Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Ооган эненин көз жашы


Ооганстандык аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандык аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Сулуулугу дүйнө элдеринин көзүн күйгүзгөн касиеттүү Ысык-Көлү, мазмуну менен көлөмү океан сымал “Манас” эпосу, жер жүзүндөгү миллиондогон окурмандардын назарын залкар чыгармалары аркылуу өзүнө бура алган Чыңгыз Айтматову бар керемет өлкөдө жашап жатып, мен сиздин бешенеңизге жазылган татаал тагдырыңызды, эч кимге эч кандай азар бербей агызган көз жашыңызды элестеткен сайын санаам санга, оюм онго бөлүнөт, Ооган эне.

Кырк жылдан бери зарлап агызган көз жашыңыз - "балакатка жетсе кар-зар кылбай асырайт, ак сүтүмдү актайт" деген тилекте төрөлгөн өзүңүздүн согушчан уулдарыңыз, жер тырмап өстүргөн апийимиңизди дүйнөнүн көмүскө базарларында соодалап сайрандаган соодагер презенттериңиз, геосаясий пландарын ишке ашыруу максатында кам көрүмүш болгондор агызып келаткан көз жаш. Ооба, сизди чейрек кылымга жакын мезгилден бери какшатып да, ыйлатып да келаткандар деп ойлойм. Убалыңызга калган да ошолор эмеспи?

Энелик мээримиңизди ийишип, жумшак алаканыңыз менен башын сылап чоңойткон согушчан уулдарыңыз нечен жылдардан бери мылтыктарын колдон түшүрбөй кан төгүп келатышат, үрөйүңүздү учуруп. Алардын Кудай Таала буюрган чектерден чыгып кеткенине жакаңызды кармап, берген сүтүңүздү актай турган жакшы иштерди жасабаганына нааразы болуп жүргөндүрсүз, Ооган эне. Атышуу, башаламандык, бейкүнөө момун-мусулмандарды коркутуп-үркүтүү менен коштолгон кырк жылдын аралыгында көрбөгөндү көрүп, не деген азаптарды баштан өткөрүп келесиз.

Дүйнөдөгү баардык энелер, эне деген улуу заттын айла кеткендеги каргышы, көкүрөгүнө батпаган кайгы-муңу, ак сүтү эмне экенин сезип билген пенделердин баары сизге боору ооруп турган чагы азыр. Өзү төрөп, ак сүтүн берип чоңойткон уулунун көрсөткөн азап-тозогунан какшаган эненин кайгысы – адам чыдагыс оор кайгы. Мындан ашкан дагы кандай бактысыздык бар болду экен бул жашоодо?

Аттиң ай, нечен карапайым, нечен бейкүнөө балдарыңыз өзүнүн киндик каны тамган жерине, укугуна ээ боло албай, согуштун айынан төгөрөктүн төрт бурчуна чачылып кетиптир. Сиз буга да сарсанаа болуп, ичкениңиз ирим, жегениңиз желим болуп жүрөсүз, Ооган эне. Мындай оор кайгыны сизден бөлөк эч ким көтөрө албаса керек.

Тогуз ай курсагыңызда, тушоосу кесилгенге чейин сүт жыттанган көкүрөгүңүзгө басып бапестеген уулдарыңыз бул азаптарыңыз аз келгенсип, жакындан бери сиздин эркиндигиңизди чектей турган татаал эрежени киргизгилери келип турат деген кабар дүйнөгө тарады. Төбөңүздөн бутуңуздун учуна чейин чүмкөнбөй жүрүүгө, жакын адамсыз көчө-көйгө чыгууга тыюу салууга ниеттенип жатышканы заманаңызды ого бетер тарытканын дүйнөлүк коомчулук ар кандай маалымат булактарынан көрүп, көз салып турат.

Жакында бийликке келген уулдарыңыздын мындай кадамдарын тыштан туруп алып сындоо же айыптоо өлкөңүздүн ички иштерине кийлигишүү катары кабыл алынып каларын түшүнөсүз, Ооган эне. Айласыздан кырк жылдан бери шору кайнаган карапайым элге адилеттик менен кызмат кылуусун, өлкөңүздү ар тараптан өнүктүрүшүн Кудайдан тилейсиз. Ошондой болсо да бир маанилүү нерсени калыстык менен баса белгилеп коюуга туура келип калды.

Аял – бул эне, үй-бүлөлүк турмуштун да, коомдук турмуштун да бир жак канаты. Муну Алланын ар бир пендеси билет. Бул асылзат эне болуу менен бирге өлкөнүн өркүндөшүнө бараандуу салым кошо турган жигердүү инсан да болуп саналарын эч ким танбайт. Ошондой асылзаттын эркиндигин жана укуктарын чектеп коюу мамлекетке эң оболу экономикалык жактан өтө чоң зыян алып келерин бийликке келген уулдарыңыз астейдил ойлоп көрөт болуш керек.

Аял менен эркекке тең укук берилген өлкөлөрдөн кандай гана атактуу жана абройлуу аял инсандар – окумуштуулар, баатырлар, чыгаан калемгерлер, спорт чемпиондору, өлкө башчылары, учкучтар ж.б. өсүп чыккан. Ислам мамлекети саналган Пакистандан премьер-министрликке чейин жеткен Беназир Бхутто, Англиядан Маргарет Тетчер, Индиядан Индира Ганди, Германиядан Ангела Меркел, Орусиядан биринчи космонавт аял Валентика Терешкова, Кыргызстандан тарыхый элбашчы Курманжан датка сыяктуу асылзаттар жылдыз болуп жанышканын билсеңиз керек, Ооган эне. Алардын кимисинин кайсыл коомго, кайсыл динге зыяны тийген?

Катары миңдеп саналган мындай аялдар дүйнөлүк коомчулукту сыймыктандырган жана суктандырган опол тоодой кызмат өтөп, ысымдары адамзат тарыхынын барактарына өчпөс тамгалар менен жазылып келүүдө. Атаганат, ушундай атактуу асылзаттар сиз асырап караган ооган аялдардын арасынан да өсүп чыгарына эч ким күмөн санабай, өнүгүүнүн ушундай булагынын көзүн бүтөп коюу кандай гана мамлекетте болбосун зыяндан башканы алып келбей турганы талашсыз.

Пайгамбарыбыз Мухаммад Алайхис Салам "Бейиш – энелердин таман астында" деп, сиздин улуулугуңуз менен сулуулугуңузду, кадыр-баркыңызды асманга чыгарып алкаганын жакшы билесиз, Ооган эне. Пайгамбарыбыз аялдарга карата ушундай ызат-урматты осуят кылса, анда эмне үчүн ак сүтүңүздү берип өстүргөн балдарыңыз сиздин эркиндигиңизди чектегиси келип жатат? Энелерге, дегеле аялзатына ушундай мамиле жасала турган болсо, аны кандай кабылдаса болот?

Аялдардын эркин чектеп, ээн-эркин бастырбай коюу шариятка туура келе турган туура кадам болсо, анда ыйык исламдын бир бутагы саналган Иран Ислам мамлекети ушул жол менен кетмек башынан эле. Жок, Иран бул жолду тандаган эмес. Анткени бул жол өнүгүүнүн эмес, тескерисинче артка кетүүнүн жолу экенин башынан эле баамдаган. Исламдын да, замандын да талаптарын айкалыштыруу аркылуу өлкөнү ар тараптан дүркүрөтүп өнүктүрбөдүбү! Мына ошол өнүгүүгө айрыкча мусулман аялдар чоң салым кошушкан жана азыр деле кошуп жатышат. Көптөгөн жылдардан бери башынан оор күндөрдү өткөрүп келаткан Ооганстан ушул сыяктуу прогрессивдүү жолду тандоого неге болбосун деген арман ар бир
энени терең ойго батырып келаткан болуш керек.

Согушчандык жааттан дүйнөгө таанылган уулдарыңыз Бурханиддин Раббани менен Ахмад Шах ондогон жылдар илгери тынчтыкты орнотууга тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлгөн учурда мунаса кыла албай тиреше беришкени ооган элинин эркиндигине да, өлкөңүздүн келечегине да аябагандай залал келтирип, тарыхый ката кетиришкенинин азабын бүгүн да тартып отурасыздар, Ооган эне. Ошол ырксыздын ооган жеринде катылып жаткан кен байлыктарга сугун арткан тышкы ачкөздөргө майдай эле жакса керек. Айтор, өлкөңүздө "бөлүнгөндү бөрү жей турган" абал ошондо эле түзүлүп калган сезилет.

Ооган эне! Сиздин чыдамыңыз, тагдырдын таштак жолундагы азап-тозокторго багынбай адилеттикти күтүп келатканыңыз – энелик улуулуктун, баатырдыктын нукура үлгүсү. Эгер кырк жылдан бери шорлогон көз жашыңызды чөйчөктөп чогултканда, түбү терең көл болмок. Ичиңизден кан, карегиңизден жаш агызган бузуку балдарыңыз бүгүн ошол көлгө чөгүп кетүүдөн коркуп, өлкөңүз өркүндөө жолуна бурулуп кетет беле…

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG