара маселеси өтө татаалдашкан экен. Шахмат түрүндө жайгашып калган үйлөр көп.
Чыгармачыл топтун ичинен байкабай тажик тилкесине кирип алган адамдар да болду. Ал жактан этюдник көтөрүп жүргөнүбүздү көргөн жергиликтүүлөр бизге түшүндүрүү ишин жүргүздү. Себеби этюдникти, сүрөт тарткан буюмдарыбызды түшүнбөгөн бирөө көрсө курал көтөрүп жүрөт деп ойлошу мүмкүн экен. "Алар көрүнбөгөн жерге отуруп тарткыла, снайперлер бар" деп айтышты. Биздин сүрөт тартуу максатыбыз ушундай түмөн түйшүк менен ишке ашты.
- Тартылган эмгектерди коомчулукка жеткирүү жагы кандай пландалууда? Сүрөттөр кайсы музейге коюлат?
- Биз азыр тарткан сүрөттүн он эле пайызын көргөздүк десем туура болот. Себеби, бизде материалдар дагы көп. Анан август айында чоң сүрөт көргөзмөнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурсакпы деп атабыз. Искусствонун пайдалуу жагы – ал коогалаңды да токтотуп коё ала турган касиетке ээ. Муну айрым тарыхый окулардан улам билебиз.
Биз албетте тажик элин бир тараптуу жамандоо максатын койгон жокпуз. Бардык элдин жакшы да, жаман да адаттары бар. Биз болгону окуяны гана чагылдырып, мындан ары кандуу кагылыш болбосо экен деген ниетте эмгек тарттык. Мисалы аскер кызматкерлери өз ишин кылып жатат, маданият адамдары, анын ичинде биз сүрөтчүлөр да өзүбүздүн колдон келген иш менен пайда алып келсек болот деп ойлойм. Азыр баарынан мурда ынтымакка чакыруу зарыл. Себеби согушта эч качан уткан тарап болбойт.
- Баткен окуясын чагылдырган канча эмгек жарата алдыңыз? Ага канча убакыт кетти?
- Ошол жерде отуруп иштеген сүрөтчүлөр 8-9дан эмгек жарата алды. Бирок меники андан көбүрөөк болду. Мен негизи бат иштегенге аракет кылам.
- Негизи айрым сүрөтчүлөр тарткан эмгегинен таасирленип, стресске кабылган учурлар болот дешет. Сизде бул учур кандай өттү?
- Стресске сөзсүз алып келет экен. Себеби талкаланган, өрттөлгөн үйлөрдү, андагы чачылган буюмдарды көрүү көңүлгө оор эле тиет. Кээ бир айылдарда таза суу маселеси чечиле элек экен. Ошондай кыйынчылыктарга карабастан киндик каны тамган жерин таштабаган элге таазим кылгың келет. Буларга болгону тынчтыкты гана орнотуу маанилүү тура. Алар андан башка деле нерсе сурабайт экен. Баткен элинин зым тартылса да, чек арабыз бекем болсо деген өксүгүн байкадым.
- Соңку окуялар чыгармачыл адамдардын жарандык позициясын аныктай алдыбы?
- Орто Азия элдеринин ичинен кыргыз сүрөтчүлөрүндө эркиндик бар. Алар каалаганын тарта алат. Башка жактарда көп болдум, айрым жерлерде цензура бар. Мен сүрөтчүлөр союзунун төрагасы катары «эмнени тартсаңар да жакшылыкка чакырып турсун» деп бардык сүрөтчүлөргө айтып келем. Албетте бизде тарта турган тема, багыт көп. Кымбат баага сатыла турган сүрөт тартууга да азыркы заман талабы түрткү болот. Акча кимге гана керек эмес? Мен былтырка "кара июлду" чагылдырган сүрөттөрдү да тарттым, Баткен окуясын тарттым. Мисалы кээ бирлерге бул нерсенин тыйынча кереги жок болушу мүмкүн. Бирок мен өнөр адамы катары жарандык позициямды билдирдим десем болот. Өлкөбүздө болуп жаткан урунттуу учурларда кайдыгер болбошубуз керек.
- Негизи азыр бардык өнөр адамдарына жарандык позиция керекпи?
- Албетте керек. Баарынан жаманы көңүлкоштук. «Өзүм тынч болсом эле жетет» деген өзүмчүлдүк сезим жакшылыкка алып барбайт.
- Коомду кантип оңдогуңуз келет?
- Менимче баары келип үй-бүлөгө такалат. Мен мисалы уулумду, кызымды жакшы тарбиялап, өзүм туура жолдо жүрсөм, бул да өлкө үчүн чоң салым. Бардык иштердин себепчиси тарбия. Мындайча айтканда, жакшы дарыгер бейтапка туура диагноз коюшу керек. Эгер анте албаса, тескерисинче оорулууну кыйын абалга кептейт. Саясатта да, өнөрдө да ошондой. Анан тазалыктан баштасак дейм. Тазалык - бул дагы маданият. Ошондо бизге туристтер агылып келе баштайт, экономикабыз жакшырат. Мисалы, биздин жаратылышыбыз кандай кооз. Керемет тоолорубуз бар. Бирок ошол жерди өзүбүз булгап кеткен учурлар аз эмес. Бизге азыр кыйкырып-өкүрүп бирөөгө акыл айтпай, ар кимибиз өзүбүздү тарбиялаганга, оңдогонго убакыт келди.
- Интернетке чыккан айрым сүрөттөрүңүздөр чыныгы жашоодон алынган каармандар да. Алар өздөрү байланышкан учур болдубу?
- Алар менен азыр деле байланышып турабыз. Кээ бирлери тартканыбызды жактырбайт да, ошондуктан өздөрүнөн уруксат сурайбыз. Жеке мен сүрөттөгү каармандарды өзүндөй кылып тунук түшүрбөстөн, образ менен тартам. Ошондуктан окшобой калышы мүмкүн. Бирок антейин десең айрымдары болбой эле сүрөттөн өзүн таап алган учурлар болду. Анан аларга бул жөн эле бир зериккенден кылган иш эмес, тарых үчүн маанилүү сүрөт болорун түшүндүрөбүз.
- Жеке чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
- Жакында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова баткендик балдарга Ысык-Көлдө эс алуу уюштурду. Мен да аларга сүрөттөрүмдү алып барып тааныштырдым. Биз жаш муунга дайым жакшы жактан гана үлгү болсок кандай жакшы. Буюрса жеке көргөзмөлөрүмдү ачып, маданиятыбызга салым кошкум келет. Башка бирөө түшүнөт же түшүнбөйт дебестен, жүрөктөгү толгоону чыгармачылык менен бере бериш керек деген ойдомун.
Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев 2020-жылы пандемия темасына арнап, "кызыл зонада" иштеген дарыгерлердин түйшүгүн чагылдырган бир нече сүрөт тарткан. Ал эмгектердин катарында каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованы жана ыйлап жатканы видеого түшүп калган София-Айдананы көрүүгө болот.
Таалайбек Усубалиев 1964-жылы 23-апрелде Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Сүрөт өнөрү боюнча билимди Фрунзе шаарындагы Чуйков сүрөт окуу жайынан жана Санкт-Петербург шаарындагы Репин атындагы сүрөт академиясынан алган. Усубалиев 2011-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2016-жылы Кыргыз Эл сүрөтчүсү наамдары менен сыйланган. Сүрөтчү 2011-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзун жетектеп келе жатат.