Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Кыргыз-өзбек адабиятына өмүрүн арнаган Турсунбай Адашбаев


Турсунбай Адашбаев.
Турсунбай Адашбаев.

Кыргыз рухунун туу чокусу “Манас” эпосун жана Кеңеш Жусуповдун кара сөз түрүндө жазылган “Манасын”, акын-жазуучуларыбыздын отузга жакын адабий китептерин өзбек тилине, өзбек калемгерлеринин чыгармаларын кыргыз тилине которуп жүрүп жакында эле Ташкен калаасында каза болгон чыгаан котормочу, балдар акыны Турсунбай Адашбаевди эскерели. Ал кыргыз-өзбек адабияттарынын достугун чыңдоого өмүрүн арнаган котормочу болгон.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Сафед-Булан (азыркы Гүлүстан) айылында төрөлүп өскөн бул калемгер кыргыз-өзбек тилдеринде бирдей жаза билген. Өзүнүн калеминен жаралган “Ала-Тоолук боломун”, “Арстанбап шаркыратмасы”, “Нур-дарыя”, “Көңүл кайрыктары” деп аталган кыргыз тилиндеги китептери жарык көргөн.

1960-жылы Саякбай Каралаевдин “Манасынын” бир томдугун которуп, Чыңгыз Айтматовдун баш сөзү менен жарыкка чыгарган өзбек элинин атактуу акыны Миртемирге жолугуп таанышкандан кийин Турсунбай Адашбаев котормочулукка баш оту менен кирише баштаган. Кийинчерээк Миртемир карылыкка моюн сунуп калганда Турсунбай аке Ташкенге чакырылып, “Манастын” экинчи китебин акын Султан Акпари менен биргелешип өзбек тилине которуу милдетин аркалаган.

Турсунбай Адашбаев менен Өзбекстан эл жазуучусу Тахир Малик.
Турсунбай Адашбаев менен Өзбекстан эл жазуучусу Тахир Малик.

Бул маанилүү иш жүзөгө ашырылгандан кийин Турсунбай Адашбаев кыргыз-өзбек адабияттарынын достугуна көпүрө болууга чындап бел байлаган. Ошондо өзбек акыны Миртемир:

“Сен биздин элибиз таасир ала турган кыргыздын бүгүнкү күндөрдөгү чыгармаларынан которушуӊ керек”, - деп, устаты катары кеңеш берген.

Ушундан кийин Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын которгон. Тарыхый роман алгач 200 миң, кийинчерээк кайрадан 200 миң нуска менен мыкты мукабада басылып чыгып, өзбек окурмандарынын кызыгуусун арттырган.

Кийинки жылдарда Жунай Мавляновдун, Шабданбай Абдырамановдун аңгемелерин, Байдылда Сарногоевдин калемпир, мурч жана юмору бар ырлар жыйнагын которуп чыгарган. Ошентип олтуруп 60-80-жылдар аралыгында отузга жакын кыргыз акын-жазуучуларынын китептерин которуп, өзбек окурмандарына тааныштырган.

2008-жылы Өзбекстандын “Жахан” адабий журналынын тапшырмасы боюнча Мурза Гапаровдун “Кыштакча” повестин арстанбаптык шакирти Курбан Саттар менен биргеликте которуп, “Памирлик кыргыздар” деген аталышта жарыяланган.

Андан бир жыл илгери КР баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Канат менен Зарина” аттуу кайгылуу поэмасын жана Кален Сыдыкованын бир нече аӊгемесин да которуп, ошол адабий журналга чыгарган.

Эки элдин адабияттарынын достугуна кызмат кылуу алдында Чыңгыз Айтматов менен Жолон Мамытовдор анын ак ниетин чыӊ дилден кубаттап, туура багыт беришкенин Турсунбай Адашбаев өмүрүнүн аягына чейин тереӊ ыраазылык менен эскерип жүргөн.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, (ортодо) Турсунбай Адашбаев, тамбур кармаган Өзбекстан эл артисти Неьматжон Кулабдуллаев.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, (ортодо) Турсунбай Адашбаев, тамбур кармаган Өзбекстан эл артисти Неьматжон Кулабдуллаев.

1978-жылы Москвадагы Горький атындагы жогорку адабий институтун бүтүрүп келгенден кийин аны Ташкендеги "Чолпон" басмасында иштөөгө чакырып калышат. Ошондо калемдеш досу Жолон Мамытов экөөсү бул туурасында акылдашкан соң, Чыңгыз Айтматовго кирип кеңешүүнү туура көрүшөт. Залкар жазуучу ошондо: "Ал жерде кыргыз адабиятына көп көңүл бурулуп, которулуп турат. Чоң казан, барганың оң", – деп Турсунбай Адашбаевди колдогон экен.

Улуу жазуучунун туура жолго багыттаган батасы ага канат байлап, тезинен Ташкенге учуп келген. Ошол басмада ардактуу эс алууга чыгарга эки жыл калганга чейин иштеген. Кийин Өзбекстан Жазуучулар союзуна чакырылып, "Балдар жана өспүрүмдөр адабияты" боюнча комиссиянын башчылык кызматында өмүрүнүн аягына чейин эмгектенген.

Калпакчан Эгемберди Эрматов, анын жанында жазуучу Элүүбай Отунчиев, Турсунбай Адашбаев. Москва шаары, 1978-ж.
Калпакчан Эгемберди Эрматов, анын жанында жазуучу Элүүбай Отунчиев, Турсунбай Адашбаев. Москва шаары, 1978-ж.

Кыргыздын дүйнөдө теӊдеши жок "Манас" эпосунан тартып ондогон акын-жазуучуларынын мыкты чыгармаларын тынбай которуп, өзбек окурмандарына жеткирүүгө бүткүл өмүрүн сарптаган чыгаан котормочунун бул машакаттуу эмгегин Кыргызстан тарап кандай баалады экен деген суроо туулбай койбойт, албетте. Котормочу менен жылуу мамиледе болуп келген айрым калемдештеринин сөзүн угуп көрдүк.

Турабай Жороев, акын, Улуттук жазуучулар союзунун Ош облусу боюнча кеңешчиси:

"Кыргыз адабиятын жайылтуу жаатында абдан чоң иш жасаган. Раматылык бой көтөрбөгөн, жөнөкөй, иштерман, калыс инсан эле. Өмүрү котормочулук менен өттү. Мындай калемгерлер арабызда саналуу гана. Өзбек тарап "Эмгек сиӊирген мугалим" наамына ээ болуп, республикада жашаган улуттардын ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөөгө, башка өлкөлөр менен маданий кызматташтыкты чыӊдоого кошкон зор салымы үчүн "Дустлик" ордени менен сыйланыптыр. Биз тараптан "Маданиятка эмгек сиӊирген ишмер" наамы гана ыйгарылган экен. Өмүр бою жасаган данакерлик эмгеги мындан да жогору бааланса болмок. "Кыргыз Эл акыны" наамын бергенибизде Өзбекстанда төбөсү көккө жетип жүрмөк беле деп ойлоп калам. Ташкенде каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлду. Тажиясына биз тараптан эч ким барып катышпай калганы да абдан өкүнүчтүү".

Маркабай Ааматов, Кыргыз эл акыны:

"Чындыгында анын эмгеги биз тараптан жакшы бааланбады. Курманбек Бакиев президент кезинде мен Улуттук жазуучулар союзунда иштечүмүн. Ошондо баарыбыз ага Кыргыз эл акыны наамын берели деп, көп жолу сунуш кылганбыз. Тилекке каршы, сунушубуз эске алынган жок. Ал мага алыстан туруп ар дайым телефон чалып, сүйлөшүп турган. Экөөбүздүн мамилебиз жылуу болчу. Ар бир сөзүндө "Кыргызстанда – өзбек, Өзбекстанда – кыргыз болдум" деп айтар эле. Бул наамга ээ болбой калганына кийинки учурда А.Атамбаев менен И.Каримовдун ортосунда пайда болгон пикир келишпөөчүлүк да тескери таасирин тийгизген".

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG